(Башталышы өткөн сандарда)
Эрмекти тынчсыздана карап алган дарыгер суроо узатты.
– Эмне болду, баарын төкпөй-чачпай айтып бере аласыңбы?
– Эч нерсени эстей албай жатам.
Эрмек шалдырай жооп кайтарды.
– Макул анда, бир аз эс ал. Өзүңдү көп кыйнаба, ойлонбо.
Дарыгер дагы бир сыйра текшерип, андан соң ордунан туруп эшикке чыкты. Эрмектин туугандары ооруканага чогулуп, эсине келишин күтүп жатышкан. Эшик ачылар замат жигиттин апасы шаштысы кете дарыгерге суроолорун жаадыра баштады.
– Эсине келдиби?
– Ооба.
– Айланайын, колуңа береке, уулум. Кирүүгө мүмкүнбү?
– Мүмкүн, бирок балаңызга азыр тынчтык керек. Ызы-чуу болбой тезинен бир-бирден кирип чыккыла. Ал укташ керек, мээси катуу чайкалган, нервине доо кеткен. Жамбаш сөөгүнө
операция жасоо зарыл.
– Анан эмне болот, айыгабы?
Эрмектин апасы үмүттүү көздөрү менен дарыгерди жалжылдай тиктеди.
– Буюрса, болгон аракетти жумшайбыз. Бул жерден колубуздан келишинче алгачкы жардам көрсөттүк. Эми бала бир аз эсине келген соң борбордогу ооруканага жаткырыш керек.
Бул жакта медициналык шаймандар жетишсиз...
Дарыгер ийинин куушуруп койду. Эрмектин апасы эмне кыларын билбей бышактап, жүз аарчысын чөнтөгүнөн алып чыкты да, уулу жаткан палатага баш бакты.
ххх
Айдай күндөгүдөй кошумча сабакка келген эле. Эмнегедир Эрмек бүгүн көрүнгөн жок. Айдайдын каректери сүйүктүүсүн издеп жатты. Аңгыча сабак башталып, бардыгы тынчтанып калган болчу. Аз өтпөй эшик ачылып, мектептин тарбия завучу менен Айдайлардын класс жетекчиси кирип келишти. Ордунан жапырт тура калган окуучуларга завуч «отура бергиле» дегендей ишарат кылды. Анан айта турган сөзүнө өттү.
– Балдар, Ашымбеков менен кечээ кечинде кимиңер жолуктуңар эле? Ачыгын айткыла, баары бир билинет. Андан көрө азыр эле көргөн-билгениңерди айтып коюшуңарды суранабыз.
– Эмне болду эле?
– Биз эч нерсе билбейбиз.
– Кечинде мен үйдө эле болгом...
Туш тараптан үндөр угулуп, балдар бири-бирин элеңдей карап, түшүнбөй отуруп калышты.
– Эмне болуп кетти?
– Түндө Ашымбековду бирөөлөр катуу сабап кетишиптир. Ким экенин туугандары таппай жатышат. Бала айтпай жатыптыр.
Жогорудагы сөздөрдү угар замат Айдай селт этип алды. Айласы куруп, эмне кыларын билбей калды. Эрмек аман-эсен болду бекен? Аны ким сабады? Кечээ кечинде жолукканын айтыш керекпи же кереги жокпу? Билинип калсачы? Ушул суроолор жүрөгүн өйүп, көзүнө жаш алып жиберди. Акыры азырынча эч кимге эч нерсе деп айтпай турууну чечти.
Сабак бүтөр замат классташтар чогулуп, Эрмектин ал-абалын сурашканы ооруканага жөнөштү. Аларды коридордон Эрмектин апасы көзүн жашылданта тосуп алды:
– Келгиле, айланайындар! Классташ деген «өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк» болот тура. Досуңар өзүнө келди. Азыр жакшы, бирок эч нерсени эстей албай жатат. Акырын бирден кирип классташыңар менен учурашып чыккыла.
Бардыгы кирип, акыры Айдайга да кезек жетти. Акырын баш багып киргенден кийин Эрмектин шишиген бетин көрүп, жүрөгү оозуна кептеле түштү.
– Ай-ий, кимдер?!
– Билбейм...
Эрмек акырын шыбырады. Айдай сүйүктүүсүн бир топко дейре аянычтуу көздөрү менен карап, турган ордунда катты. Бир аздан соң акырын барып жанына отурду да, Эрмектин
колун кармады. Анан бирөө угуп калбасын дегенсип эки жагын уурдана карап алып сөз баштады:
– Кечээ жакшынакай эле кетпедиң беле? Жолдон бирөөлөр жолуктубу? Кимдер менен мушташтың, эсиңдеби?
– Жок.
Эрмек эч нерсени түшүнбөгөндөй баш чайкады. Анан Айдайга тигилди да, күтүүсүз суроо узатты.
– Сен кимсиң?
– Мен Айдай, тааныган жоксуңбу?!
Айдайдын көздөрү чанагынан чыгып кете жаздап, чочуган үн менен кайра өзүнө суроо узатты.
– Жок...
Эрмек башын чайкады. Айдайды бирөө союл менен башка чапкандай дендароо боло түштү.
– Чын элеби?
Эрмек жооп берүүнүн ордуна аны жаман көзү менен карады. Айдайдын көздөрүнөн жаш куюла сыртка чыкты да, шаабайы сууп үйүнө жөнөдү. Анын эркине койсо ушул айылда бир мүнөт да турбайт болчу, азыр эле адам буту баспаган алыстарга сызып учкусу келди.
ххх
Жайдын ортосу. Автобекеттин маңдайына келип токтогон машинадан Айдай менен Керим түштү. Колдорунда түйүнчөктөрү көп. Керим жалгыз музоолуу уюн сатып, кызын окууга өткөргөнү келген эле. Алар автобуска түшүп, ЦУМдун жанынан тосуп алмакчы болгон атасынын досун көздөй жөнөштү. Айдайга шаардагы бийик-бийик имараттар, кооз көрнөк-жарнактар, кыйма-чийме көчөлөр, саркеч кийинген жаштар, айтор, баары башкача, жомоктогудай сезилди. Сезимдери көккө серпиле айланасына суктанып бүтө албай бара жатты. Айдай үчүн кайгы-капанын бардыгы айылда калгандай туюлду.
Эртеси Керимдин досу университеттердин биринде иштеген таанышына жолуктурду. Ал Айдайды окууга өткөрүү үчүн ачык эле акча сурады.
– Кызыңыздын окуусуна кийин да жардам берип турам. Азыр окууга бардыгы эле ушинтип өтүшөт.
– Канча акча керек?
– Он миң сом. Бюджеттик бөлүмгө өткөрүүгө аракет кылам.
– Сүйлөштүк.
Керим «бюджет» деген сөздү укканда кубанып кетти. Чөнтөгүнөн акчасын алып чыгып санады да, тигинин колуна кармата берди.
Ошентип Айдай Кыргыз улуттук университетинин бюджеттик бөлүмүнө окууга өттү. Шаарда туугандары жок болгондуктан жатаканада жашамакчы болду.
(Уландысы кийинки санда)
Асхат Субанбеков