АДАМДЫН ҮЧ ОРГАНЫ КАЙРА ӨСҮҮГӨ ЖӨНДӨМДҮҮ

Дене мүчөлөрдүн толук болгонунун өзү бакыт. Бирок оорунун же кырсыктын айынан ички бир органы же бир органынын жарымы жок калсачы? Анда адам кадимкидей жашай алабы? Залалдары жокпу? Мына ушул маселени изилдеп көрдүк.

Алгач ички органдар боюнча эң көп операциялар жүргүзүлүүчү М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна баш бактык.

«АЛЫНЫП САЛЫНГАН ӨПКӨНҮН ОРДУНА СУУ ТОЛТУРУП КОЁБУЗ»
Көкүрөк-ич көңдөйлөрү жаракатынын хирургия бөлүмүнүн жетекчиси ТААЛАЙ АКМАТОВ менен кеп курдук:

– Айтсаңыз, бир өпкөсүз организмге кандай коркунуч келиши мүмкүн?
– Соо өпкө алынган өпкөнүн да милдетин аткарып, күч келгендиктен чоңоюп кетиши мүмкүн. Андыктан адам узакка баспай, бийик тоого чыкпай, оор жумуш жасабай соо өпкөсүн аяш керек. Сасык тумоо, бронхит, пневмониядан сактанып жүрүүсү зарыл. 1 жыл мурун караколдук 35 жаштагы жигиттин бир өпкөсү алынган. Азыр оорубай эле жакшынакай жашап жатат.

– Алынган өпкөнүн орду бош жүрө береби?
– Кызыгы, биз бир өпкөнү алгандан кийин көкүрөк көңдөйүндөгү башка органдар, мисалы, жүрөк жылышып кетпеши үчүн алынган өпкөнүн ордуна суу толтуруп коёбуз. Тагыраак айтканда, өпкөнү каптап турган кабыктын ичине 3-4 литр суу куябыз. Убакыттын өтүшү менен ал суу килкилдектей болуп калат да, өмүр өткүчө ошол бойдон жүрө берет. Ал эми өпкөсүнүн жарымы же андан азыраагы алынгандар кадимкидей жашай беришет.

«БООРСУЗ АДАМ ЖАШАЙ АЛБАЙТ»
Өт жолдору жана уйку бези хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси ДЮШЕМБИ СЫРГАЕВ биз билбеген кызыктарды айтып берди:

– Өт баштыкчасы алынганда адам узакка диета кармаары белгилүү. Андыктан көк боор, уйку бези жана боор жок калганда эмне болорун билгибиз келет...
– Уйку бези инсулин гормону менен тамак-ашты сиңирүүгө керектүү ферменттерди бөлүп чыгарат. Андыктан аны алып салсак, кант диабетине чалдыгып, өмүр бою инсулин менен ферменттерди алмаштыруучу дарыларды ичип калат. Ошондуктан биз анын жок дегенде 15-20 пайызын сактоого аракет кылабыз. Уйку бези 1 жылдын ичинде өсүп, калыбына келип калат. Эгер толук чирип калса, айла жок алууга туура келет.

– Көк боору жок калгандагы жашоону айтсаңыз...
– Бизде 6 жылдан бери көк боордун таза 5 пайызы калса да, аны адамдын өзүнүн ич майына ороп туруп, ордуна тигип коюу ыкмасы колдонулат. Көк боор 1 жылдай убакытта өсүп, толук иштей баштайт. Бул орган кандын алмашып турушуна жооп берет жана иммунитетке да тиешеси бар. Ушул себептүү толук алып салганда жугуштуу ооруларга чалдыга берүү коркунучу бар. Андыктан адам өзүн абдан жакшы карашы кажет.

– Эми боор тууралуу сүйлөшөлү...
– Боордун 30 пайызы таза, аман болсо адам жашап кетет. Кескелдириктин куйругун кесип койсо кайра өсүп калат го, ошол сыңары уйку бези, көк боорго кошулуп боор да өсүп, өзү калыбына келе алат. Боорду толук алып салганда адам өлүп калат. Бул органынын канча бир пайызынан айрылгандар 5-6 ай тамакты мүнөздөп ичет. 1-2 жыл оор жумуш кылбайт. Эгер адам өзүн карабаса, боорго күч келип, циррозго, гепатитке чалдыгуу коркунучу бар.

«БООРУМДУН 70 ПАЙЫЗГА ЖАКЫНЫ АЛЫНДЫ»
АЙБЕК РЫСМЕНДИЕВ, 25 жашта, Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунан:
– Бир жыл мурун Көлдүн Сырт жайлоосунда болгом. Келгенден көп өтпөй боорум ооруй баштады. Бирок врачтарга барбадым. Акыры катуу ооруп келдим эле, доктурлар альвеококкоз (курт оорусу) деген диагноз коюшуп, боорумдун 70 пайызга жакынын кесип салышты. Боор өсөт дегенге ишенип, капаланбай отурам.

«СОО БӨЙРӨК ЧОҢОЮП КЕТЕТ»
Улуттук госпиталдын алдындагы №3-заара таштар бөлүмүнүн астанасын аттап, жетекчиси ЖУМАН МЫРЗАЛИЕВ менен кеп учугун уладык:

– Бир бөйрөксүз жашоонун күнгөй-тескейин айтсаңыз...
– Албетте, бир бөйрөк алынганда берки бөйрөк анын да милдетин аткарат. Ошондуктан чоңоюп кетет. Операциядан кийин жарым жыл жеңил тамактанып, ичимдикти биротоло таштоого туура келет. Соо бөйрөктү аяп аяр мамиле жасабаса, ал да илдетке чалдыгып, адам таптакыр бөйрөксүз калуусу мүмкүн.

«15 ЖЫЛДАН БЕРИ БИР БӨЙРӨК МЕНЕН ЖАШАЙМ»
ДИЛОРАМ ТУРГУНБАЕВА, 52 жашта, Бишкектин Ак-Өргөө конушунун жашоочусу:
– Сол бөйрөгүмдө жыбыраган майда таштар бар болчу. 15 жыл мурун ошол бөйрөгүм сезгенип, ириңдеп кеткенде аны алып салышкан. Ошондон бери оор жумуш кылсам ооруп калам. Негизи ооруганда эле көрүнүп, дарыланып, бир органыңды алып салганга жеткирбеш керек экен.

 

 


«АШКАЗАНСЫЗ АДАМ 20-30 ЖЫЛ ЖАШАЙ АЛАТ»
Ашказан жана он эки эли ичеги хирургия бөлүмүнүн жетекчиси ЭРНИС АЛЫБАЕВ менен да маектештик:

– Ашказансыз адам жашай алабы?
– Жашай алат, 20-30 жылга чейин. Ашказан алынганда кызыл өңгөчтүн башы түз ичегиге туташтырылат. Операциядан кийинки алгачкы бир канча айда тамак-аш жакшы сиңбей, адам алсыз тартат. Көбү өмүр бою оор жумушка жарабай калат. Кээде диагнозго жараша ашказандын жарымы же төрттөн үч бөлүгү алынган учурлар болот. Операция болгондордун баары узакка дарыланып, 6-7 ай тамакты мүнөздөп ичишет.

– Жоон ичегиси жок адамдын абалы кандай болушу мүмкүн?
– Кээде дарттын айынан жоон ичегини толук же жарымын, кээде 80 сантиметрдейин кесүүгө туура келет. Толук же жарымы кесилип салынса, тамак-аш жакшы сиңбейт, анемия келип чыгышы мүмкүн. Кээ бирлерде ич өтүү катталат. Ошондуктан операциядан кийин калыпка келүү үчүн дары-дармектер ичилет.

– Ичке ичегисиз кандай күн көрүүгө болот?
– Ичке ичеги 4 метрдей келет. Ракта, ичегинин кескин бүтөлүшүндө бул ичегинин жарымы же 90 пайызы алынып калышы ыктымал. Адам арыктайт, алсыз тартат, ичи бат-баттан көбөт, анемия келип чыгат. Андыктан бир топ ай дарыланат.

«ЖООН ИЧЕГИМДИН 80 ПАЙЫЗЫ, АШКАЗАНЫМДЫН ЖАРЫМЫ КЕСИЛДИ»
ГҮЛСАНА ӨМҮРБЕКОВА, 50 жашта, Бишкектин тургуну:
– 27 жылдан бери өнөкөт ич катуудан жабыр тартып келгем. Акыры ичкен тамак-ашым сыртка чыкпай, катуу кыйналдым. Текшерилгенимде жоон ичегимдин дээрлик иштебей калгандыгы аныкталды. Операцияда 80 пайызы кесилип салынды. Мындан тышкары ашказанымдын жарымын алып салышты. Азыр абалым жакшы.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (36)
Mambo87kg
2014-03-05 20:35:57
Орууну дарылагандан коро анын алдын алган жакшы
0
balykchy2012
2014-03-05 21:03:01
Аллах баарыбызга бекем ден соолук берсин.Дарттарыбызга шыпаа берсин!
0
casio-ctk
2014-03-06 02:56:45
денсоолук омур булагы,андыктан баарына чын денсоолук каалайм и суперчилерге.
0
mixi_94
2014-03-06 16:01:34
Англичандар ооруну алдын алыш учун врачка барышат экен. А орустар ооруп жатабыз деп, кыргыздар олгоно калдым деп барышат дегендей болбой,дайыма ден соолугубузга кам коруп журсок баары жайында болот, албетте кудайым буюрса
0
general2030
2014-03-06 18:09:04
Кыргыз элим эч орубай, кен пейилдуу болуп, биримдуу болсок, ич тардык кылбай, куноого батпай, адал жашасак, Аллах насип этсе орубай бакубат жашоодо жашайбыз туугандар кыргыз элим аман бололу
0
Aidana91
2014-03-06 22:08:24
Кандай оору болбосун диета сакташ керек экен.
0
shkolad87
2014-03-07 16:15:13
баарыбыз денсоолукта бололу
0
Nurik_9597
2014-03-08 01:29:05
Оорудан кудай озу сактасын.
0
gulira-f
2014-03-08 16:40:04
Ден-соолукту, баарыбызга АЛЛАХЫМ ыроолосун!!!
0
kizburak.81
2014-03-09 01:48:47
Саламатсыздарбы супер-инфонун жамааты сиздерден сураныч боорум ооруп жаты эле кимден кенеш сурасам болот?
0
asdf
2014-03-09 11:00:24
Рахмат жакшы маалымат экен.
0
kalbek87
2014-03-09 14:28:56
кудай сактасын
0
vrach
2014-03-09 16:14:20
боору орууган адамдар 1-ден поликлиникага барыш керек! андан кийин гепатологго баргыла
0
vrach
2014-03-09 16:16:16
медицина ото начар
+1
kizburak.81
2014-03-09 22:16:57
vrach сизге рахмат
0
№ 591, 28-февраль-06-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан