«Өнүгүү» фонду:БАЛДАР – КЕЛЕЧЕККЕ ЭҢ МЫКТЫ ИНВЕСТИЦИЯ

«Өнүгүү» коомдук фондунун түзүлгөнүнө жарым жылдан аз убакыт өтсө да, учурда ал өз ишмердүүлүгү, жаш муундарга болгон камкордугу менен белгилүү боло баштаган маалы. Фонддун негизги максаты – маданият жана искусствонун жаш ишмерлерине, жаш окумуштууларга жана педагогдорго колдоо көрсөтүү, жаш муундарга үлгү болуп, позитивдүү өнүгүү жолун көрсөтүү. Ошондой эле фонддун ишмердүүлүгүнүн дагы бир багыты – балдардын сапаттуу билим алуусу, алардын чеберчилигин өркүндөтүү болуп эсептелет. Алдыга коюлган ушул максаттарды ишке ашыруу үчүн «Өнүгүү» коомдук фондусу өз долбоорлорун жүзөгө ашыра баштап, азыр да жаңыларын ишке киргизүүнүн алдында турат.
Жакында эле, 22-февраль күнү «Сейтек» республикалык балдар борборунда «Өнүгүү» коомдук фондунун жардамы менен «Чолпон» элдик бий тобунун концерти болуп өттү. Иш-чара Кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жылына арналып, «Балажан» республикалык окуу-усулдук-эстетикалык тарбия борбору тарабынан уюштурулган.
Концертке бала бакча курагынан тартып, жогорку класстын мектеп окуучулары катышышты. Залдагы жүздөгөн көрүүчүлөр жаш балдардын чын жүрөктөн аракеттенип көрсөткөн бий чеберчилигине суктанып, ысык дем берип, терең толкундоо менен кол чаап отурушту. Көрүүчүлөрдүн айрымдары сахнадагы кичине балдардын чеберчилигинен улам жүрөктөрү мээримге толуп, көздөрүнөн жаш акканы байкалып турду.
«Өнүгүү» коомдук фондунун негиздөөчүсү, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаевдин баамында, келечек муундарга азыртадан камкордук көрүлүп, жаш балдардын ар тараптуу өнүккөн инсан болушуна шарт түзүп берүү зарыл.
«Учурда Кыргызстандын 5 жарым миллиондон ашуун эли болсо, анын 2 миллиондон ашууну 18 жашка чейинки балдар жана кыздар. Биздин өлкөбүздүн келечеги кең. Биз балдарыбызга кандай камкордук көрсөк, өлкөбүздүн келечеги ошого байланыштуу болот»,- деп эсептейт Бакыт Төрөбаев.
«Мен кесибим боюнча экономист-өндүрүшчү болгондуктан айтар элем, балдар – келечекке болгон эң мыкты инвестиция. Бүгүн бөбөктөрүбүз жаңы ачылган гүлдөй болуп жадырап-жайнап турса, эртең алар аттуу-баштуу инсан болуп, Кыргызстан мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө өз салымын салган, сыймыктанууга татыктуу атуулдардан болорунда шек жок»,- деп корутундулады Бакыт Төрөбаев.
Ошондой эле 22-февраль күнү Чүй облусундагы «дунгандардын ордосу» аталган Александровка айылында кыргыз тилин окутуу курстарынын биринчи бүтүрүүчүлөрүн куттуктоо аземи болуп өттү. Аталган окуу курстары «Өнүгүү» коомдук фонду тарабынан негизделген.
«Айылыбыздын көпчүлүгүн дунган улутундагылар түзөт, тургундардын 90 пайызы кыргыз тилин билишпейт же начар сүйлөшөт. Биздин жана балдарыбыздын бакубат келечеги үчүн мамлекеттик тилди билүү – зарыл иш»,- дейт Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Шамиль Сушанло.
Александровка айылындагы кыргыз тилин окутуу курстары: баштапкы жана улантуучу болуп эки топтон турат. Алар бери жагы дегенде 40 адамды камтыйт. «Өнүгүү» коомдук фондунан билдиришкендей, алдыда дагы ушул сымал курстарды Токмок шаарында жана Милянфан айылында уюштуруу максаттары бар.
«Өнүгүү» фонду өз аракеттерин жаш студенттерге да көрсөткөн камкордугу менен улайт. Ага кошулган салым аз эмес. «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын программалык негизги максаттарынын ичинде келечек муундар дени сак, билимдүү жана көп тил билген, ар тараптуу өнүккөн жаштардан болуусун көздөйт.
2013-жылы дээрлик негизделери менен ноябрь айында фонд тарабынан «Кыргызстан тарыхы сүрөттөрдө» аттуу сынак уюштурулуп, бир айдан соң жыйынтыгы чыгарылган. Ага Бишкектеги жогорку жана орто окуу жайларынын жана Чуйков атындагы көркөм-сүрөт окуу жайынын студенттери катышышкан. Сынактын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөрдүн эмгектеринин жыйындысы түстүү журнал кылып чыгарылды. Журнал бетинде Кыргызстандын маданий жана улуттук каада-салттарын кастарлап сактоо жана даңктоо максаты каралган. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар ыйгарылган.
Дагы айта кетчү нерсе, «Өнүгүү» фонду түзүлөрү менен эле бир катар маанилүү, интерактивдүү семинарларды жаштар, студенттер үчүн уюштуруп, аларды ийгиликтүү өткөрүүгө үлгүргөн.
Мисалы, фонддун билим берүү долбоорунун алкагында Бишкек шаарында «Кантип лидер болуу керек?», «Оратордук чеберчилик», «Бизнести кантип баштоо керек?» деген темаларда интерактивдүү семинарлар өткөрүлгөн. Аларга 300дөн ашуун жаштар катышкан. Семинарлардан билим алган атуулдар фонддун уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирип келишүүдө.
«Өнүгүү» фонду жаштар арасында, алардын социалдык активдүүлүгүн арттыруу, жаштардын ар тараптуу мыкты жетилүүсүн камсыз кылуу максатында кийинки жылдары да бир катар долбоорлорду ишке ашырууну пландоодо.
«Өлкөбүз акыркы жылдары өз тарыхындагы татаал мезгилди кечирүүдө. Ошондуктан биз, келечек муундар, кандай тарбия көрүп жетилерин, жаштар кандай адамдарга айланарын бүгүнтөн баштап ойлонушубуз керек. Улуулар кичүүлөр үчүн өз камкордугун, жардамын аябашы керек. Анткени классикалык жазуучунун сөзү менен айтканда, эртеңки күн бүгүн башталууда»,- деп эсептейт «Өнүгүү» фондунун негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев.

Айзатбек Асанкул уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
advert
2014-03-03 11:03:25
Иштериниздерге ийгилик!
0
№ 591, 28-февраль-06-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан