Акыркы учурда кыргыз тасмаларына тартылып жаткан өзбек актрисасы Шахзода Матчанова менен маек курдук. Ал кыргыздардын «Жатакана» телесериалында жана «Туман» тасмасында башкы роль жараткан. Актриса кантип кыргыздар менен иштешип калды? Мекенибиз ага эмнеси менен эсте калды? Бул суроолорго жооптор назарыңыздарда.
МАТЧАНОВА ШАХЗОДА АЛИШЕРОВНА
1987-жылы, 8-августта Өзбекстандагы Каракалпак автономиялуу республикасынын борбору Нукус шаарында туулган.
Ташкент шаарындагы Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетин аяктаган.
Актриса фобиясы катары адамдарды айтат: «Адамдарды жакшы көрөм, бирок алардан коркуу керектигин да түшүнөм».
Хоббиси деп спорт менен машыгууну, француз тилин үйрөнүүнү, адабий китептерди окууну, кино жана театрларга барууну эсептейт.
– Алгач эле сөздү кыргыз тасмаларына кантип тартылып калганыңыздан баштабайлыбы?
– Мени «Жатакана» («Общага») телесериалына кастингге Ташкенттеги тааныш режиссёрлордун бири чакырган. Көрсө, ага Эльдияр Кененсаров кайрылган экен. Ойлонбой туруп дароо бардым. Анан видеотандоодон өтүп кеткенимде аябай сүйүнгөм. Себеби улуттар аралык биримдикти бекемдөө үчүн жасалган иш оң түшүмүн берерине ишенгем. Анын үстүнө менин апам Кыргызстанда төрөлгөн да. Ошондуктан Кыргызстанда тартылган алгачкы тасмамды апама арнагам. Азыркыга чейин Камила Абдил менен Эльдиярга (Кененсаров) ыраазымын. Алардын жардамы менен Кыргызстанды көрдүм. Андан кийин эле «Туман» тасмасына тартылууга сунуш түштү. Анда да ойлонбой туруп макулдугумду бергем.
Чыгармачыл адамбыз да, дайыма изденүүнүн үстүндө болушубуз керек. Мага Кыргызстандагы тартылуу иштери чоң тажрыйба берди.
– Кыргызстанда тасмага тартылып жүргөнүңүздө сизге ашык болуп, сезимдерин айткан кыргыз жигиттери болсо керек?..
– Чынын айтсам, мен жумуш десе баш-отум менен кирип кеткен адаммын. Ашык болгондору бар чыгар. Бирок мен аны байкабадым. Бош убактыбыз жокко эсе болчу. Бошой калсам эле уктаганга шашылам. Балким, башында баарына «жигитим бар» деп айтып койгонго эч ким деле сунуш кылбады.
– Сиздин жүрөктү жибиткен жигит тууралуу айта кетиңизчи...
– Мен тартынчаакмын, а жигитим ал сапатымды жокко чыгарат. Себеби түрдүү темаларга маек курууга умтулат. Алгач эң мыкты дос катары сыйлап жүрдүм, карап көрсөм, сымбаттуу да жигит экен. Кийин сүйлөшүп алдым.
– Качан турмуш жолуна аттанайын дейсиз?
– Менин дагы бир фобиям – турмушка чыгуу (күлүп). Эмнеден улам экенин түшүнбөйм, бирок турмушка чыккандан аябай корком. Азыр ансыз деле бактылуумун, ошондуктан шашылыш жок.
– Айтыңызчы, Кыргызстан эмнеси менен эсиңизде калат?
– Мен көбүнчө Бишкекте жүрдүм да. Бишкек чакан, бирок кооз, жашыл шаар. Кыргыз эли аябай меймандос, боорукер, адамгерчиликтүү жана ак көңүл калк келишет экен. Кыргыз кыздары сулуулугу менен эсимде калды. Анан тасмага тартылган актёрдук курамдагылар, биз менен иштешкендер ушунчалык шайыр, керемет адамдар экен.
Эң өкүнүчтүүсү, эки жолу Кыргызстанга барып тасмага түшкөнүм менен, кереметтүү Ысык-Көлгө жетпей койдум. Ал көл тууралуу аябай көп уккам, бирок көрүүгө мүмкүнчүлүгүм болбоду.
– Билимиңиз боюнча эл аралык мамилелер факультетин аяктапсыз. Тасма талаасына кантип келип калдыңыз?
– Мен дайыма мыкты адвокат же саясатчы болсом дечүмүн. Ошондон улам ушул кесипти аркалоону чечкем. Кызыгы, эч качан актриса болуу тууралуу ойлонбоптурмун. Бирок ырдаганды жактырчумун.
Эсимде, бир жолу курбу кыздарым менен Алишер Навоинин спектаклин көргөнү барганбыз. Ал жерден мени Зулфикар Мусаков деген режиссёр көрүп калып, Өзбекфильмге тандоого чакырды. «Сөзсүз ата-энең менен кел» дегенин дале унутпайм. Ошентип кайсы бир тасманын кастингине барып өтпөй калдым. Бирок мен тууралуу маалыматтар актёрдук бөлүмдө калган. Бир нече айдан соң мага бир режиссёр чалып, кайрадан тандоого чакырды. Кудай жалгап, өтүп кеттим. 2008-жылы алгачкы жолу «Апрель-май» тасмасына тартылгам.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg