Төрөбай Зулпукаров, Жогорку Кеңештин вице-спикери:«АПАМДЫН КАРААНЫ БАКЧАНЫН ЖАНЫНДА КАЛДЫ»

«Апамды канча кеп кылсам да бүтпөйт, ал жөнүндө cөзүмдү баштасам, бир жума да сүйлөй берем» деген маектешим КСДП фракциясынан Жогорку Кеңеште депутат, вице-спикер Төрөбай Зулпукаров энеси жөнүндө эргип маек курду. Ага болгон сагынычтын илеби ар бир сөзүндө байкалып жатты.

«АПАМ МЕКТЕПТЕ ДА, КОЛХОЗДО ДА ИШТЕДИ»
– Эненин баары эле окшош болсо керек. «Менин апам өзгөчө» деп айтуу кыйын болот го. Апам Патила абдан иштерман, боорукер жан эле. Тыным билчү эмес, кыбырап эле жүргөнү көз алдымда. Жайында талаага картошка түптөгөнү барганда ысыкка карабай иштечү.
Биз сегиз бир тууганбыз, беш эркек, үч кыз. Мындай чоң үй-бүлөгө атамдын милиция кызматында иштеп тапкан айлыгы жетчү эмес. Ошондуктан апам да үй-бүлөлүк кирешеге кошумча болсун деп иштечү. Алгач мектепте китепканада эмгектенди, анан колхозго өттү, кийин бригадир болду. Бригадирлик кызматында топтогон тажрыйбасы менен колхоз тараганда дыйкан чарба түзүп аны жетектеди.

«АПАМДЫН ЧАЙЫ ДА ДААМДУУ БОЛЧУ»
– Апам күлчөтайды, мантыны мыкты жасап, ашты катыра басчу. Ал тургай апам чай демдесе да мага укмуштай сезилчү. Азыр келинчегим даамдуу тамак жасап калса «апамдын тамагына окшошуптур» деп тамашалап калам. Бала кезде эмне гана кылбайсың. Апама калп эле «үй тапшырма аткарабыз» демиш болсок, бизди бир бөлмөгө киргизип, өзү тамеки тизчү. Биз болсо терезеден качып чыгып бийге, отуруштарга кетип калабыз, же жөн эле балдар менен көчөдө ары-бери басабыз. Кайра түнү келип ачык калтырган терезеден кирели десек, апам аны жаап койгон болот. Анан тамекини өткөргөн чоң ийнеси менен бизди тызылдатчу. Кийин аскерге барганда апамды сагынып, эненин кадырын билдим.

«АТАМДЫ КӨРГӨНДӨ ТИТИРЕП КАЛЧУБУЗ»
– Атам бизди катуу кармачу, өзү да сүрдүү киши эле. Кээ бир күндөрү эртең менен апам ойготсо, эркелеп жата берчүбүз. Атамдын үйгө кирип келе жатканын басыгынан билип, кантип ыргып туруп кеткенибизди өзүбүз да билбей калчубуз. Негизи эле атамды көргөндө баарыбыз титиреп калар элек. Албетте бул сыйдан да, коркуу сезиминен да болсо керек.
Биздин тукум спортко жакын. Атам дзюдо боюнча СССРдин спорт чеберлигине талапкер болсо, мен кармашып урушуу боюнча спорттун чеберимин. Салтты улап азыр уулум дзюдо менен машыгат, ага өзүм машыктыруучумун. Анан тапшырманы жетиштүү аткарбаса жазалап коём.
Өзүмдү сырттан байкасам көп жагыман атама окшош экенмин. Мен да орган кызматында иштедим, балдарыма атамдай бекем тарбия берип жатам.

«КЕЛИНЧЕГИМЕ ҮЙЛӨНҮҮМӨ КАРШЫ ЧЫККАН»
– Апам алгач келинчегим экөөбүздүн үйлөнүүбүзгө каршы болгон. Анткени мен тандаган кыз бишкектик эле, өзүм Оштун Ноокатынанмын. Ал кезде жакынкы жердин кызын алуу, алыстан куда күтпөө керек деген түшүнүк күчтүү болчу. Бирок биз апамдын ыраазычылыгын алдык. Баш кошконубуздан кийин бир жылда бир же эки жолу айылга баргандыктан, апам келиндин кызматын аз көрдү. Айылга барып калганда аялыма «апамдын айтканын аткарып кой, бул сенин мага көрсөткөн урматың» деп айтып калчумун. Ал да шаардык экенине карабай, айылдын келиндери менен жарыша кызмат кылды. Таң эрте туруп, эшик таза болсо деле шыпыра берчү. Оштун салтын жакшы аткарды. Ушундай кызматы менен апамдын сүйүктүү келинине айланды.

«КОЛ БУЛГАЛАП КАЛГАНЫ КӨЗ АЛДЫМДА»
– Апамды акыркы жолу көргөндөгү мени узаткан карааны ушул кезге чейин көз алдымда турат. Ал күнү адаттагыдай эле ата-энеме айылга барганбыз. Бишкекке чыгарда апам биздин унаага кирип, «мен да Бишкекке кеттим» деп тамашалап олтуруп алды. Биздин үйдүн ылдыйында бала бакча бар, ошол жерге чейин мага акыл-насаатын айтып келди. Ошондогу сөздөрү азыр сүйлөп жаткандай кулагымда, жан дүйнөмдө орноп калыптыр. Апам «Мен сага ишенем, бешенелүү баласың. Сенин пейилиң өзү менен өзү болуп, ырыскың кенен болот. Бирок элге кызмат кылганды таштаба» деген. Көрсө, бул анын акыркы мага айткан керээзи экен. Унаадан түшүп, кол булгалап бизди узатып, балдар бакчасынын жанында калды.

«ООРУГАНЫН МЕНДЕН ЖАШЫРЫПТЫР»
– 2000-жылы мен Орусияда иштечүмүн. 14-майда Бишкекке келип апама чалдым, трубканы бейтааныш аял алып апама берди. Жүрөгүм сезип «Жакшысызбы, ооруканада окшойсуз?» десем, «жок, баары жакшы» деп сыр берген жок. Көрсө, мээдеги майда кан тамырлары жарылып, ооруканага жаткан экен.»Түнү Ошко чыгам, сизге келиниңиздин белек-бечкеги бар эле» десем, «келбей эле кой» деп такыр болбой койду. Анан аялымдын апама деп берип жиберген жоолугун, алтын шакегин, саатын каттагандардан салып жибердим. Кайра Орусияга аттандым, Алматыдан апама байланышсам, жетине албай кубанып, «келиним алыста жүрсө да мени эстегенине ыраазымын, силерге ак батамды берип жатам» деди. Акыркы сүйлөшкөнүм ошол болуптур. Поездде баратып жүрөгүм бир жамандыкты сезгендей, опкоолжуп, уйгу-туйгу боло берди. 19-май түнү уктай албай койдум. Эртеси күнү мага суук кабар угузушту. Көөдөнүм күйүп кетти. Апамдын «Төкөш» деп эркелеткенин ушуга чейин сагынам.

«Кой десе болбой армияга барып, эненин кадырын ошондо бир билдим».

«Ата-энем жана мен туугандарым менен».

Гүлмайрам Сабырбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
“Апамдын кол булгалап калганы азыр да көз алдымда” дейт Төрөбай Зулпукаров
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
anara-anara
2014-03-03 12:22:25
Кыргыздын патриот инсаны деп билем.Апаныздын арбагы сизди колдоп коп ийгиликтерге жетишиниз.
0
kombat
2014-03-03 22:32:45
Патриотмун деген депутаттар олко учун курошуп камалып чыгышты жана камалып олтурушат. Бул гишиге окшоп ашанын айтканынан чыгалбай,апасын эскерип журот.
-1
step-ap
2014-03-04 07:15:43
Аллах апанызга бейиштен орун берсин.Кыргыздын чыныгы патриотту.
0
murat_ergeshov
2014-03-05 03:40:51
жакшы инсан экен,ар дайым бар болунуз ата эненизди ушунчалык сыйлайт экенсиз,кудай сизди колдосун!
0
kiyazbek
2014-03-09 18:30:46
beyiw enelerdin tamanynyn astynda degen soz bar emespi. andyktan baryybyz ata enebizdi tiruundo syilaily
0
№ 591, 28-февраль-06-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан