ИММУНИТЕТ ДЕГЕН ЭМНЕ?

«Иммунитет төмөндөп кеткенде оору келип чыгат» деген сөздү баарыбыз эле угуп жүрөбүз. Бирок иммунитет деген эмне экенин жакшы биле бербейбиз. Ар түркүн оорулардын алдын алып, ден соолугубуздун сакчылыгында турган иммунитет дүйнөсүнүн сырларын назарыңыздарга сунабыз.

Жалпы түшүнүк

Иммунитет – организмдин инфекцияларга жана чоочун заттарга каршылык көрсөтүүсү. Иммунитет тубаса жана кийин пайда болгон делип экиге бөлүнөт. Тубаса иммунитет адамга түйүлдүк кезинде эле апасынан өтөт. Ал эми кийин пайда болгон түрү адам ооруга кабылганда эмдөөдөн улам пайда болот.

Организм “сакчылары” жана “душмандары” тууралуу

Күн сайын, мүнөт сайын ар бир организмде адамдын ден соолугунун сакчылыгында инфекцияларга жана чоочун заттарга каршы «аскер-клеткалар» жана механизмдер иштеп турат. Ички агрессияны (душмандын кол салуусун) басуу үчүн даяр турган атайын клеткалар да бар. Мунун баарын иммундук система жөнгө салат.
Эми муну жөнөкөйлөтүп түшүндүр­сөк. Атайын клеткалар ички коопсуздукту камсыз кылуу максатында организмди кыдырып, ар бир клетканын «паспортун» текшерип турат. Анткени мүнөт сайын аба, суу, тамак-аш жана теридеги тытылган, чийилген жерлер аркылуу организмге түрдүү чоочун микробдор, вирустар, мителер, майда козу карын денечелери кирет. Ал эми сакчылыкта турган иммундук система аларды дароо билип, курчоого алып, жок кылат. Кокус «күчтүү душман» (мисалы, микроб же вирус) ичке көп кирип кетсе, анда «жалпы тревога» жарыяланат да, сезгенген жерди коргоо үчүн көптөгөн «аскер-клеткалар» жетип барышат.

Коргоочу клеткалардын жаңылыштыгы эмнеге алып келет?

Кээде биздин организмде ички башаламандык жаралат. Анткени ар бир орган жана клеткалар системасы улам жаңырып турат. Бул үчүн резервдеги клеткалар дамамат бөлүнүп турууга аргасыз. Андыктан дал ушул бөлүнүү учурунда жаңы клетканы атайын клеткалар тааныбай, кармап алышат. Мындай катачылыкты сырткы чөйрөнүн терс таасирлери (мисалы, күнгө көп күйүү) көбөйтүп жибериши мүмкүн. Катачылыктын айынан клетка өлүшү же залалдуу клеткага айлана баштоосу мүмкүн. Кезектеги «текшерүүдө» залалдуу шишикке айланган клетка жок кылынат. Ал эми катачылыктан кармалган клетка өлө элек болсо, азаттыкка чыгат.
Кээде атайын клеткалар ким өз, ким жат экенин ажырата албай калышат. Мындай болгондо нормалдуу клеткалар да жат деп эсептелинип, жок кылынат. Бул процесс «аутоиммундук патология» деп аталат. Аутоиммундук ооруларга ревматоиддүү артрит, бөрү жатыш, псориаз жана кээ бир нерв, кан оорулары кирет.
Атайын клеткалардын иши бузулганда, организмге кирген кадимки үйдүн чаңы же ит-мышыктын жүнү, тамак-аш азыктары же жөнөкөй эле дары-дармектер күтүлбөгөн жерден чоочун зат болуп эсептелинип калат да аллергия жаралып, өнөкөткө айланат.
Кээде организмге кирген инфекция менен күрөшүүдө биздин иммундук система аларды убагында жок кылууга жетишпей калат. Мындай болгондо сезгенүү очогу жок болбой, ал жерде «аскер-клеткалар» менен «душмандардын кагылышы» жүрөт. Ушул учурда «согуш» болуп кетиши мүмкүн. Мисалы, бронхиалдык астманын байкоосуз, курч кармаган белгиси (пристубу) ушунун айынан кармайт.

Коргоочуга кам көрүңүз!

Иммунитет дайыма бир калыпта иштесе, анда организмге коркунуч туулбайт. Башкача айтканда, инфекциялык, аллергиялык, аутоиммундук ооруларга чалдыкпайсыз.
Жогоруда айткандай, адам вирус жана башкалардан иммунитети аркылуу коргоно алат. Ошондой эле иммунитет адамдын суукка, ысыкка, радиацияга жана кислотага туруштук берүүсүн камсыз кылат. Эгер иммунитет төмөндөп кетсе, анда организмге кирген микробдор, вирустар, мителер жашап кетет да көбөйө баштайт. Адам бат-баттан жана катуу ооруйт. Мындай абалды дарыгерлер «иммундук жетишпестик», «иммунитеттин кемчилиги» деп аташат. Буга СПИД (синдром приобретённого иммунодефицита) мисал боло алат.

Иммуниттетин төмөндөшүнүн белгилери

Алгачкы белгилерине: өзүн жакшы сезбөө, бат чарчоо, шалдыроо, уйкуга тартылуу же уйкусуздук, баш оору, булчуңдардын жана муундардын жанчылгандай болуп оорусу кирет. Мындайда адамдын көөнү эч нерсеге тартпай да, көпчүлүктү сүйбөй да калат. Кээ бир адамдарда аллергия пайда болот.

  • 2-этаптын белгилери болуп кадимки мурун бүтүүнүн (ринит) өнөкөткө айланышы, учук, сасык тумоо сыяктуулар кирет. Андыктан комплекстүү дарылануу керектелет.
  • 3-этаптын белгилери болуп өнөкөт оорулардын көбөйүшү жана алардын оорлошу кирет.
  • Негизинен, иммунитети төмөндөгөн адамдарга терисинин түлөшү, өңүнүн бозорушу, ичкерип, өңүнөн кеткен чачтар, катмарланып, сынып туруучу тырмактар мүнөздүү.

Иммунитетти кантип көтөрүү керек?

Эң башкысы, организмди чыңдоо керек. Бул үчүн спорт менен достошуу, витаминдүү тамак-аштарды кабыл алуу, туура тамактануу, стресстерден арыла билүү, жаман адаттардан кутулуу (ичкилик, тамеки чегүү), жайында жылаңайлак басуу, сууда сүзүү жана башкалар кирет.
Адам иммунитети төмөндөгөндө иммунологго көрүнүп, дарылануусу керектелет. Иммунолог дары-дармек менен түрдүү витаминдерди, көнүгүүлөрдү да жазып берүүсү мүмкүн.

Эске ал!

Иммунитетти жогорку деңгээлге көтөрүүчүлөргө буурчак, ит мурун, сарымсак, батат (таттуу картошка), каакым, деңиз капустасы, чычырканак, инжир, жаңгак, жень-шень, чалкан, броколли капустасы, сабиз, апельсин, болгар калемпири, ашкабак кирет.

Иммунитетти көтөрүү үчүн...

  • Алоэнин жалбырагынан 500 грамм алып, аны эт туурагычтан өткөрөбүз. Алынган массага 500 грамм кумшекер, 1,5 стакан кагор (шарап) кошобуз. Тамак ичерден мурун 1 аш кашыктан ичүү сунуш кылынат.
  • Түрптүн жана сабиздин ширесин теңме-тең алып, ага 1 аш кашык бал жана 1 аш кашык лимон ширесин кошобуз.
  • Эртең менен жана кечинде 1 аш кашыктан ичүү керек.
  • 500 грамм майдаланган жаңгакка 300 грамм бал, 100 грамм алоэнин жана 4 лимондун ширеси, 1 стакан арак кошулат. Аралашма 1 сутка тыныктырылат. Тамак ичерден 30 мүнөт мурун 1 аш кашыктан ичүү сунушталат.
  • Жаңгактын кургатылып, майдаланган 2 аш кашык жалбырагын термоско салып, үстүнө 0,5 литр суу куюу керектелет. Дары-чайды түнү менен термосто калтырып, эртеси 50 граммдан 4 маал ичүү талапка ылайык.
  • Күн сайын же болбосо эки күндө бир сарымсактын бир тишин жеп туруу керек.
  • Ит мурунду сууга салып, кайнатып алган соң ага кант же бал кошуп ичүү кажет.
  • Бул дары-аралашма үчүн 3-4 лимон, 1 стакан жаңгак, 300 грамм өрүк как, 300 грамм мейиз, 3-4 кашык бал керектелет. Балдан башкасынын баарын эт туурагычтан өткөрөбүз. Ал эми лимонду таза жууп, данектерин алып салып, майдалап кесебиз. Баарын аралаштырып, үстүнө балды кошуп, банкага салабыз. Эми четинен 1 аш кашыктан ач карын 4 маал жей берүү керек.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 362, 9-15-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан