«До+Фа-2» тасмасынын жаратуучулары «Пентхаус» аттуу комедия жанрындагы тасманы тартышты. Ал 5-мартта борборубуздун кинотеатрларында коюлат. Комедияны жаратуучулардын бири Нурлан Мамакеев тасма тууралуу маалымат берип жатып: «Эрнест Абдыжапаров «До+Фа» фильминин бет ачарында «тасманы 3 айда бүтүрүп рекорд койдук» деген эле. «Пентхаус» 40 күндө тартылып, монтаждалды. Биз кинону бат тартуу жагынан жаңы рекорд киргиздик деп ойлойм. Тасманын актёрдук курамы тууралуу айтсам, фильмде эпизоддук ролдордо да белгилүү жылдыздар ойношот. Башкы ролдорду «тамашоучу» жигиттер аткарышты. Белгилүү жүздөрдөн Омар, Асел Турдалиева, Абидин Темиров, Камчы Сарыбаев жана башка атактуулар бар. Ал эми «тамашоучулардан» «Ак-Өргө city» командасы ойношту»,- деди.