Үстүбүздөгү жылдын 20-июль күнү Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Маданият айылында жүрөктүн үшүн алган кырсык болгон. 5 жаштагы Мадияр кызы Ширин ойноп жүрүп, кеч киргенде үйүнө жол кесип өтмөкчү болгондо жүк ташуучу КамАЗ коюп кеткен. Бактыга жараша периштедей кыз аман калса да, кайдыгер мамиледен улам бир өмүр майып болуп калды.
“Уруксат албай эле колун кесип салышты”
Шириндин кейиштүү тагдырына бир да адам кайдыгеркалбас. Кичинекей кыз килейген КамАЗдын дөңгөлөгүнүн алдында калып, айдоочу Керимкулов Анаркул окуя болгон жерден качып кеткен. Бул окуянын жагдайын толук билүү үчүн Бишкек шаардык №3 балдар бейтапканасында үч айдан бери дарыланып жаткан Шириндин ал-акыбалын сурап, таенесин кепке тарттык. Роза апа “мындай кырсыкка эч бир жаш жеткинчек кабылбасын” деп сөзүн баштаары менен көзүнө жаш тегеренип, анан өзүн-өзү жоошутуп, окуяны кыскача баяндап берди.
– Ширин кызымдын дөңгөлөктүн алдында калганын укканда айыл жаңырта чыңырып жөнөдүм. Акыбалын көргөндө эс-учумду жоготуп коюптурмун. Эсиме келсем, кызымды кошуналар райондук ооруканага алып кетишкен экен. Мен да артынан жетип бардым. Врачтар кызымдын абалын көрүп, «эч жардам көрсөтө албайбыз» дешип, облустук бейтапканага жөнөтүштү. Ал жерден врач-хирург Үркүнбаев Жолдошалы алгачкы жардамын көрсөттү. Операциядан чыккан доктур “кызыңардын өмүрүн сактап калсак да эки колун сактай албадык” деп чыканагынан ылдый кесилген колду целлофанга салып бизге сунду. Эмне бизге бир ооз айтпай туруп кесесиңер дегеним менен, кызымдын аман калганына сүйүндүм. Дарыгер “эми Бишкекте дарылансын” деп, түндө Бишкектен санавиация чакыртты. Ал үч сааттын ичинде жетип келип, бизди борборго алып кетти.
“Кызым, колуңду кайра салып беришет”
– Андан бери кызыбыз башынан беш жолу операцияны өткөрдү. Эки ай мурунку абалына салыштырмалуу, кудайга шүгүр, сакайып баратат. Бирок күндөн-күнгө эсине келген кызым жүрөктү оорутуп, ар кандай суроолорду берип жатпайбы. Мисалы, “апа, мен эми кантип тамак жейм, балдар менен кантип ойнойм? Анан алар колуң кана деп сурашса, эмне дейм?” дейт. Менин болсо, кызым, сенин колуңду доктурлар дарылап жатат. Бейтапканадан чыгарда кайра салып беришет деп сооротуудан башка айлам жок. КамАЗ сүрүп барып дөңгөчкө такаганда белинин териси шылынып, колу жанчылып калган экен. Кайсы доктур экенин айтпай эле коёюн, бирок анын айтымында, жок дегенде бир колун кеспей аман алып калганга болмок экен.
“Жээниңерге эмне мынча күйөсүңөр?!”
– Эми колун салып берүүгө каяктан каражат табарыбызды билбейм. Доктурлардын айтымында, ал үчүн 17 миң евро керектелет экен. Бүгүнкү күндө дарыканага эле 13 миңден ашык карызыбыз бар. Ширинимди ушул акыбалга алып келген Керимкулов Анаркул бул акчаны башында төлөйм деп, кийин айнып кетти. “И так силер үчүн милиция кызматкерлерине 50 миң сом акчам кетти. Эми билгениңерди кылып алгыла. Кызың саксаңдап жолго өзү чыга калган. Жакшылап карабайсыңарбы?! Анан эмне эле мынча күйүп жатасыңар?! Силерге бул кыз жээн эле экен го!” деп койду.
Кылмышты кылган соң башын жерге салып кечирим суроонун ордуна мага минтип атырылганын кандай түшүнсө болот? Эмне, 50 миң сом менен кылмыш иши жабылат деп ойлойбу? Жок, калыстык бар. Акыйкаттык бар экенине ишенем!
Тергөө жүрүп жатат
Жабыр тарткан үй-бүлө укугубуз тебеленди дешет. Айдоочу кылган күнөөсү үчүн жооп бербей минтип боштондукта жүрөт. Бакай-Атанын ички иштер бөлүмү бул ишти жаап койгонун укканда Шириндин жакындары “укугубузду коргой тургандар табылар” деп жакшы юрист издешет. Жакшы юристке да жакшы акча керек. Болгон каражатын ооруканага жумшап жаткан үй-бүлө баары бир ааламда айкөл адамдар бар экенине ишенишип, “Статут” юридикалык компаниясына кайрылышат.
Компаниянын президенти Бопоев Назаркул окуяны укканда бекер жардам көрсөтүүгө сөз бериптир. Ал: «Шириндин кең келечегине балта чапкан адам мыйзам боюнча өз жазасын алууга тийиш. Окуяны укканда фирманын атынан Таласка юрист жөнөттүм. Ал үч күндүн ичинде райондо жабылган кылмыш ишти көтөрүп, Талас облусунун прокурору Акышев Талантбекке тапшырды. Учурда аталган кылмыш иши боюнча иликтөө жүрүп жатат. Акыркы маалыматтар боюнча ишти жапкан тергөөчү А.Кокоев кызматынан четтетилди. Анын да үстүнөн текшерүү, тергөө иши жүрүп жатат. Ал эми хирургдардын жакындарынан уруксат албай туруп кыздын колун кесип салышын да териштирүү керек»,- деп билдирди.
Ортопед Сабырбек Жумабеков: «Эң негизгиси, кыздын өмүрүн сактап калышты»
“Кызга доктурлар тийиштүү жардамын беришпедиби? Колун кеспей эле аман сактап калууга мүмкүн беле?” деген суроолор менен ортопед Сабырбек Жумабековго кайрылдык.
– Ошол учурда абал кандай болгонун өз көзүм менен көрбөгөн соң толук кандуу комментарий бере албайм. Ал жерде жогорку билимдүү, көп жылдык тажрыйбасы бар врачтар иштейт. Менин башымдан 1 секунд да чоң роль ойногон кырдаалдар өткөн. Балким, доктур туугандары менен кеңешкиче кыз каза болуп калуу коркунучу пайда болгондур. Эми, бири кем дүйнө да. Доктурлар өз ишин аткарды. Ушундай оор абалда да анын өмүрүн сактап калышты.
Ширин дале ооруканада. Качан чыгары али белгисиз. Таенеси небере-жээнине “колуңду салып беришет” деп жоошутканы менен, өзүнчө “кайсы каражатка кол салдырабыз?” деп көзүнөн жаш чуурутат. Учурда алар боорукер бардар адамдардан жардам сурап турган чагы. Ал эми шектүү деп саналган адамга сот кандай чечим кабыл албасын, ал чечим Ширинге өзүнүн мурунку мотурайган манжаларын кайрып бере албайт. Бирок калыстык бар экенин сездириши мүмкүн. Соттун чыгарган чечими тууралуу гезитибизде кабарлайбыз.
Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg