Көп учурда биз жылдыздарды жасанган, боёнгон абалында көрөбүз. Бул жолу аларды боёксуз көргүбүз келди. Азыркы учурда аялзатынын сулуулугуна ого бетер көрк кошкон көз, кашка жасалуучу татуаж айрым ырчыларда да бар. Алардын катарын ырчы Сайкал садыбакасова, Асел Кадырбекова жана Анжелика да толукташаарын айта кетели. Андыктан атактуу айымдардын заманбап табигый сулуулугуна назар салыңыздар.
АЙПЕРИ СЫДЫКОВА
сулуулугу тууралуу «Жакындарым мени макияжсыз эле жакшы көрүшөт, ошондуктан күнүмдүк турмушта боёнбой эле жүрөм. Жүзүмө деле ашыкча кам көрбөйм, болгону майлуу бет май сүртөм» дейт. Ырчы айым клиптерге тартыларда же эл алдына чыгарда гана сулуулук салондорунун кызматынан пайдаланарын айтты. Бир сулууланышына 3-4 миңден ашык каражат кетирет.
САЙКАЛ САДЫБАКАСОВА
эл алдына ырдап чыгарда же клиптерге тартыларда жасала турган макияждын сапаттуулугуна өзгөчө көңүл бурат. Өзү Кореянын косметика каражаттарын пайдаланат. Бир эле сатып алганына
25 миң сом жумшап жибериши мүмкүн. Күнүмдүк жашоодо анча-мынча жеңил боёнуп жүрөт. «Элге таанымал болгон соң өзүмдү татынакай алып жүргөнгө аракет кылам. Ошондуктан дайыма жанымдан күзгү, помада жана көз боёгучтарым үзүлбөйт»,- дейт Сайкал.
Ырчы АСЕЛ КАДЫРБЕКОВА
«кашыма жана көзүмө жасатылган татуажым табигый көрүнбөйт» дегенине карабай ажарлуу сүрөтүн жигиттердин сыноосуна койдук. «Ар бир кыз аз дегенде күзгүнүн жанында жарым саат өзүнө көңүл буруш керек. Косметикага дегенде каражатымды аябайм»,- деп кошумчалады ырчы.
РОЗА ШАКИРОВА
сахнага чыгарда визажисттин колунан сулууланат. Той-топурларга барганда гана өзү отуруп боёнбосо, көбүнчө боёнбой жүргөнгө аракет кылат. «Айрымдар «боёнбосоң таанылбай калат экенсиң» дешет, а мен өзүм үчүн жашайм да, тынбай жасалган макияж бетке эрте бырыш түшүрөт» дейт ырчы айым. Күнүмдүк жашоодо атайын косметикага көп деле акча коротпойт. Бир жолку салонго кирип чыгышына 1700 сом сарптайт.
АНЖЕЛИКА
айымдын экинчи кесиби визажист, андыктан сулуу болуунун сырларын билет. «Ар бир айым өзүнүн сулуу жерлерин таап, аны даана көрсөтө алса, калган кемчиликтери билинбей калат» дейт ырчы айым. Ал кашына татуаждын жеңил түрүн жасатканын айтат. Демек, муну эсепке албасак, Анжеликанын табигый сулуулугу деле көз жоосун алчудай.
Барчынай Таникулова
star@super.kg