ЖУМГАЛ: ЖАПАЙЫЧЫЛЫКПЫ ЖЕ АРГАСЫЗДЫКПЫ?
20-февраль күнү Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылында өткөн соттук отурумда чачты тик тургузган окуя болуп өттү. Кара-Кече көмүр кенинде Айбек Мамбеталиев аттуу адамдын өлтүрүлүшүнө байланыштуу кылмыш иши каралып жаткан кезде маркумдун тарапташтары айыпталуучу үч милиция кызматкерине бензин чачып, от коюп жиберишкен. Айыл элинин ачуусун ал нерсе да баспаган өңдүү, анткени айыпталуучулардын бирин темир тордон алып чыгышып, катуу ур-тепкиге алышкан. Жумгал РИИБинин башчысы Мирлан Жапаров бул баш аламандыктан улам 10 киши камакка алынганын айтты.
Дал ушул окуяга байланыштуу интернетке СИЗОдо кармалып отурган шектелүүчүлөрдүн Жаңы жылды чогуу иштешкен кесиптештери менен куттукташканы тартылган тасма тарап кеткен болчу.
Ур-тепкиден улам эми эле соо турган жакынынан айрылып, күйүткө батып тургандардын мындай мыйзамсыз ишке баруусуна эмне түрткү болду? Кандайча алар жабырлануучудан айыпталуучуга айланып калышты? Азыр кыргыз коомчулугу, укук коргоо органдарынын жетекчилиги ушул суроонун үстүнөн иштеши керек. Анткени мындай балекеттен эч бирибиз корголгон эмеспиз. Бул окуя укук коргоо органдарына чоң сабак болушу шарт. Анткени ар бир соттук отурум жогорудагыдай жапайы сценарий менен уланып отурса, өлкө кайда барат? Мындай мыйзамсыз иштер борбордук бийликти катаал кадамдарга барууга түртөт. Анын айынан айыл эли менен борбордук бийликтин ортосундагы ажырым, түшүнбөстүк күчөйт. Аймактардагы укук коргоо органдары атайы борбордук бийликти элге жаман көрсөтүү максатында ушундай кенебестиктерге барып жатышабы деген да суроо жаралат.
ЖАЗДЫ КҮТКӨН РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВ
Украинанын тарыхында жазылып калчу акыркы апта ичиндеги окуялар кыргыз оппозициясын ойготту. Ал эми карапайым калк дежавю жашап өткөндөй болду. Аянтка топтолгон эл, өрткө чулганган мамлекеттик мекемелер, ок атуудан каза тапкан, жарадар болгон митингчилер, өлкө башчысынын артын карабай качуусу, алтын жалатылган хан сарай, короосунда жайгашкан айбанаттар бакчасы, оппозиция лидеринин камактан бошотулушу. Бул кадрлар Кыргызстанда болуп өткөн Март, Апрель окуяларын эске салды.
Бул аралыкта 26-февраль күнү Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбековдун лидерлигинде жаңы Улуттук оппозициялык кыймылдын ачылышы болуп өттү. Парламентте ушул эле депутаттын катышуусунда жаңы «Демократтар» тобу түзүлүп, ага КСДПдан Исмаил Исаков, «Ата Мекен» фракциясынан чыгып кеткен Өмүрбек Абдрахманов кошулду.
Ачылыш салтанатында үлкөндөрдөн Башкы прокуратуранын экс-жетекчилери Азимбек Бекназаров менен Кубатбек Байболов, экс-министр Өмүрбек Суваналиев, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун, экс-депутаттар Талант Мамытов, Бегалы Наргозуев жана Кубанычбек Кадыров, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов, жаш саясатчы Мавлян Аскарбеков байкалды. Экс-депутат Камчыбек Ташиев менен экс-мэр Мелис Мырзакматовдун да бул кыймылга кошулганы маалымдалганы менен, алар ачылышка катышпады. Ушул эле тизмеде экс-министр Аликбек Жекшенкулов жүргөн, бирок кыймылдын ичинен эмитеден ырк кеткенби же сүйлөшүү-соодалашуу аягына чыга элекпи, айтор, Жекшенкулов «мага кыймылды жетектөө берилсе киришим мүмкүн, азырынча бир чечимге келе элекмин» дептир.
Равшан Жээнбеков «президент бийлик бутактарын бучкактап алды, стратегиялык объекттер сатылып, Кыргызстан Бажы биримдигине киргени жатат» деп жогоруда саналып өткөн иштерге каршылык көрсөтүшөрүн белгиледи.
Эскерте кетсек, «коррупция», «кызмат абалынан пайдалануу» сыяктуу беренелер боюнча айыпталып жаткан Ахматбек Келдибеков, Иса Өмүркулов өңдүү ири саясий фигуралардын катарынан Равшан Жээнбеков да орун алып калышы толук ыктымал. Азыр бул адам учурунда жетектеген мамлекеттик мүлк комитетиндеги илгерки иштер тыкыр иликтенип жаткан кез. Албетте, ал замандан көп эле коррупция жыттанган иштер табылышы мүмкүн.
ЭКС-МЭР ИСА ӨМҮРКУЛОВГО АЙЫБЫ УГУЗУЛДУ
21-февраль күнү Бишкек шаарынын мурдагы башчысы Иса Өмүркуловго айыбы угузулганын Башкы прокуратура маалымдады. Эске салсак, экс-мэр Бишкектеги Д.Асанов атындагы сейил бактын аймагынан жер сатуу иштери боюнча айыпталууда. Тактап айтсак, Иса Өмүркулов мыйзамсыз чечим чыгарып, анын негизинде сейил бактын аймагы 16 гектарга кичирейип кеткен, ал жерлерге кафе, «Ала-Тоо» өңдүү ири ресторан салынып, бизнес башталган. Мыйзамсыз чечимди кабыл алганы үчүн ага карата «кызматтык абалынан аша чабуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Ал эми экс-мэрдин адвокаты Сергей Слесарев: «Менин кардарым бул айыптоого макул эмес. Анын бардык аракеттери мыйзамдын алкагында болгон»,- деп билдирди.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg