ОШ ШААРЫНДА КЫРГЫЗ КИНОСУ ЖАНДАНУУДА

Ош шаарында кинотеатрлар иштебей, эл кино көрүүнү унута баштаган болчу. Акыркы мезгилде кино тармагын терең түшүнгөн инсандар тарабынан аздыр-көптүр ийгиликтер жарала баштады. Атап айтканда, Оштогу «Семетей» кинотеатрынын директору Дамир Нарматовдун мыкты уюштуруучулук эмгегинин натыйжасында кино сүйүүчүлөр үчүн алгылыктуу демилгелер ишке ашууда. Өлкөдө чыккан эң жаңы тасмаларды «Семетей» жана «Ак-Буура» кинотеатрлары аркылуу Ош шаарынын көрүүчүлөрүнө тартуулап, коомчулуктун кино көрүү жана эс алуу маданиятын жогорулатууга салым кошуп келет. Жаңы саамалыктын баштоочусу катары Дамир Нарматов ушул багыттагы ойлору менен бөлүштү.

«8 АЙДА «МЫКТЫ КИНОТЕАТР» НААМЫН АЛДЫК»
– Кыргыз киносун Ош шаарынын калкына көргөзүүнү ар дайым максат кылып келгем. Бул тилегимди 2008-жылдан тартып ишке ашыра баштадым. Биринчи болуп Ош филармониясынын кичи залында кино көрсөтүүнү уюштурдум. Кийин «Ак-Буура» кинотеатрын ачып, заманбап шарттары бар кинозал элге кызмат көрсөтө баштады. Ачыгын айтсам, пайда көрүү негизги максатым эмес эле. Негизги максатым, кыргыз киносун өнүктүрүүгө салым кошуп, Оштун калкына кыргыз кинолорун сапаттуу деңгээлде көрсөтүү болгон. Бир топ чыгым тартканыма карабай, эл келеби-келбейби, бирок кино коюуну токтотподум. Алгач кинотеатр ачканда бир тыйын акчасы жок иш баштагам. Иштин оор болгонун айтпай эле коёюн. «Иш мени гүлдөтпөйт, мен ишти гүлдөтүшүм керек» деген принцип менен максатымдан кайтпай ишти уланта бердим.
Көп өтпөй кинематография кызматкерлери «Ак-Буура» кинотеатры ачылып, элди кино жагынан тейлеп жатканын угушуптур. Бир топ иш алып барганымдан кийин маданият тармагында жасаган иштерим эске алынды окшойт, мага «Семетей» кинотеатрынын директорлук кызматын сунушташты. Макул болуп, күнү-түнү тыным албай иштедим. Жыл жыйынтыгында эмгегим жетекчилик тарабынан жогору бааланып, маданият министри Султан Раев биздин кинотеатрга «Жылдын мыкты кинотеатры» деген наам берди. Ошондой эле Кинематография департаментинин директору Муктаалы Бектеналиев да кино кызматкерлеринин кесиптик күнүндө «Кыргыз киносунун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн» деп Ардак грамота менен сыйлады. Мага бул сыйлыктар чоң стимул жараткандыгын жашыргым келбейт. Учурда «Семетей» жана «Ак-Буура» кинотеатрларында Оштун эли үчүн тынымсыз кино коюлуп жатат.

«АЛГАЧКЫ ТАСМАБЫЗ ИЙГИЛИКТҮҮ БОЛДУ»
– Кино жаатында пайда болгон идеяларымды ишке ашыруу үчүн 2012-жылы «Ак-Буура» киностудиясын уюштурдум. Алгачкы чыгармачылык жолубузду «Атымды башка коёмун» деген комедия менен баштадык. Ошондогу шыктанууну айтпа. Азыр эстесем, канчалык оорчулуктар болгонуна карабай эргүү менен күнү-түнү иштеген экенбиз. Анча-мынча кемчиликтери болбосо, тасма эл тарабынан жылуу кабыл алынды. Жакында экинчи тасмабызды тартканы жатабыз. Бул кинодо ата-эненин, бир туугандардын бири-бирине болгон сүйүүсүн, мээримин чагылдырууга басым жасайбыз. Март айынан баштап кастинг жарыялап, тартуу иштери башталат. Тартылган материалдарды ошол эле күнү монтаждап, оперативдүү иштөөнү пландап жатабыз. Жогорку деңгээлде тартабыз деген ишенимдемин. Анткени аз убакыттын ичинде бир топ тажрыйба топтоого жетиштик. Учурдан пайдаланып мени кино жаатына алып келген устатым, режиссёр Рустам Аташовго жана ар тараптан колдоп-сүрөп келе жаткан Кинематография департаментинин директору Муктаалы Бектеналиевге ыраазычылык билдирем.

Уулбү Каныбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Dodon
2014-03-03 22:56:54
ийгилик каалайбыз
+1
ziya
2014-03-03 22:59:26
molodsy
+1
chingizhan01
2014-03-05 14:34:58
Бул бала калп айтпасам Ошто Кыргызстан кафесинде ырдайт эле, ийгилик азамат.
+1
Januska
2014-03-05 16:20:21
Ийгилик
+1
balshirin
2014-03-05 23:23:03
Акбуура менен Семетейге качан барба кино узулбойт, аябай ынгайлуу,
+1
erkeerke
2014-03-07 21:45:29
супер
+1
№ 591, 28-февраль-06-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан