ҮЧ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ ӨРТТӨЛДҮ. ЭЛДИК ЖАЗАЛОО ЖАПАЙЫЧЫЛЫКПЫ ЖЕ АРГАСЫЗДЫКПЫ?

Кендүү калаа чуулуу болот деген чын белем, акыркы мезгилде Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы «Кара-Кече» көмүр кенинин айланасында чуулгандуу окуялар көп болууда. Бир адамдын өлүмүнө жана 3 милиция кызматкеринин жабыркашына алып келген окуя тууралуу сөз төмөндө болмокчу.

БААРЫ ЭМНЕДЕН БАШТАЛГАН?
«Кара-Кече» көмүр кенинде 2013-жылдын ноябрь айында кезек талашкандардын ортосунда жаңжал чыккан. Абалды турукташтыруу үчүн укук коргоо кызматкерлери окуя болгон жерге барып көзөмөл кыла башташкан. 1-декабрда «Кара-Кече» көмүр кенинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлдү» деген маалымат тарайт. Ал көмүр алуучуларга кезек берүү жагын тескеп турган Айбек Мамбеталиев деген адам экендиги билинген.
3-декабрда анын өлүмүнө шектүү катары ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Рустам Токтогулов, Жоомарт Сыдыков жана Нарын ОИИБинин СОБР кызматкери Чыңгыз Баялиев кармалат. Кылмышка күбө болгондордун айтымында, Айбек Мамбеталиев укук коргоо кызматкерлеринин ур-токмогунан каза тапкан. Кийин экспертиза «Айбектин денесинде урулган соккудан улам калган тактар жок жана ал жүрөк оорусунан каза тапкан» деп жыйынтык чыгарат.
Кылмышка шектүүлөрдүн үстүнөн Жумгал райондук прокуратурасы «Киши өлтүрүү» жана «Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгойт. Жумгал райондук соту аларды 2 айга камакка алууга өкүм чыгарат. Бирок көп өтпөй кылмышка шектүүлөр айыпталган беренелер «Ден соолукка атайылап залал келтирүү» (бул жосун адамдын өлүмүнө алып келсе) жана «Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу» беренелерине алмашат да, Нарын облустук соту аларды үй камагына чыгарат. Бул да каза болгон Айбек Мамбеталиевдин жакындарынын кыжырдануусуна алып келгендей.

ЭЛДИК ЖАЗАЛОО БАШТАЛГАНДА...
20-февралда Жумгал райондук соту каза болгон Айбек Мамбеталиевдин өлүмүнө айыпталып жаткан 3 укук коргоо кызматкеринин ишин карап жаткан. Айыпталуучу тараптын жактоочусу ишти Нарын облустук сотуна кароого өткөрүүнү сунуштаганда жаңжал чыгып кетет. А.Мамбеталиевдин туугандары жана жакындары темир тор артында отурган айыпталуучулар тарапка күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытып, өрт коюшкан. Натыйжада айыпталуучулардын бири Жоомарт Сыдыков күйүктөн жаракат алган. Андан соң бир топ жигиттер аларды ур-токмокко алышып, өз алдынча жазалоого өтүшөт. Чыңгыз Баялиевди укук коргоо кызматкерлери ортого түшүп куткарып калууга жетишишет. Ал эми Рустам Токтогуловду Жумгал суусунун жээгине алып барып токмоктошуп, сууга салып жиберишкен.
«Жергиликтүү адамдардан 80ге жакыны ушул окуяга күбө болушуптур. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн ал жерде 15тей гана укук коргоо кызматкерлери болгон. Ал эми сот отурумуна 13 бөтөлкө күйүүчү май кайдан кирди деген суроо туулушу мүмкүн. Бул боюнча Жумгал райондук соту көзөмөл жүргүзүп, кырдаалды турукташтырышы керек болчу»,- дейт ИИМдин басма сөз кызматы.

КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨРДҮН ҮЧҮНЧҮСҮ ДАЙЫНСЫЗ
Мындай маалыматты учурда дайынсыз жүргөн Рустам Токтогуловдун жубайы Анара Касымова редакциябызга келип билдирди:
– Соттук-медициналык экспертиза тарабынан маркумдун жакындарынын катышуусу менен анын денеси текшерүүгө алынган. Жыйынтыгында ал киши колдуу эмес, жүрөгү токтоп калгандыктан каза тапканы аныкталган. Кийин туугандары ал жыйынтыкка ыраазы болушпай, көрдү кайрадан ачып, көз карандысыз эксперт алып келишип текшеришкенде, алар деле ошол эле жыйынтыкты чыгарып беришти. Ошентсе да 3 милиция кызматкерин кармап келишти.
Биз көрүнгөн эшикти каккылап, митинг уюштуруп элди чогулткан жокпуз. «Эгер күнөөсү болсо үчөө тең мыйзам чегинде жазасын алат» дегенбиз. 20-февралда сот залынан шектүүлөр тарапка май чачышып, өрттөп жиберишиптир. Бул эмне деген жапайычылык? Мыйзам бар, демократиялуу өлкөдө да ушундай акылга сыйбас жапайычылык болобу? Өрт койгондору аз келгенсип, темир тордун артынан сүйрөп чыгышып, үчөөнү тең тепкилешип, менин жолдошумду Жумгал суусунун жээгине сүйрөп барышыптыр. Ал жактан башын таш менен жарып, башына буттары менен чыгып секирип, эсин жоготкондо сууга салып жиберишиптир. Муну окуяны көргөндөр айтышууда. Сот отурумунда мындай жаңжалдын чыгып кетишине жол берип, катышуучуларды текшерүүдөн өткөрбөй, көзөмөлдөбөй койгон Жумгал райондук сотуна нааразыбыз.
Кылмышка шектүүлөрдүн күнөөсү моюндарына алынып, күнөөлөрү угузулган күндө да жок дегенде сот отурумунда алардын коопсуздугу укук коргоочулар тарабынан колго алынышы керек болчу.
Учурда каза болгон Айбектин туугандары «Рустам Токтогулов тирүү эле табылыптыр. Аны бир жерге кармап катып коюшуп, жок дедиртип, кайра сот отурумунда жаңжал чыгарган Айбектин туугандарынын моюнуна күнөө илгени жатышат» деп маалымат таратып жүрүшөт. Эгер ошондой болсо, Жумгал суусун тинтип, түтүндү түрө кыдырып, таманыбыз тешилгиче издебей эле тынч отурбайт белек. Жолдошум Рустам Токтогулов өз ишин баалап сүйгөн, мыкты милиция кызматкери. Ортодо бир кыз, бир уулубуз бар.

«АЙБЕКТИ УЮШКАН КЫЛМЫШТУУ ТОПТУН МҮЧӨСҮ ДЕГЕНГЕ НЕГИЗ ЖОК»
Сот отурумунда жаңжал чыгарып, милиция кызматкерлерин өрттөп жиберишкен жабырлануучу тараптан 5 адам Нарын шаардык СИЗОсунда камакта экенин анын башка туугандары билдиришти. Айбек Мамбеталиевдин таажездеси КАЛНАЗАР СЫДЫКБЕКОВ бул тууралуу мындай дейт
:
– Айбек карапайым үй-бүлөнүн баласы болчу. Артында ата-энеси, жубайы, балдары жана туугандары сыздап кала бердик. Айбек ошол күнү «Кара-Кечеге» жумуштап бара жаткан экен. Жанында дагы 2 бала болгон. Милиция кызматкерлери машинасын токтотуп, «унаанын терезелери караңгылатылган» деп айыптап, аны унаадан алып чыгышкан. Ошол арада Айбектин унаасына баңгизат салып туруп, өздөрү отурган постко алып барышыптыр. Аны байкап калган Айбек берки машинадагы балдарга «качкыла, азыр силерди да жөн жерден күнөөкөр кылышат, унаага баңгизат таштап коюшту» деген. Ошондо 3 милиция кызматкери аны мылтыктын кундагы менен бөйрөккө чаап, электрошокер менен токко тарттырып кыйнашыптыр. Айбек жергиликтүү ооруканага жетпей каза тапкан.
Айбектин өлүмүнө күнөөлүүлөр кармалган соң ар кандай мыйзамга туура келбеген иштердин болуп жатканын байкап, туугандар нааразычылык акцияларды жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрө баштадык. Экспертизанын жыйынтыгы канааттандырбагандыктан көз карандысыз эксперт жалдап келип, экинчи текшерүүдөн өткөрдүк. Жыйынтыгында Айбектин денесинде ар кандай тактардын бар экендиги аныкталды. Бирок бул соттун жүрүшүндө эске алынган жок. Ал тургай камакта жаткан 3 милиция кызматкери Жаңы жылды ошол жактагы күзөт нөөмөтүндөгү кызматкерлер менен ичимдик ичип, чогуу тосушуптур. Колдорунда гитара, эркиндиктегидей тамактар, ошол жерде компьютер бар экен, эс алууда жүргөндөй отурушкан. Акыйкаттык деген кайда? Биздин бала жер кучактап өлүп жатат. Учурда Айбектин атасы, апасы, 3 бир тууганы Нарындын СИЗОсунда камакта жатат. Буга себеп сот отурумунда чыгып кеткен жаңжал. «Ошол жерде Айбектин туугандары өрт коюп, милиция кызматкерлерин сабашты» деп жатышат. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар билбейм, анткени мен ал жерде болгон эмесмин.
Менимче, бул жерде эки тарапты козутуп, кылмышты жапканга аракет кылган үчүнчү күчтөр болгон. Эгер кылмышка шектүүлөрдү өлтүрүүнү көздөгөн болсо, Айбектин атасы ур-токмокко алынып, денеси күйүп жаткан Жоомартты өзү ооруканага жеткизбейт болчу да. Кызуу кандуулукка алдырып, жаңжал чыгарып жиберген жигиттерди жан далбастап токтотуп жүргөн атасы азыр камакта отурат. Карындашы Камиланын ден соолугу начарлап, өзүн жаман сезип жаткан экен. Камерага жылуураак кийимдерин алып кирип берели десек да бизди киргизбей коюшту. Апасынын кан басымы кайра-кайра көтөрүлүп жатат.

ЭЛДИК СОТ УЮШТУРГАН ДЕП 10 АДАМ КАМАККА АЛЫНДЫ
Жумгал райондук сотунда болгон жаңжал боюнча 14 адам кармалып, учурда алардын 10у 2 айга камакка алынды. ИИМдин басма сөз кызматынын билдиргени боюнча, кармалган жарандарга «Адам өмүрүнө кол салуу», «Сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу», «Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү», «Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу» беренелери боюнча күнөө тагылды. Камакта жаткандардын абалы менен таанышуу үчүн Нарын калаасына барып келген Зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы БАКЫТ РЫСПЕКОВ төмөнкүдөй маалымат берди:
– Жумгалдагы сот учурунда болгон жаңжал боюнча «Кара-Кече» кенинде каза тапкан Айбек Мамбеталиевдин үй-бүлөсү 23-февралда Нарын ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Көз жумган Айбек Мамбеталиевдин агасы Жыргалбек Мамбеталиев милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алыныптыр. Анын мурду сыйрылган жана сол кашынын үстүнө кан уюп калган. Бирок өзү «милиция кызматкерлери сабаган жок» деп жатат. «Жумгалдагы сот учурунда болгон жаңжалда милиция кызматкерин сабадым» деп күнөөсүн моюнуна алды. Биз муну менен эле чектелип калбай, жаңжалдан жабыркаган экинчи тарапка да жолугуп келебиз. Азыр Жоомарт Сыдыков Бишкекте ооруканага денесиндеги күйүктөн алган жаракатынан улам дарыланып жатат.

Учурда милиция бул фактылар боюнча тергөө жүргүзүп жатат. Демек, бул темага дагы кайрылабыз.


Маркум А.Мамбеталиевдин туугандары бир нече жолу Жумгал РИИБинин алдына митинг уюштурушкан.

Кылмышка шектүү милиция кызматкерлери Жаңы жылды күзөт нөөмөтүндөгүлөр менен ушундай маанайда тосушкан.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Үч милиция кызматкери өрттөлдү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (44)
misster88
2014-03-04 23:39:04
Кара кечеде иштеген жумушчулардан да интервью алыш к.к эле Айбек жонундо.
0
ayzharkyn
2014-03-05 00:52:33
Кыргыздар ото эле мыкаачы болуп баратабызбы билбейм. Акыркы кундору кинодогудай окуялар болуп баратат. Ылайым эч ким уул-кызынан, ата-энесинен ажырабасын. Заманыбыз тынч болсунчу
0
Kara_kyrgyz
2014-03-05 10:22:49
судью на мыло!
0
Gulmira94
2014-03-05 12:45:30
Кыргызстанда сот деген эмне озу.Менин да байкемди олтурушту ким Чечим чыгарды албетте сот кандай Чечим чыгарды албетте эркиндик чечими. Эч бир сот акыйкат Чечим чыгарбайт! Мамлекеттин болсо мындай мн иши да жок !!!! ОЛгондун эле шору болуп калды азыркы заманда!!!
0
tynara1983
2014-03-05 12:48:52
элдер ен туура кылыптыр милитциялардын акчасын жеген сотту биринчи орттосо болмок
0
sasa84
2014-03-05 15:31:34
Кыргызстанда такыр закон иштебей калган акыркы убакта.Мындай боло берсе бизге башчылардын эмне кереги бар?Бут олкобуздо баш аламанчылк.Угуп,коруп коркуп кетесин,мындан ары не заман болот деп.
0
ai.asylbekovna
2014-03-05 23:58:13
Кудай сактай кор, бул жерде баягы эле коррупция! Кимисине ишеништи деле билбейсин. Куноолуулорду атып эле салыш керек.
0
aziko88
2014-03-08 11:22:16
Туура эмес жазып жатасынар экинчи экспертизада кур токмоктон олгон деп чыгарып бергенго,туура кылышкан адамды кандай олтурсо жазасын алсын.
0
vrach
2014-03-09 16:05:55
эми бир жактуу да карасак да болбойт эки жактан тен куноо бар
0
ayka.1991kg
2014-03-09 19:38:46
Айбектин тугандары чала кылышкан тигилер тура чечим чыгарбаса куйп кетишти да ошол ишке баргандыр емнеси болсода алла акыйкат кылсын
0
kyrgyzz
2014-03-09 20:00:37
salam tuugandar bizdin militsyaga iwenip bolboit azyrky ubakta, alardy tiruuloi ortop jiberiw kerek kyrgyzda kan koiberbeit jana kanga kan menen joop berilet... Militsyalar emnege mawinaga bangizat salyp jiberdi bul 4on suroo birok bul sensatsya dele emes azyrky kundo ... jangy 4ornyi degenderdi tuura jolgo sala albaw bul bizdin militsyanyn alsyzdygy ... Sot bolup iwtegenderdi da sottow kerek uwundai walaky mamile jazagany u4un... Uwu militsyalarga kairat elem kyzmatynardy ky9nattyk menen
0
kyrgyzz
2014-03-09 20:03:14
koldonbogula demek4imin ... azyr ak4a bersener militsya bolup iwtesener bolot kyzmatty ak4a menen satyp alasynar a adamdyk sapatty satyp ala albaisynar... akyrky kundoru forma4an jelmoguzga(je di9vol) okwop kaldynar
0
zamira8576
2014-03-10 04:46:01
Кыргызстанда сот менен милиция эле эмес андан башкалары да,чон иште иштеген адамдары да соо эмес.Заман ушундай болуп калды дейбиз,жоок заман сонун,кыргыздарга аябай чоон шанс бар онукконго,баардык нерсеге жетишип,элдин баарына жумуш тапканга,бирок окунучтуусу чондорубуздун баардыгы оздорунун гана кызыкчылыгын ойлоп,байып жаткандыгы учун да онугуу жок.Эми кыргыздарга дагы гражданство берсе,кыргызстанда аз эле адам калат.Алла таала баарыбызга ынсап-ыйман берсин.
0
Peregonshik
2014-03-10 09:03:01
Жазган коментарийлерди окуп корсом баарын ой жугуртпой эле жазып салыпсынар урматтуу форумчулар. Мен милиция болгон эмесмин. Болууга аракет да кылбагам. Бирок ойлонуп коргуло милиция бар силер форумда жазып олтурасынар. Милиция жок жашоону элестетип коргуло. Кучтуу алсызды басмырлайт, сен жакшы нерсе сатып алсан коншун кучтуу болсо тартып алат. Кучтуу кааласа зордуктайт, кааласа уйундон кууп чыгып уйунду тартып алат, кочодо баратсан уруп согуп олтуруп таштайт, айлыгындын 70% мага дейт. Козунчо э
0
tin-tina
2014-03-22 22:31:51
Карга карганын козун чокубайт дегендей менттер м.н соттун тили бир
0
№ 591, 28-февраль-06-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан