«Кытайдын Жаң Юңхай деген профессору жергиликтүү илимий журналдардын бирине «Манас – тарыхый инсан» деп маек берген. Кытайдан Манастын тарыхый инсан экендигин тастыктаган сүрөттөр табылды»,- деп билдирди изилдөөчү, тележурналист Темирбек Токтогазиев. Ал «Манас» эпосунда айтылган беш Бээжинди же болбосо Кытайдын 5 шаарын кыдырып келгенин маалымдады. Айтымында, чет Бээжинде же азыркы Лявоян шаарындагы «Батыш дарбазасы» деген жердеги музейде кыргыздар сүрөттөлгөн 6 сүрөт сакталуу. «Кыйла олбурлуу, калпакчан адамдын отурган элеси түшүрүлгөн сүрөт бар экен. Биз муну Манастын сүрөтү деп болжолдоп жатабыз»,- деди ал.
Аталган сүрөттөргө берилген түшүндүрмө кайсы бир көөнө тилинде болгон. Анын маанисин түшүнүү үчүн аны которуунун үстүндө иштеп жаткандыгын кошумчалады Т.Токтогазиев. Изилдөөчү Кытай жергесинде бир айга жакын убакыт жүрүп, кыргыздар өздөрү тууралуу биле элек, уга элек дагы бир топ тарыхый маалыматтарды топтоп келгенин айтат.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg