Бактыбек Калмаматов, Жогорку Кеңештин депутаты:«БАТКЕНДЕГИ ЧЕК АРАЧЫЛАР ЧАТЫРДА ТОҢУП ОТУРУШАТ»

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» партиясынын депутаттары 21-24-февраль күндөрү өлкөнүн түштүгүндө иш сапары менен болушту. Бул тууралуу кененирээк Бактыбек Калмаматов айтып берди.

– Бактыбек мырза, Ош шаарында болуп өткөн көчмө жыйында кандай маселелер козголду?
– 22-февралда Ошто «Ата Мекен» фракциясынын көчмө жыйынында бир гана маселе каралды. Ал маселе шаардын эки тарабын бириктирмек болгон жана учурда токтоп турган эстакадалык жаңы көпүрөнүн курулушу. Ага байланыштуу 800дөн ашык жеке ишкерлердин соодасы токтоп, 1,5 миңдей адам каттоодо турган поликлиника иштебей турат. Ошол эле маалда мурдагы шаар жетекчилиги тарабынан техникалык-экономикалык негиздеме түзүлгөн эмес. Көпүрөнүн курулушунан канча адам жабыркашы мүмкүн, жеке ишкерлерге кандай зыянын тийгизиши мүмкүн, канча турак жайларды бузуу керек, ушуга окшогон маселелерге эсеп-кысап жүргүзүлбөстөн, курулуш иштери шашылыш түрдө башталган. Эсептер так жүргүзүлбөгөндүктөн көпүрөнүн бюджети 527 миллион сом деп көрсөтүлгөн. Бул өтө аз сумма. Биздин болжолдуу эсебибиз менен кеминде 1 миллиард сомдон ашыкча каражат керектелет.
Эгерде бүгүнкү күндө ошол жердеги ишкерлердин, бир катар мекемелердин иштебей тургандыгын эске ала турган болсок, анда көпүрөнүн курулушунун токтоп туруусу көп зыян алып келет. Ушул сыяктуу көйгөйлөрдү эске алуу менен фракция көпүрө сөзсүз түрдө борбордук казынадан каржыланып, тез аранын ичинде курулушу керек деген чечимге келди.

– Баткен облусундагы Көк-Таш айылында кызмат өтөп жаткан чек арачылардан да кабар алыптырсыздар, алардын абалдары кандай экен?
– 23-февраль күнү Баткен шаарында күч түзүмдөрүн Мекен коргоочулар күнү менен куттуктап, андан соң Көк-Таш айылында кызмат өтөп жүргөн чек арачылардын абалы менен тааныштык. Ал жерде бүгүнкү күндө 10 чек ара кызматкери менен Ички иштер министрлигинин 12 кызматкери биргеликте күзөттө туруп жатышыптыр. Өкмөт тарабынан жетиштүү шарт түзүлбөй, аскерлер бүгүнкү күндө чек араны чатырда жашап коргоп жатышканын көрдүк. Мындай кырдаалда адамдын чек ара кайтарууга деле дити жоголуп кетет го. Маңдайындагы эле кошуна мамлекеттин аскерлери жакшынакай, кенен үйдө жашап жатышканына биздикилер басынып, намыстанат экен. Муну өкмөттүн чек арага болгон шалаакы саясаты же кашаң мамилеси деп түшүнсө болот. Айыл тургундары чек арачылар менен милиция кызматкерлеринин санын көбөйтүп берүүнү да суранышты.
Мен чек ара башчыларынын ишти кыйраттык, баарын жасап жатабыз деген сөздөрүн көп уктум. Бирок өз көзүбүз менен көрүп келдик, бир кыйраткан нерсе жок экен. Биз кайтарып жатабыз деп эле бирөөнүн баласын алып барып, чатырдын ичинде суукка тоңдуртуп жатышса, а башчылары бул жакта кабинеттин ичинде жыргап отура бергендери адилетсиздик.

– Учурда кыргыз-тажик чек арасы жабылуу. Буга байланыштуу айыл жашоочуларында маселелер жаралып жатса керек?..
– Кыргыз-тажик чек арасынын жабылганына карабай, айрым аткаминерлердин колтугуна жашынган кылмышкерлер мурда кандай ташып жүргөн болсо, бүгүн да ошондой эле шартта күйүүчү май, тамак-аш, курулуш материалдарын аткезчилик жолу менен Тажикстанга алып өтүп жатышыптыр. Бул маселени айыл тургундары аябай капа болуп айтышты. Кимдир бирөө чек аранын бекем болушу үчүн күрөшүп жатса, кимдир бирөө өзүнүн чөнтөгү үчүн күрөшүп жатат бул жерде. Башкача айтканда, бул мамилени биз өкмөттүн кош стандарттуу, эки жүздүү саясаты деп түшүндүк.

– Мындай көйгөйлөрдү жоюу үчүн кандай пландарды коюп, кандай чечимге келдиңиздер?
– Жашоочулар өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнө губернатор деген макам берүүнү суранышты. Биз губернатор эмес, андан да чоң, өзгөчө макам бериш керек деп эсептеп жатабыз. Мисалы, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарымдуу өкүлү – Баткен облусунун иштери боюнча министри дегендей. Чек ара маселелерин жакшы жагына чечүү үчүн ага кээ бир министрликтердин укуктарын бериш керек.

– Ворух анклавын айланып өтүүчү жолдун курулушу жүрүп жатыптырбы?
– Өкмөт «жолду бүтүрүү үчүн ал жактагы тоо-ташты жардыруу керек, буга байланыштуу иштер башталды» деп жатат. Биз барганыбызда жардырмак түгүл эч нерседен кабар жок туруптур.

– Эл тарабынан дагы кандай көйгөйлөр кабыргасынан коюлду?
– Ак-Сай, Көк-Таш айылдарында милиция кызматкерлерине жеңил автоунааларды берүүнү өтүнүштү. Себеби милиционерлер жөө жүрүп, көп иш бүтүрө албай жатышыптыр. Биз айыл элине бардык көйгөйлөрдүн өз жеринде чечилүүсү үчүн тиешелүү бийлик органдарынын астына конкреттүү маселелерди коёрубузду айттык.

Көк-Таш айылында чек арачылар кыштын суугуна карабай ушундай чатырларда күн көрүп жатышат.

Ширин Турдакунова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
batyrhan91
2014-03-03 09:12:11
чек ара дагы естен чыкты булардын
0
Saiha.84
2014-03-03 10:11:48
Копурого кеткен чыгымдын жарым баасы гана корсотулгон.,калганын кайдан алышмак эми...
0
Saiha.84
2014-03-03 10:13:10
Жымсалдатпай ачык эле айтпайбы фамилияларын кимдер откоруп жатканын???
0
Saiha.84
2014-03-03 10:15:29
Бул копуронун таржымалы жакын арада бутпойт...Планы да так иштелбеген,канчалаган ишканаларга терс таасирин тийгизип да жатса....
0
tairbek.
2014-03-03 10:35:19
Мелис ордунда болуп турганда копуро эч кандай проблемасы жок эле бутмок!
0
baha1985
2014-03-03 18:51:09
ушул акылдуулар мурда каякта эленер мелистин тушунда эми мындай болуп калыптыр андай болуп калыптыр эптеп курбай койуштун айласы
0
Nemo_0587
2014-03-03 21:12:41
Биздин чондор тажиктерден коркуп жолду буторо албай атышат, курулуш уланып атат дегени жалган эле. Чек ара боюнча эч кандай деле жылыш жок.
+1
hakker
2014-03-04 17:43:45
Биз оз чонтогубуз учун иштеп баюунун аракетин кылып атканыбызда чек арачылар менен милициялар суукта тонуп бизди кайтарып атышат.Кээ бтр кылмышкерлер оз ажалы менен олсо деле милициялар куноолуу дейбиз.Оз омурун оозуна тиштеп алып коргоп жургон чек арачыларга жана милицияларга медаль берсек да жарашат.Окмот бар эле болсун уй-жай куруп шарт тузуунун ордуна чатырга жашатып коюптур...
0
Almabek
2014-03-04 20:19:50
Баары бир Баткенди карашпайт го бийликтегилер, тээ Акайуп заманынан бери эле КРнын талуу жери ошол жак. 1999-жылдан бери тактап айтканда.
0
jon_jurbos
2014-03-07 00:21:32
О.Текебаев кыйла эле карып калыптыр го чачтары агарып.
0
№ 591, 28-февраль-06-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан