«Ар-намыс» фракциясы Мамлекеттик каттоо кызматынын башчылыгына Аскарали Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды. Эми анын талапкерлигин премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев карап чыгат. Аскарали Төрөбаев Жогорку Кеңештин депутаты, «Өнүгүү» депутаттык тобунун лидери Бакыт Төрөбаевдин бир тууган агасы. Ал 2013-жылдын декабрь айында Б.Төрөбаев Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовдун партиясы менен бириккенин жарыялагандан кийин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан бошотулган. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев Аскарали Төрөбаев депутаттарды сатып алып жатканы тууралуу сөздөр айтылып жатканын билдирген. Бирок талапкер өзү мындай маалыматты четке кагып, шайлоо учурунда өзүнүн талапкерлигине өзү каршы чыкты. Ал эми «Ар-намыс» фракциясынын лидери Феликс Кулов «депутаттарды сатып алды» деген маалымат чын экендиги тастыкталса, анда ал аны кызматынан өзү алып түшөрүн айтты.
Эске салсак, аталган мекеменин мурдагы башчысы Эрлан Сапарбаев «Ар-намыстын» лидери Феликс Кулов менен узакка созулган кайым айтышуусунан кийин кызматсыз калган.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg