ИЗДЕЙМ СЕНИ

«ЖАНЫШ, АТАҢ СЕНИ КҮТҮП ЖАТАТ»
– Мен агамдын баласы Нурлан уулу Жанышты издейм. Ал 1994-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Кызыл-Туу айылында төрөлгөн. Агам менен жеңем Майрамкүл Саркожоева 2000-жылы ажырашып кетип, жеңем Жанышты өзү менен кошо ала кеткен. Жаныш, эгер окуп калсаң, сөзсүз мага байланыш. Атаң Нурлан учурда ооруп жатат, сени чыдамсыздык менен күтүүдө.

Агаң Азамат, тел.: 0777 12-40-17, 0709 12-40-17

«МИРА КЛАССТАШЫМДЫ ИЗДЕП ЖҮРӨМ»
– Мен, Айзада Норузбаева, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Октябрск айылындагы Макаренко орто мектебинде бирге окуган классташым Султаналиева Мира Бешкемпировнаны издейм. Ал биздин мектепте 6-класска чейин окуп, 1978-жылы Токтогулга көчүп кетишкен. Атасы аймактык тескөөчү болуп иштечү. Мира, окуп калсаң кабарлашып, төмөнкү номерлерге чалып кой.

0553 34-87-34, 0553 42-45-78

«АЛТЫНБЕК, КАЙДАСЫҢ?»
– 1990-91-жылдары Ала-Бука районундагы Совет орто мектебине Ысык-Көл облусунун Дархан айылынан келип, 1974-жылкы Алтынбек Асанкожоев аттуу классташым окуп кеткен эле. Кийин кайра эле өз жерине кеткен. Азыр кабарлаша албай жүрөм. Алтынбек, эгерде окуп калсаң байланыш.

Ала-Букада бирге окуган классташың Сали Сатаров, 0777 83-74-98

«КУРСТАШТАР, БАРСЫҢАРБЫ?»
– Биз 1979-1981-жылдары Дүйшөмбүдөгү Индустриалдык педагогикалык техникумда бирге окуган курсташтарымды издейбиз.

Каня Уметова, Мамбет Суеркулов, 0772 69-04-46, 0550 12-11-58

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону:(0312) 47-43-43

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 591, 28-февраль-06-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан