КУНДУЗ –ОЙНООК ЖАНЫБАР

Кундуз – суу жээгин байырлаган, териси баалуу, сүт эмүүчү, жырткыч жаныбар. Тегереги токойлуу, камыштуу келген дарыя жана көлмө бойлорунан көп кездешет. Дүйнөнүн көп бөлүгүндө, анын ичинде Кыргызстанда жоголуп бараткан жаныбарлардын катарына кирет. Учурда өлкөбүздүн Алай жана Чаткал өрөөндөрүндө гана өтө аз санда кезигери тууралуу маалыматтар бар. 2000-жылы Бүткүл дүйнөлүк табиятты коргоо коомунун Кызыл китебине киргизилген.

Денесинин узундугу – 55-95 сантиметрге, куйругунун узундугу 25-55 сантиметрге жетет.
Салмагы – 6-10 килограммды түзөт.
10 жылга чейин өмүр сүрөт.

БАЛЫКТАН БАШТАП КОЁНГО ЧЕЙИН ЖЕЙТ
Сууда мыкты сүзүп, чумкуйт. Түнкүсүн аң уулайт. Негизинен балык, андан тышкары курт-кумурска, креветка, краб, бака, коңуз менен да тамактанат. Кармаган курмандыгын 5 манжалуу колдору менен адамга окшоп кармап жейт. Кээде жапайы коён менен кемирүүчүлөргө, суу канаттууларына да кол салат. Бир жылда 1 кундуз 300-350 килограммга чейин балык жейт.



ЭКИДЕН ТӨРТКӨ ЧЕЙИН КҮЧҮК ТУУЙТ
Балдарын курсагында 2 ай көтөрүп, 2-4 бала тууп, 3-4 ай эмизет. Балдары күчүк деп аталат. Ургаачыларынын 2 жуп эмчеги болот.

БАТИРЛЕРИ КӨП
Суунун жээгиндеги дөңсөө жерге ичине суу кирбегидей кылып бир нече ийин казат. Эски ийиндер жана дарактын калың дүмүрлөрү да баш калкалоочу кошумча жай болуп берет.

СУУНУН БЕТИНДЕ ЧАЛКАСЫНАН ЖАТЫП ЭС АЛАТ
Айрым учурда кундуз чарчаганда жана тойгондо суунун бетинде чалкасынан жатып эс алат, уктайт. Кээде кундуздар суунун агымы менен агып кетпейли деп сактанышып, бири-биринин колдорун кармап алып укташат. Күчүктөрү энесинин төшүнө чыгып алып, кургак жатып көшүлүүнү сүйүшөт.


ИЙИНИНИН ТЕГЕРЕГИН 7 МЕТРГЕ ЧЕЙИН ТАЗАЛАЙТ
Ийининин айланасында ташталган чырпыкты же таштын жылдырылып калышын байкап калышса, сактанып ийининен алыс кетпей калат. Таза жаныбар болгондуктан, ийининин айланасын 6-7 метрге чейин тазалайт. Ээлеген аймагын кыгы жана жыныстык бези иштеп чыгарган суюктук менен белгилейт.

ТАШ ЫРГЫТЫП ОЙНОП, КЫШТА ЖЫЛГАЯК ТЕБЕТ
Кундуз сууга таш ыргытып ойноп, кармаган курмандыгын коё берип, кайра кармап эрмектейт. Кышында бийиктен ылдыйга жатып алып жылгаяк тээп көңүл ачат. Күчүктөрү көпөлөктөрдү жана өз куйруктарын өздөрү кубалап, бири-бири менен алышып-жулмалашканды сүйүшөт. Колго бат үйрөнүп, көнүп кетүүчү жагы да бар.



БААРЛАШУУ ҮЧҮН ТҮРДҮҮ ҮН ЧЫГАРАТ
Кундуз баарлашуу жана коркунучту билдирүү үчүн ар түрдүү үндөрдү чыгарат. Мисалы, чырылдайт, чыйкылдайт, ышкырат. Корккондо кышылдап айбат көрсөтөт. Душмандары болуп бүркүт, сүлөөсүн, карышкыр жана башкалар эсептелет. Аларга жолукканда денесиндеги жагымсыз жыттанган суюктукту чачып жиберип коргонушат.

КЫЗЫКТУУ

  • Бразилияда гигант кундуздар жашайт, алардын денеси 2 метрге чейин (мунун 70 сантиметрдейи куйругу) суналат.
  • Кундуздун көп түрлөрү бар. Алардын бир түрү таш менен үлүлдүн кабыгын чагып, ичин жегенди билет.
  • Бангладештин айрым аймактарында балыкчылар кундуздарды мойнунан байлап алып, балык уулоодо колдонушат. Алар балыктарды торго айдап келип беришет.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу:«КУНДУЗДАРДЫН КЫЗ ОЮНУ БОЛОТ ЭКЕН»
– Илгери элибиз кундузду ыйык жаныбар деп, анын эки же үчөөсүн гана атканга уруксат беришкен. Андан ашса каргап салат деп коркушкан. «Кундуз бар жер – ырыскылуу жер, андай жерге сыйынып, зыярат жасаган адам байыйт» дешкен. Мергенчи таякем Жаанбай уулу Нурманбет мага кундуз тууралуу өзүнүн көргөн-билгенин айтып берген эле.
«Тоңдо Калкагар деген жерде кичине көлмө жана анын астында саз бар. Ошол жерге мергенчи туугандарым менен барып, кундузду көргөн элем. Айдын жарыгында мергенчилер болуп аңдып жатабыз. Оо бир убакта алар чыга келишти. Айдын толуп турган кези болгондуктан, кундуздардын жүнү тим эле кулпуруп, жылтырайт. Бул жарыктыктар ай толгондо кыз алып, кыз беришет экен. Кара саздын жээги кундуздар ары-бери өтө берип, тапталып жол болуп калган. Жолдун аркы тарабында 10 чакты кундуз эки буту менен тике туруп карап турат. Берки бетинде бир топ кундуз ошентип турат. Анан тигил 10 чакты кундуздан төртөө бөлүнүп, эки буттары менен басып беркилерге келишти. Беркилерден бирөө бөлүнүп, тигилерге кошулду эле, дагы үчөө алар менен чогуу басты. Мергенчилер жалгыз бөлүнгөнүн колукту, беркилерин жеткирип бара жаткандар деп айтышты. Чогуу жолдун аркы бетине жетишкенде башка кундуздар да барып кошулушту. Анан ары жактагы талаага чыгып алышып, аябай оюн курушту. Эми укмуш кооз көрүнөт экен. Терилери жалт-жулт эле дейт. Чай-чуй деп үн чыгарышып, ушундай секирип ойношту. Элибизде айтылып жүргөн кундуздардын кыз оюну дегени сыягы ошол окшойт».



Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Dasmond
2014-03-04 15:18:47
Ukmush goo
0
joni90kg
2014-03-04 19:27:56
chun ele ukmush eken
0
Sonun90
2014-03-05 02:17:02
Беш манжасы кызык экен. Териси акыйкат баалуу менин да пцец тумагымды 9000 ге алганмын. Аябай туктору сулкулдогон. Тумакты кийип кийин чечип ичин тышына кылып сумкага салып коем. Кайра эшике чыкканда кийип алам эч нерсе болбойт. Ал эми норканы соссуз кармап журосун. Норка модадан деле калды
0
aipo89
2014-03-05 10:37:14
Эс алгандары жакты!!!
0
laki
2014-03-29 01:16:34
Сонун жаныбар го! Тазалыгы жакты
0
myshka406
2014-04-07 13:46:17
:))))
0
Asus77
2014-05-26 16:18:24
Мага да чалкалап жатып алып эс алганы жакты.Кышында кантип эс алышат болду экен ээ?
0
№ 591, 28-февраль-06-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан