ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (10-марттан 16-мартка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Дүйшөмбү жакын адамдарыңыз менен тил табыша албай, чырдашуудан башталат. Жасаган иштериңиз да оңунан чыкпай, түйшүккө салат. Бирок тоскоолдуктарга моюн бербей аракет кылсаңыз, көздөгөнүңүзгө акыры жетесиз. Аптанын экинчи жарымында айрымдар кызматынан жогорулашы мүмкүн. Жекшембиде баалуу буюмга ээ болосуз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын башында эски маселеге кайрылууга туура келет. Бирок кескин кадамга барып, чечим кабыл алуудан этият болуңуз. Каржылык жактан чоң зыян тартып калышыңыз ыктымал. Андыктан акчаңызды үнөмдүү колдонуңуз. Ал эми аптанын экинчи жарымында ички туюмуңузга ишенип иш кылсаңыз жаңылбайсыз. Апта соңунда жаңы таанышуу орун алат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Максатка жетүү үчүн башыңыз менен жер казып иштөөгө туура келет. Бирок баштаган иштериңиздин жемишин татасыз. Андыктан тоскоолдуктарга карабай аракет кыла бериңиз. Жума күнү алдамчылардын тузагына илинип калышыңыз мүмкүн. Сак болуңуз. Апта соңунда орун алган окуя жеке жашооңуздун нугун жаңы багытка бурууга себепкер болот.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Айланаңыздагыларга жоопкерчиликтүү мамиле жасаганга тырышыңыз. Бул сиздин ишиңиздин илгерилешине өбөлгө болот. Буга чейин чечилбеген маселенин жолун таап, араздашкан же таарынышкан эки тарапты жараштырууга себепкер болосуз. Апта аягында достор менен эс алуучу жайга баш багасыз.


АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада шашылыш чечим кабыл албаңыз. Болбосо анын арты жагымсыз жагдайга кептеп коюшу мүмкүн. Керек болсо белчеңизден карызга малынып калуу коркунучу да бар. Ошондой эле келечектеги иштердин аткарылуусу үчүн айрым учурда калп айтууга мажбур болосуз. Аптанын соңунда айрымдар узак сапарга аттануусу күтүлүүдө.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Кирешеңиз көбөйүп, капчыгыңыз акчага толот. Жаңы тааныштардан сунуштар түшүп, иш жагынан алдыга жыласыз. Сиз үчүн жума бир аз кооптуу болуп саналат. Бул күнү күтүлбөгөн окуядан маселе жаралышы ыктымал. Бирок ага өтө кылдат мамиле жасап, абалды байкап туруңуз. Апта соңу адаттагыдай үйдө эс алуу менен өтөт.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Ишиңизге жоопкерчиликтүү болбосоңуз, каржылык жактан капчыгыңыз жукарып калышы мүмкүн. Андыктан ишке көңүл коюп мамиле кылган оң. Ошондой эле биринчи ишти бүтпөй жатып, экинчисин мойнуңузга артпаңыз. Аптага жумуш боюнча жолугушууну белгилебей эле койгонуңуз оң. Ийгиликтүү болбой калышы мүмкүн.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Ийгилик ташы сиз тарапка ооп, иштериңиз жүрүшөт. Материалдык жактан абалыңыз жакшырып, айрымдар кызматынан көтөрүлүүсү күтүлүүдө. Жекшембиде денеңизге жаракат келтирип алуу коркунучу бар, этият болуңуз. Ортодон үй-бүлөдө пикир келишпестиктер чыгат. Кандай болгон күндө да сабырдуу болуңуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Иш күн күтүүсүз, өзгөчө жаңылык менен башталат. Ал эми тааныштар сунуштаган ишке акча салууга шашылбай туруңуз. Жакшылап иликтеп көргөн соң гана каражат жумшаңыз. Бойдоктор жагымдуу жолугушуу өткөрүшү мүмкүн. Ал эми аптанын соңку күнү жакындарыңыздын колдоосу менен кыялыңыздагы нерсе орундалат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Токтоп калган ишти жандантып, лидерликти колго аласыз. Чечилбей жаткан суроону чечүүдө сиздин сөзүңүз чоң мааниге ээ болот. Шаршембиде капчыгыңыз бош калбасын десеңиз, байге сайыштарга катышуудан баш тартыңыз. Жума күнү жолуңуз болбой кыйналасыз. Аптанын соңку күнү адаттагыдай үй-бүлөңүздүн кашында болосуз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптанын алгачкы жарымында мүмкүн болушунча активдүү болууга аракет кылсаңыз, көп иш бүтүрөсүз. Тобокелчиликке салуудан коркуп, иштен баш тартпаңыз. Көзүңүз жетпеген маселеде жакындарга жардам сурап кайрылсаңыз, жолу табылат. Ишембиде тапкан акчаңызды чачып салбайын десеңиз, эс алууга чакырган достордун азгырыгынан баш тартканыңыз оң.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Күтүүсүз окуя жашооңузду өзгөртүшү мүмкүн. Маанилүү иш боюнча чечимдерди кабыл алууда башкалар менен кеңешип иш кылыңыз. Болбосо ката кетирип, бармагыңызды тиштеп каласыз. Аптанын экинчи жарымында бойдоктор издеген адамына кезигишет. Ал эми таарынышып кеткен түгөйлөр кайрадан тил табышат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 592, 07-март-13-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан