АЗИЯ ЧАКЫРУУ КУБОГУ-2014. КЫРГЫЗДАРДЫН АЛТЫНГА ТЕТЕ КҮМҮШҮ

Бишкек шаарындагы «Городской каток» муз аянтында 24-февралдан 2-мартка чейин хоккей боюнча эл аралык Азия чакыруу кубогу-2014 болуп өттү. Бул мелдеш хоккей спорту жаңы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн арасында өткөрүлүп, Азия алкагында экинчи даражадагы турнир болуп эсептелинет. Үй ээлери менен күч сынашканы Сингапур, Индия жана Макао өлкөлөрүнүн курама командалары келишти.

Болгон аракетин жумшаса да, биздин хоккейчилер 1-орунга жетпей калышты.

ОЮН ЖЫЙЫНТЫГЫ
25-февраль
. Кыргызстан – Сингапур – 6:3; Макао – Индия – 12:0
26-февраль. Кыргызстан – Индия – 6:2; Сингапур – Макао – 2:1
27-февраль. Кыргызстан – Макао – 3:1; Индия – Сингапур – 2:6
Жарым финал. 1-март. Кыргызстан – Индия – 16:2; Макао – Сингапур – 2:1
3-орун үчүн. 2-март. Сингапур – Индия – 3:1
Финал. 2-март. Кыргызстан – Макао – 4:5

ТУРНИРДИН МЫКТЫЛАРЫ:
Мыкты бомбардир
– Абылмечин уулу Канат (Кыргызстан) 8 гол
Мыкты коргоочу – Ви Даниэл Чу (Сингапур)
Мыкты дарбазачы – Те Лин Чу (Макао)
Мыкты чабуулчу – Ким Кей Мок (Макао)

Мыкты бомбардир – Абылмечин уулу Канат (Кыргызстан) 8 гол

МЕЛДЕШКЕ ДАЯРДЫК
Азия чакыруу кубогун Кыргызстанда өткөрүү үчүн Анварбек Өмүрканов жетектеген өлкөбүздүн Хоккей федерациясы чоң иш жасады. Эл аралык хоккей конгрессине катышып, биздин өлкө масштабдуу турнирди өткөрө аларына ишендире алды.
«Мындай чоң мелдеш биздин өлкөбүздө 1-жолу болуп жатат. Бул турнир Кыргызстанда хоккей спортунун өнүгүүсүнө чоң түрткү берип, бизде да өзүбүздүн Фетисов, Харламовдор чыгат деп ишенем»,- деп өз оюн айтты А.Өмүрканов. Ал эми Эл аралык хоккей федерациясынын Азия аймагындагы өкүлү Геральд Спрингфилд бишкектиктерди хоккей майрамы менен куттуктап, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.
Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Сергей Шавернев бул мелдешке мыкты делген хоккейчилерибизди чогултуп, 2 ай катуу даярданышты. Өз үйүндө ойномокчу болгон биздин курама команда чоң эрдиктерге даяр эле. Айта кетчү нерсе, бул турнирдин жеңүүчүсү Азия алкагындагы күчтүү деп саналган элиталык дивизионго чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

БИЗДИН КУРАМА КОМАНДАБЫЗ 1-АЙЛАМПАДА МЫКТЫ ОЮН КӨРСӨТҮШТҮ
Мелдештин эрежеси боюнча, 4 команда 2 айлампа түрүндө ойношту. Биринчисинде бири-бири менен айланма түрүндө, экинчисинде жарым финал жана финал болуп өткөрүлдү.
24-февралда ачылуу аземи болуп, биринчи Макао жана Индия курама командалары беттешишти. Алда канча тажрыйбалуу макаолуктар индустарды 12:0 эсебинде таш талканын чыгарып, өздөрүнүн 1-орунга башкы талапкер экенин далилдешти. Эртеси Кыргызстан – Сингапур беттеши орун алып, күйөрмандардын сүрөөсү астында үй ээлери 6:3 менен жеңишке жетише алды.
Кийинки күнү Индия менен Кыргызстан муз аянтчада кезикти. Мурдагы оюнда 12 шайба өткөрүп жиберген индустар намыстаныштыбы, айтор, коноктор 1-бөлүктү чабуул артынан чабуул коюп башташты. Бара-бара оюнду өз колдоруна алышкан биздин хоккейчилер 1-бөлүктүн 13-мүнөтүндө гол киргизип, оюн эсеби ачылды. Оюндун калган бөлүктөрүндө кыргызстандыктар жыйнактуу оюн көргөзүшүп, жыйынтыгында Индияны 6:2 эсебинде утуп алышты.
Ал эми 3-оюнда Макаону 3:1 эсебинде уткан биздин хоккейчилер биринчи айлампада мыкты команда болуп табылды. Кыргызстан 1-мартта жарым финалдык оюнда Индияны 16:2 эсебинде утуп, финалдык беттешке Макао менен чыкты.

КЫРГЫЗСТАН – МАКАО – 4:5...
Жекшемби күнү Бишкектеги муз аянтына эл батпай, макаолуктардын үшүн алчудай сүрөөн болуп турду. Хоккейди чыныгы мырзалар ойнойт демекчи, бул дивизиондун мыктысы ким экенин аныктаганы хоккейчилер муз үстүнө чыгышты.
Финалдык беттеш болуп көрбөгөндөй чыңалуу менен өтүп, 1-бөлүктүн 2-мүнөтүндө эле макаолуктар эсепти ача алышты. Биздин хоккейчилер да мыкты оюн көргөзүп, оюндун 2-бөлүгүнүн аягында эсепти 4:3 кылганга жетишишти.
Тилекке каршы, оюндун акыркы мүнөттөрүндө Макао оюнчусу сокку узатып, биздин дарбазачы шайбаны тоскону менен, калыстар аны гол деп эсептешти. Мындай адилетсиздиктен өздөрүнө келе алышпай калган кыргызстандыктар дагы бир гол киргиздирип жиберишет. Эсеп 5:4. Оюн бүтөрүнө 5 мүнөттөй убакыт гана калды. Муз аянтчада күйөрмандардын «Алга, Кыргызстан!» деген сүрөөнү кулак тундуруп жатты. Бирок биринин артынан бири коюлган чабуулдарыбыз жыйынтык берген жок. Калыстардын финалдык ышкырыгы менен Макао курамасынын кубанычы жаңырды.

СЕРГЕЙ ШАВЕРНЕВ, Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу:
– Акыркы мүнөттөрдө физикалык жактан чарчап калганыбыз даана байкалды. Ачык эле айтуу керек, биздин хоккейчилерибиз да мыкты формада эмес болуп калды. Жеңиш бат эле келе бербейт. Мындай чоң мелдешке 1-жолу катышып жатабыз жана бул оюндар бизге чоң тажрыйба болот. Макао хоккейчилери, чындыгында, мыкты ойношот экен, коньки тебүүсү да өз ордунда. Биз деле жакшы тээп калдык, бирок комбинациялык оюнубуз аксады. Хоккейчилерибиз колдон келгендин бардыгын жасап, татыктуу оюн көргөзүштү.



АМАН ЭСЕН УУЛУ, Кыргызстан курама командасынын капитаны:
– Утабыз деп катуу даярданып чыкканбыз. Жакшы эле оюн көргөзө алдык деп ойлойм. Жарым финалдык оюнда көп күч сарптап, жаңылыштык кетирип алыптырбыз. Акыркы мүнөттөрдө күчүбүз жетпей калды. Андан дагы Индия менен болгон беттеште негизги курамдагы коргоочубуз жаракат алып калган.
Калыстар тобу эсеп 4:3 кезинде талаш туудурган учурду гол деп санап, нааразычылык жаратышты. Ошол учур оюнду башка нукка бурду. Бизге ишеним арткан күйөрмандарыбыздан кечирим сурайбыз, болгон аракетибизди жумшадык. Биз үчүн бул күмүш алтынга тете.

 

 

Кыргызстан – Макао – 4:5. Дарбазачыбыз Элзар Болотбеков коргонуу учурунда.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Erhan
2014-03-10 13:16:54
Азаматсынар дагы да ийгиликтер коштоп журсун кийинкисинде мындан жакшысына жетишесинер деген умуттомун!
+3
lampard8
2014-03-10 13:33:41
алга Кыргызстан
+2
Taalaibek.
2014-03-10 16:39:58
Жаман ойногон жоксунар. Алга Кыргызстан! Алдыда дагы коп утуштар болсун.
+2
tanges94
2014-03-11 03:05:42
oo aman esenovich,urmat baikebiz korunboit go
0
furkat.0097
2014-03-11 04:21:53
alga kg stan. Kanadany utabyz
+1
vabank
2014-03-11 09:01:39
bolboi kaldyy...
+1
kara-kul89
2014-03-12 18:10:10
алга жана алга КЫРГЫЗСТАН
0
Adik94kg
2014-03-16 21:00:22
Barakelde
0
№ 592, 07-март-13-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан