Өткөн аптада мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин Орусиядан келген делегация менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында, эки өлкөнүн ортосунда чоң долбоорлордун каражат маселелери да ачыкталды. Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негизи быйылкы жылдын май айында бекитилип, долбоорду ишке ашырууга багытталган каражаттын биринчи бөлүгү октябрда келип түшөрү маалым болду. Жакынкы эки айдын ичинде ГЭСтин курулушу боюнча иш-чаралардын пландары иштелип чыгышы зарыл.
Ошол эле учурда кыргыз тарап май айына чейин Жогорку Нарын каскадынын курулушунун башталышы үчүн жер тилкелерине байланыштуу бардык маселелерди чечип бериши керек болот.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg