КТРКдагы «Аалам сырлары» долбоору үчүн мамлекеттик бюджеттен, анын ичинде салык төлөөчүлөрдүн эсебинен канча акча жумшалганын иликтеп чыгыш керек. Муну 27-февралда вице-спикер Төрөбай Зулпукаров билдирди.
«Бул берүүнүн тегерегинде катуу чуу болууда. Берүүнү даярдоого, көзү ачыктарды жарнамалоого мамлекеттик бюджеттен канча акча жумшалганын иликтөө жана сөзсүз бул иштин аягына чыгуу зарыл»,- деди Зулпукаров.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg