БАЛА БАГЫП АЛГЫСЫ КЕЛГЕН ЧЕТ ЖЕРДИК УЮМДАР АРЫЗ ТАШТАДЫ...

  • 24-февраль күнү «Республика» фракциясынын лидери НАЗАРАЛИ АРИПОВ парламентте Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча кол топтоо уланып жаткандыгын билдирди.
  • Президент Алмазбек Атамбаев 21-февралда Жогорку Кеңештин депутатына карата КЫЛМЫШ ИШИ башкы прокурор тарабынан гана козголо турган мыйзамга кол койду.
  • Чек ара кызматынын төрагасы болуп РАИМБЕРДИ ДҮЙШӨМБИЕВ дайындалды.
  • МЕЛИС САТЫБАЛДИЕВ Коргоо министрлигинин алдындагы Улуттук гвардиянын кол башчысы болуп дайындалды. 
  • Жогорку Соттун судьясы ЖАКЫП АБДЫРАХМАНОВ Соттор кеңешинин төрагасы болуп дайындалды.
  • «Манас» аэропортунда жайгашкан АКШнын Транзиттик жүк ташуу борборунун өкүлү күйүүчү май куюучу учактардын миссиясы аягына чыкканын айтып, борбор толук курамы менен 2014-жылдын 10-июлуна чейин чыгып кетерин маалымдады.
  • Социалдык өнүктүрүү министрлиги эл аралык бала асырап алуу менен алектенген чет жердик уюмдардан арыз кабыл алууну жыйынтыктады. Бардыгы болуп 17 УЮМДАН арыз келип түшкөн.
  • Коомдук ишмер НУРЛАН МОТУЕВ Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров менен бириккенин 27-февраль күнү билдирди.
  • Эмгек кодексине ылайык, 8-МАРТ – Аялдардын эл аралык күнү эс алуу күнүнө туш келгендиктен, 10-март дем алыш күнү деп жарыяланды.

Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Adina86
2014-03-03 15:21:26
Теманар башка маанси башка го безпониятие...
0
ASALARI
2014-03-04 02:53:17
Adina86, ошону айтсаныз
0
sasa84
2014-03-05 15:24:50
туура айтасын.
0
miki87
2014-03-07 01:14:56
Ойлонгула!!! Кыргызстандан багып алган балдар эмне кунду корот. Коруп атабызго россиядан багып алган балдарды эмне кылып атышат. Гомосексуалдар изнасиловать этип издевается. Эмне кыргыз ушул даражага жетикпи? оз балдарыбызды бага албастан. Ким жетимдин башын сыласа ошол адам кудайымдын ыразылыгын табат. Ойлонгула!!!!
0
№ 591, 28-февраль-06-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан