Той ырларынын сазайын берген ырчы Гүлжигит Сатыбековду эми актёр катары да таанып калат экенбиз. Бул тууралуу ырчы: «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат эмеспи, киного тартылууга сунуш түшкөнүнөн өзүмдү кинодо сынап көрөйүн деп жатам. Кинону жаратуучулар менин клиптеримди тартып жүргөн жигиттер, сценарийи менен бир сыйра таанышып чыктым. Буюрса, тартуу иштерин эки айдан кийин баштайбыз»,- дейт. Эми Гүлжигит мырза тасмада кандай роль жаратарын байкайбыз.