«Мен сенден сүйүү күтөм» деп ырдаган ырчы кызыбыз Нэна учурда сүйүүдөн бүткөн экинчи наристесин күтүп жаткан кези. Ырчы: «Учурда жети айлык боюмда бар. Кош бойлуулугумдун айынан мындан бир аз убакыт мурун тартылган «Кыялымда» деген ырымдын клибинде кадрга аз түшүп калдым. Аман-эсен көз жарып алсам, жаңы дем менен чыгармачылыкка киришем»,- дейт. Эске салсак, азыр ырчынын 2 жаштагы уулу бар. Биз да Нэнанын аман-эсен көз жарып алышын каалайбыз.