(Башталышы өткөн сандарда)
Ошентип Айдайдын шаардагы жашоосу башталды. Ойлонуп отуруп окуусу башталгыча шаарда калып, кафелердин биринде иштеп, кем-карчына жеткидей акча таап алмакчы болду. Окуусу башталып, жатаканага студенттерди кабыл алгыча Керимдин досунукунда жашамак болгон эле. Аяш атасынын Зарина аттуу өзү теңдүү кызы бар. Экөө тез эле ынак болуп кетишти.
Бир күнү кечинде Зарина күзгүнүн алдында жасанып жаткан эле.
– Айдай, бул көйнөк жарашат бекен? - деп калды Айдайды токтотуп.
– Ооба, сонун көйнөк экен.
Өмүрү мындай көйнөк кийип көрбөгөн Айдай кызыгып кармалай кетти.
– Бир жакка барасыңбы?
– Ооба, бир курбумдун туулган күнү. Жүрү, чогуу барып келебиз.
– Уят го, ушу кебетем менен барсам курбуларың шылдыңдап жүрбөсүн...
– Эмнеси уят? Жүр, кайра чогуу келебиз. Кебетең жакшынакай эле болуп турат. Менин бир көйнөгүмдү кие тур.
Зарина өзүнүн бөлмөсүнө чуркап кирип, кызыл түстөгү жайкы көйнөк алып чыгып, Айдайга кармата салды.
– Муну кийип көрсөң.
– Чын элеби?
Айдай көйкөлгөн кооз көйнөктү алсамбы же албасамбы деп бир саамга кыйыла тиктей, буйдала түштү.
– Карма! Кечигебиз. Атаман уруксатты мен сурайм. Бол эрте, мен келгиче кийинип даяр тур!
Зарина келгиче Айдай көйнөктү кийип көрдү. Ага көйнөк чак экен, укмуш жарашып калды.
– Кеттик, атам уруксат берди,- деди Зарина өктөм үн ката.
Жолго чыгып алгандан кийин Айдай Заринадан кайда баратканын билүүгө ынтызар болду.
– Биз кайда бара жатабыз?
– Түнкү клубга.
– Концерт көрөбүзбү?
– Кайдагы концерт? Бийлейбиз.
– Аа, дискотекагабы?
– Ооба.
Ортодо бир саамга тынчтык өкүм сүрдү. Анан Зарина бир нерсени эстегенсип кайра сөзүн улады:
– Айтмакчы, азыр менин Тариел деген группалашым келет. Атасы бизнесмен, өзү да шаарда үч кафе иштетет, эң негизгиси жакшынакай бала. Жакшылап таанышып көр, сүйлөшкөн кызы жок, балким, сен чаап аласың...
– Койчу, аның мени карамак беле?
Айдай уяла акырын жооп кайтарды.
– Апей, неге карабайт? Сен деле татынакай болуп турасың. Айтып коёюн, көргөн-билгендериң тууралуу үйдөгүлөргө ооз ачпайсың.
Үйдөн созолонгон Зарина заматтын ортосунда өзгөрүп, шайыр, шок кыз болуп чыга келгенине Айдай таңданып бара жатты. Жетчү жерине да жетишти. Айдайдын башы айлана түштү. Саркеч кийинген шаардык улан-кыздар, жагымдуу музыка, түрлүү дасторкон, жалт-жулт эткен түстүү жарыктар... Жолдо экөө сөз кылган Тариел отурушка эмнегедир кечигип келди. Чындап эле келбеттүү жигит экен. Зарина экөөнү тааныштырып коюп, өзү бийлегени кеткен. Тариелге да Айдай жаккан окшобойбу, жакын келип ыктай отурду да, кепке тартты:
– Чоң кыз, сиз Заринанын кимиси болосуз?
– Азыр убактылуу алардыкында жашап жатам.
– Аа, жакшы. Окуйсузбу же иштейсизби?
– Азырынча үйдө элемин, окуум күздө башталат. Ага чейин иш табыш керек эле...
– Кандай жумуш издеп жатасыз?
– Билбейм, айлыгы жакшы болсо болду.
– Мм...
Тариел кызды баштан-аяк сыдыра карады. Анан кепти алыстан баштады.
– Балким, менин кафелеримдин биринде иштейсиз. Айлыгын убагында төлөп берем.
– Эмне жумуш?
– Азырынча официант болуп турасыз. Бир аз көнсөңүз администратор кылам. Ойлонуп көрүңүз.
Тариел Айдайды карап мээримдүү жылмайды да, жанында турган винодон куйган соң:
– Буга кандайсыз? - деп сунду.
– Жоок!
Кайдан-жайдан алардын жанына Зарина жетип келди.
– Айдай, алып жибер. Кичинекей кыз эмессин го, бир бокалдан эч нерсе болбойсуң, - деди ал да коштой.
Айдай аңчыдан качып, буктурмада калган кийиктей эле болду. Акыры тигилердин көңүлүн кыя албай бирди жутту. Аз өтпөй ичи ысып, беттери тамылжып чыкты. Тариел экөө элден оолак барышып, көпкө чейин сырдашып отурушту. Дискотека бүткөндөн кийин да кечени улантмак болушту. Айдай мындайды күткөн эмес.
– Биз үйгө эле кетели,- деди кетенчектей.
– Түн ортосунда ушул кебетең менен кантип барасың үйгө? Жүр, ушунча болду биз менен чогуу отур.
Зарина баш болуп беркилер аны машинага салып, белгисиз жакка алып кетишти. Көп өтпөй шаардагы кафелердин биринен отуруш уланды. Шаңкылдаган кыздардын күлкүсү жаңырган сайын шараптар суудай куюлуп жатты. Айдай да беркилерге кошулуп кызып калган. Бир маалда Тариел анын жанына басып келип, кулагына шыбырады.
– Жүр, сага иш бөлмөмдү көрсөтүп келейин.
Айдай эч нерседен шекшинбей аны менен жетелешип жөнөдү.
– Мына, ушул жерге эртеңден баштап иштей бер.
Тариел кызга карап жылмайып койду. Аздан соң экөө төрдөгү караңгы бөлмөгө киришти. Беркилер бака-шака түшүп отуруп, экөөнү элес алышпады өңдөнөт.
– Ушундай, мен ушул жерде иштейм. Кел, бийлейбиз.
Тариел шымалана музыка коё салып, Айдайды бийге чакырды. Экөө кыналыша жеңил музыканын ыргагында бийлеп жатышкан. Аңгыча Тариел кызды өпкүлөй баштады. Айдай каршылык көрсөтүүгө аракет кылды. Бирок олбурлуу неме карап турабы, кыздын «мен тазамын, мага тийбечи» деп жалынганына карабастан, акыры өз мүдөөсүнө жетти. Айдай эмне болуп абийиринен айрылып калганына түшүнө албай, караңгы бөлмөнүн ичинде көзүнүн жашын көлдөтүп жатты. Ызага муунуп, бул жакка келгени үчүн өзүнө-өзү нааразы болду. Тариел болсо эч нерсе болбогондой нары карап жатып алды.
(Уландысы кийинки санда)
Асхат Субанбеков