СОЧИ-2014. ЖЫЙЫНТЫК

23-февралда Сочи шаарындагы 22-кышкы Олимпиада оюндары расмий түрдө жабылды. Жеңиштин таттуу даамы жана жеңилүү ызалары. Бизди кубанткан, таң калтырган жана күтүлбөгөн жыйынтыктар. Сиздердин назарыңыздарда бул оюндардын эсте калчу урунттуу учурлары.

КУБАНЫЧЫ
Сочи оюндарынын уюштуруучулары азамат!

Оюндар болуп көрбөгөндөй кызыктуу өтүп, 2 жумадан ашуун убакыт спорт майрамын тартуулады. Уюштуруу жагы абдан жогорку деңгээлде болуп, мелдештер өз убагында, кемчиликсиз өтүп жатты. Бардык спортчулардын, күйөрмандардын купулуна толуп, азыркыга чейин уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришүүдө.
Хоккей боюнча Канада курама командасы
Эң мыкты оюнчулар, эң мыкты машыктыруучу, эң мыкты оюн көргөзгөн команда эч талашсыз хоккей боюнча Канада курама командасы болду. Алар мыкты оюн көрсөтүшүп, Олимпиада оюндарында 9-жолу чемпион аталышты.

КҮЙҮНҮЧҮ
Шон Уайт
Америкалык легендарлуу сноубордчу, экстрим-райдерчи жана 2 жолку Олимпиада чемпиону Шон Уайт «Сочи-2014» оюндарында бир да орунга илинген жок. Ал слоупстайл түрүнө да катышуудан баш тартып, күйөрмандарын капалантып койду.

Хоккей боюнча Орусия курама командасы
Үй ээлери башка спорт түрлөрүнөн бир да алтын медаль албай калган күндө да, хоккейден 1-орунду камсыз кылышса күйөрмандар бардыгын кечиришет эле. Бирок Билялетдинов баш болгон Орусиянын курама командасы чейрек финалда финндерге 1:3 эсебинде уттуруп жиберишип, жеңилүүнүн ызасын тартып жаткан чагы.

ЭРДИГИ
Юстина Ковальчик
Польшалык лыжа жарышчы айым Юстина Ковальчик бул оюндарда таманы сынган абалда жарыштарга катышып, 2 алтын медаль тагынганга жетишти. Соо туруп ута албаган атаандаштары Юстинанын мындай эрдигине таң калып бүтө албай жатышат.
Ал 10 чакырымга классикалык жана эркин жарыштарында чемпион болду.

КЫРСЫКТАРЫ
Дмитрий Трелевский
Кыргызстандын атынан аттанган жалгыз спортчубуз машыгуу маалында тизесинен оор жаракат алып, тоо-лыжа спортунда өнөрүн көрсөтө алган жок. Анын ордуна өлкөбүздүн атынан Евгений Тимофеев катышып, 43-орунду ээледи.

Мария Комиссарова
Орусиялык спортчу айым машыгуу учурунда кулап кетип, омурткасын кокустатып алды. Лыжанын фристайл түрүндө катышкан Мария Германияда дарыланууда.

СЫЙМЫГЫ
Кыргыз дизайнерлери тиккен кийимдер
Орусиялык муз үстүндө бийлөө боюнча жуптар арасындагы күмүш медалчылар Ксения Столбова жана Фёдор Климовдун аткаруу учурунда кийген кийимдерин кыргыз дизайнерлери эскизин белекке беришкен.
«Биз Орусиянын Көркөм муз федерациясы менен көптөн бери кызматташып келебиз. 2011-жылы да Фёдор менен Ксенияга өлкө жана Европа чемпиондугунда кийген кийимдердин эскизин белек катары тартуулаган элек. Бул Олимпиада оюндарындагы жуптар арасындагы жеке аткаруусуна кийип чыккан кийимдери да биздин эскиздер. Мындай чоң жеңишке салымыбызды кошконубузга сыймыктанабыз»,- деп билдирет «Дилбар» мода үйүнүн негиздөөчүсү жана директору Дилбар Ашимбаева.

ЛЕГИОНЕРЛЕРИ
Виктор, демек, жеңүүчү!
Корей улутундагы орусиялык коньки жарышчысы Виктор Ан 3 алтын, 1 коло медаль алып, «Сочи-2014» оюндарынын эң байгелүү спортчусу болууга жетишти. Ал 500 метр, 1000 метр, эстафетада алтын, жана 1500 метрге жарышууда коло медаль утту.
Дагы бир Виктор Уайлд аттуу түбү америкалык, Орусиянын атынан катышкан сноубордчу 2 алтын медалды илип кетти.

 

КҮЛКҮЛҮҮСҮ
Уктап калган Дмитрий Медведев
Оюндардын ачылуу аземинде Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин көзү илинип кетти. Премьер-министрге Олимпиада кызык эмеспи же катуу чаалыгып калганбы, айтор, бул окуя интернет баракчаларында аябагандай көп талкууларды жаратты. Ал эми өзү «ой, мен уктаган эмесмин» деп актанып жар салганы менен, уктап жаткан сүрөтү жайылып кеткен.

ОРЧУНДУУСУ
Ачылбай калган шакекче
Олимпиада оюндарынын ачылуу аземиндеги бул оюндардын символу болгон 5 шакекченин бири ачылбай калып, дүйнө жүзүнө шерменде болуп кала жаздады. Уюштуруучулардын ою боюнча, кар бүртүктөр 5 шакекчеге айланмак, бирок техника керектүү учурда иштебей калып, символ толук болбой калган. Бул мүчүлүштүк телекөрүүчүлөргө бир канча секунд гана байкалса да, жагымсыз так калтырбай койгон жок.

КОШТОШУУСУ
Уле-Эйнар Бьёрндален
Биатлон падышасы аталган норвегиялык 40 жаштагы спортчу өзүнүн акыркы катышкан Олимпиадасында 2 алтын медаль тагынып, Олимпиада оюндарынын эң байгелүү спортчусу (8 алтын, 4 күмүш, 1 коло) катары тарых бетине жазылды. Сочидеги оюндар бүтөр замат Бьёрндален чоң спорттон кетип, Эл аралык Олимпиада комитетине мүчө болгонун жар салды.

Евгений Плющенко
Муз үстүндө бийлөө боюнча Олимпиада оюндарынын 2 жолку чемпиону (2006, 2014-жылдар), 2 жолку күмүш медалчысы орусиялык Евгений Плющенко алган жаракатынан улам карьерасын жыйынтыктады.
13-февралда муз аянтчасында жекеликте өнөрүн көргөзгөнү чыкмак. Бирок даярдык учурунда далысындагы жаракатын козгоп алгандыгы үчүн оюндарга чыга алган жок жана расмий түрдө карьерасын жыйынтыктаганын билдирди.

ВОЛОНТЁРУ
Миңдин арасында бир кыргыз
Олимпиада оюндарын мыкты өткөрүүгө жардам көрсөтүшкөн миңдеген волонтёрлор болушту. Алардын арасында Москвадагы ЖОЖдордун биринин студенти Айжан Ибраимова аттуу кыргыз кызыбыз да жүрдү. Ал бир канча сынактан өтүп, Сочи шаарында волонтёр боло алган.

КОШ, СОЧИ! САЛАМ, ПХЁНЧХАН!
Сочи шаары өз миссиясын аткарып, Олимпиада отун расмий түрдө 23-кышкы Олимпиаданын борбору болгон Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарына өткөрүп берди.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
bek007
2014-03-03 11:43:02
"Күйүнүчү" деген сөз бар беле?
0
admin_media
2014-03-03 12:39:44
bek007,
Ооба, бар.
Күйүнүч - огорчение.
0
infiniti
2014-03-03 17:35:43
Бизде да болот бекен э?
0
maliw
2014-03-03 20:15:07
Warikchelerdin kuiboi kalgani al gen. Repeticiada kuiboi, achiliwinda kuigon!
0
Barpy11
2014-03-08 22:39:36
бизде 500 жылдан кийин болсо керек
0
Aku1977
2014-03-10 22:38:34
куйунучу эмес окунучтуусу десе туура болот го силер кандай дейсинер?
0
№ 591, 28-февраль-06-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан