ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (3-марттан 9-мартка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Иштериңиз илгерилеп ийгилик алып келет. Бирок ошол эле учурда кесиптештериңиз менен тил табышуу кыйынга туруп, жетекчиңиз менен маселе жаралышы ыктымал. Жагдайдан чыгуу үчүн сабырдуу болуңуз. Ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүнүн көңүлүн алыңыз. Антпесе үйдө чыр чыгып кетүү коркунучу бар. Дем алыш күндөрү спорт менен машыгуу жана таза абага чыгуу сунушталат.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Бул апта сизге бир топ татаал кырдаалды жаратышы мүмкүн. Ага карабастан туура чечим кабыл алып, иштерди өз убагында бүтүрүңүз. Көңүлүңүз жайында болбой, жакын адамыңызды таарынтып алышыңыз ыктымал. Жума күнү конокко чакыруу алууңуз күтүлүүдө. Аптанын аягынан тарта жашооңузга олуттуу өзгөрүүлөр кирет.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бул аптада тамак-аш жеп жатканда сак болуңуз. Шейшембиде тагдырдын айрылыш жолуна туш келип, чечүүчү мезгилге дуушар болушуңуз мүмкүн. Бул учурда ички туюмуңузду укканыңыз туура. Жаңы баштаган иштин аягына чыгууга шашылбаңыз, болбосо жыйынтыгы көңүл толорлук болбой калат. Апта соңунда маанайды чөктүрө турган окуяга кабылышыңыз мүмкүн.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Кыялыңыздагы максаттарга жетүүдө бир топ убарачылык күтүлөт. Эгер ийгиликке жетишем десеңиз, анда адаттан тышкаркы кошумча иштерди жасоого муктажсыз. Көздөгөнүңүзгө жетүүгө тырышсаңыз, жемиши сизди көпкө күттүрбөйт. Сүйүктүүңүздүн көңүлүн чөктүргүңүз келбесе, ага жакшы жагын баса белгилеп, комплимент айтууну унутпаңыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Апта ичинде майда, бирок пайдалуу иштерди бүтүрүүгө жетишесиз. Шейшембиде милиция кызматкерлери менен пикир келишпестик жаралышы мүмкүн. Бейшембиде кыялыңыздагы адамга туш болуп, жашооңузда жаңы барак ачылышы ыктымал. Апта аягында көптөн бери самаган буюмуңузду алып, үй иштери менен алек болосуз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптанын башында үй-бүлөдө пикир келишпестиктер пайда болот. Маселени жай отуруп, эмоцияга алдырбай чечүү керектелет. Такталбаган маалыматтарды угуп, чыр чыгаруудан алыс болуңуз. Аптанын экинчи жарымында бойдокторду жаңы таанышуулар күтүп, мамиле түзүүлөрү ыктымал. Апта соңу досторуңуз менен жолугуп, эс алууга ыңгайлуу.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жетекчиңиз жана жеке өзүңүз үчүн маанилүү болгон ишти жасоого туура келет. Коркпоңуз, жыйынтыгы сизди кубандырат. Бул аптада иштериңиз сиз каалагандай жыйынтык берет. Мамлекет кызматкерлери менен сүйлөшүүлөр болушу күтүлүүдө. Аптанын аягында ден соолугуңузга кам көрүүңүз керектелет.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптанын биринчи жарымында ушак сөздөрдүн курмандыгы болуп калышыңыз мүмкүн. Ушундан улам дос, тааныштардын ортосунда чыр чыгып кетүү коркунучу туулат. Акча алмаштырып же бирөөгө карызга берүүдөн алыс болуңуз. Алданып калышыңыз ыктымал. Жуманын соңунда бойдоктор баш кошуу тууралуу сүйлөшүүгө ыңгайлуу.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Кийин кыйынчылык тартып калбайын десеңиз, белгиленген иштерди толук бүтүрүп алыңыз. Апта ортосунда күтүүсүз окуяларга туш болосуз. Акча жаатындагы маселелерди жуманын аягына калтырганыңыз оң, ошол күндөрү киреше күтүлүүдө. Ишемби же жекшемби күнү досторуңуздун курчоосунда көңүлдүү кечеге барышыңыз мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптанын башында иштериңиздин жыйынтыктары көңүл жылытпайт. Бейшембиде юридикалык маселелер сиздин пайдаңызга чечилет. Иш күндөрү алыс жолго чыгышыңыз күтүлүүдө. Алдын ала ден соолугуңузга кам көрбөсөңүз, жума күнү өзүңүздү начар сезишиңиз мүмкүн. Жекшембиде бейтааныш адам менен чатакташуудан абайлаңыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Эмоцияңызды жакшы нукка буруп, позитивдүү ойлоно алсаңыз, ишиңиз илгерилейт. Айлык акыңыздын жогорулашы күтүлөт. Маанилүү кагаздарды толтурушуңуз ыктымал. Сүйүктүүңүздү таарынтып албаш үчүн ага да убакыт бөлгөнгө аракет жасаңыз. Ашказан-ичеги ооруларынан алыс болом десеңиз, тамакты ылгап жегениңиз оң.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Бул аптада маанайыңыз жайында болбой, ачууга тез алдырасыз. Буга сиздин чарчооңуз себеп болот. Эмгек өргүү албасаңыз да бир аз тыныгуу алып, күч топтоо сунушталат. Каржы жаатында киреше күтүлмөкчү. Эски тааныштарыңызга жолугушуңуз ыктымал. Жакын адамдарыңызга катуу айтып алуудан алыс болуңуз. Алар сиздин мээримиңизге муктаж.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 591, 28-февраль-06-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан