Клипмейкер Эрнист Сыдыковго жубайы, «Көк салкын» тасмасында роль жараткан актриса Кымбат Асизова 23-февралда уул төрөп берди. Уулунун атын Эрнисттин ата-энеси Умар деп коюшуптур. Бул тууралуу Эрнист: «Уулум төрөлгүчө көп эле аттарды тандап, анан ата-энемдин сунушу менен Умар деген ысымга токтолдук. Учурда Умар менен Кымбаттын абалы жакшы. Наристебизди көбү мага окшоштуруп жатышат, кимге окшош экенин чоңойгондо көрөбүз да»,- дейт. Айта кетсек, Эрнист менен Кымбаттын тун уулу Замир 1 жарым жашта. Бешик бооңор бек болсун, Эрнист, Кымбат!