WHATSAPP

ВОТСАПП ДЕГЕН ЭМНЕ?
Вотсапп (WhatsApp) билдирүүлөрдү алмашуу үчүн түзүлгөн программа. Android, BlackBerry OS, iOS, Series 40, Symbian (S60) жана Windows Phone платформасында иштеген акылдуу телефондорго жүктөп алууга болот. Ал эми жөнөкөй телефондор менен компьютерлерде бул программа иштебейт. Вотсапп аркылуу текст түрүндөгү билдирүүлөрдү, сүрөттөрдү, видео жана аудио жөнөтүүгө жана алууга мүмкүн. Чатты колдонууда атайын топ ачып, анда 50 адам бир учурда баарлаша алат. Ошондой эле билдирүү жазып, көп убакыт коротуунун ордуна добушуңузду жаздырып жөнөтүү менен убакытты үнөмдөөгө да шарт түзөт. Программанын аталышы англисче What's Up? (Иштер кандай?) деген сөздөрдүн айкалышынан алынган.

ЖҮКТӨП АЛУУ ОҢОЙ
Вотсапптын кызматын пайдалануу үчүн жөнөтүүчүнүн жана алуучунун телефонунда орнотуу зарыл. Аны телефондогу интернет дүкөндөрдөн бекер жүктөп алууга болот. Бирок «Apple» компаниясынын операциондук системинде иштеген телефон ээлери интернет дүкөндөн сатып алуулары зарыл.

КЫЗМАТТЫ ПАЙДАЛАНУУ БЕКЕР ДЕШЕТ, БИРОК...
Программаны көчүрүп алуу акысыз жана кызматты колдонуу 1 жылга чейин бекер. Ал эми андан кийинки жылдары гана жылына бир ирет 99 цент же болбосо 50 сомдун тегерегиндеги акча төлөп туруусу керек. Бирок бул программа интернет аркылуу иштегендиктен, уюлдук операторлор койгон интернет-тарифке ылайык тыйындарын алып турушат. Ит да бекер үрбөй калган азыркы заманда кызматты пайдаланган адам капчыгын жукартууга мажбур.

ПРОГРАММАНЫН ТҮЗҮҮЧҮЛӨРҮ ТУУРАЛУУ
Аталган программаны 2009-жылы америкалык Брайан Эктон жана АКШга көчүп кеткен украиналык Ян Кум түзгөн. Алар өз алдынча компания түзгөнгө чейин «Yahoo!» интернет корпорациясында 20 жыл эмгектенишкен.

УЮЛДУК ОПЕРАТОРЛОРДУН ПАЙДАСЫ АЗАЮУДА
Вотсапптын жардамы менен 2012-жылы апрелде күнүнө 2 миллиард билдирүү жөнөтүлгөн болсо, жаңырган жылы 32 миллиардга жеткен. Ал эми колдонуучулардын саны 2012-жылы айына 100 миллионду түзсө, үстүбүздөгү жылдын февралында 450 миллион кишиге чейин өскөн. Серепчилердин айтымында, программа кулачын кенен жайган сайын, дүйнөдөгү уюлдук операторлордун СМСтен түшкөн пайдасынын суммасы жылына 10 миллиарддаган долларга чейин кыскарууда.


 

ВОТСАППТЫ FACEBOOK САТЫП АЛДЫ
Кечээ жакында дүйнөгө белгилүү Facebook социалдык түйүнүнүн жетекчилиги вотсаппты жалпысынан 19 миллиард долларга сатып алганын билдирди. Бул эбегейсиз каражат Кыргызстандын учурдагы бир жылдык бюджетинен (2 миллиард доллардын тегереги) 10 эсеге көптүк кылат. Facebook`тун негиздөөчүсү Марк Цукерберг мессенджерди сатып алуунун негизги себебин «социалдык түйүндүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана пайдалуулугун арттырууга болгон максат» деп түшүндүргөн. Жогорудагы каражаттын 4 миллиард доллары накталай акча түрүндө берилсе, ал эми 15 миллиарды баалуу кагаздар түрүндө сатылары айтылган.

КЫЗЫКТУУ...

  • Вотсапптын негиздөөчүлөрү жарнаманы, компьютердик оюндарды жек көрөт. Ошондуктан бир дагы жарнаманы вотсаппка жайгаштырууга уруксат берген эмес.
  • Программанын ишин жүргүзүү үчүн болгону 32 инженер иштейт.
  • Вотсапп долбоорун өнүктүрүүгө тартылган суммасы 58, 25 миллион долларды түзөт (2009-жылы 250 миң доллар, 2011-жылы 8 миллион доллар жана 2013-жылы 50 миллион доллар).

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (72)
sesh_elya
2014-03-04 13:02:59
What's app жакшы бирок батареяны ыйлатат да ))) vibеr'ди sуmbiаnдын кеебирлери которо албайт а andrоid'дин баары которо алат. Кыскасы уюлдук телефондун кучуно жараша
0
beeline-1993
2014-03-04 15:59:52
what's app, viber, line, mailagent, wechat, кайсынысы жакшы? Мекендештер кайсынысында копсунор, ошого мен да кошулайын?
0
Destro
2014-03-04 21:52:22
мунун чыкканына канча болду угуп атасынарбы супер инфо...
-2
admin_media
2014-03-05 10:14:55
Destro,
Саламатсызбы! Жогоруда жазылып турат.
0
asko.
2014-03-04 22:16:58
Play market
0
Nakush
2014-03-05 17:04:51
эн сонун экен ватсап.
0
casio-ctk
2014-03-06 02:34:21
кампютерде иштебейт деп жазылыптыр а мен кампютер мн эле иштетемго,баарысы жакшы иштейт.
0
gul-bibi9109
2014-03-06 03:46:10
Мен бугун очуруп салдым,а то жумуштан чалат албай койсон балчайтып what'sappтан жазышат.)))
0
Asel.Yrysbekova
2014-03-06 22:09:18
жакшы маалымат экен бирок бул программа компьютерлерге дагы болот,вайбер дагы компьютерге болот булардын мооноту озу 1 жыл андан кийин сатып аласа же болбосо жаны кочуруп алса болот
0
Adilet2014
2014-03-07 18:00:45
менин контагымдагы адамдардын эч кими. Vibeгде жок экен
0
Aisanat
2014-03-07 18:56:13
Men dele viber shakshy eken dep kosho ketejinchi. Surot video tel.she kompton alyp she srasu ele surot video tartyp shonotson oshol samaz ele shetet eken. AUDIO soobshenije kylsan da bolot eken. Baarynan da kolgo surot tartyp turup shi erhen shakty maga.
0
casio-ctk
2014-03-10 01:38:18
Вибер тууралууда жазсанар,балким копчулукко пайдалуу болот.
0
Sonun90
2014-03-24 13:12:29
Wechat программасына окшошуп кетет экен. Тамга терип суйлошсон да болот и жон эле суйлоп кое берсен суйлогонун суйлогон боюнча барат да
0
Мэри
2014-04-12 20:32:50
"УЮЛДУК ОПЕРАТОРЛОРДУН ПАЙДАСЫ АЗАЮУДА"...
Ошондо уюлдук операторлор пайдасыз, кереги жок болуп калат бекен???
"Кирешеси" десеңер болмок, "пайдасы азаюуда" дегенде башкача түшүнүк болуп калат экен...
0
biyke-2013
2014-04-21 12:10:19
Мага ват сап жакты анткени кайсы убакта болсо да смс жиберсен барат .жетпей калдыбы деп ойлонуп отурбайсын.
0
Oceana
2015-01-11 17:44:58
Кайдагы 99цент жейт,ото эле к0п жейтко.
0
№ 591, 28-февраль-06-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан