«ЖЕТИ БАЛАМДАН АЖЫРАП, ТИЛЕМЧИЛИК КЫЛЫП КАЛДЫМ»

Баланын билеги ооруса, эненин жүрөгү ооруйт. 6 баласынан удаа ажырап калыш эне үчүн кандай гана азап. Ал аз келгенсип, таянар тоосу, акыркы жалгыз уулу да каза таап, аны акыркы сапарга өз колу менен узата албай калган Насыйкат апа 3 жашар небересин ээрчитип тилемчилик кылганга өткөн.

КАЙЫРЧЫ КОЛ

Анатай Өмүрканов

Жоолугун жайып таштап кара жолго,
Карегинен арманындай агып шору.
Солкулдап сооп тилеп турган бу кол –
Тилемчинин колу эмес, заман колу.
Үмүттүү жалт-жулт карап оңго-солго,
Жанын эзип жарым тиштем нандын жогу.
Калчылдап кайыр сурап турган бу кол –
Кайырчынын колу эмес, коом колу.
Маңдайына коюп алып майыптыгын,
Ырдап турган немис ырын, ооган ырын.
Кайырчынын, тилемчинин колдору эмес,
Сенин колуң, жыйырманчы таш боор кылым!

«КҮЙҮТКӨ ЧЫДАБАЙ ООРУКЧАН БОЛДУМ»
3 жашар небересин жетелеп, кайыр сурап күн көргөн, улгайып калган апаны дайыма көрчүмүн. Бул ирет Насыйкат апаны «Ош базарынын» аймагынан издеп таппай койдум. Анын баш калкалап жүргөн жерине барып, апанын жашоосу менен таанышып кайттым.

Насыйкат апаны алыскы Лейлек районунан Бишкекке көр тирилик айдап келген экен. Учурдагы баш калкалап турган батиринин акысы үчүн 2500 сом төлөйт. Апа жашоого каражатты кайдан таап, небересинин курсагын кантип тойгузарын айтып берди.
– Менин азыр эч кимим жок, жалгызмын. Ушул неберем үчүн эле жашайм. Бишкекке келип тиричилик кылып жатканыма 8 жылдай болуп калды. Тилекке каршы, балдарымдын улам бири чуркап көзгө көрүнүп калганда эле удаа каза болуп, заматта 6 баламдан ажырап калдым. Алар 3-4 жашка барганда эле чарчап кала беришти. Ошентип, күйүттөн улам оорукчан болуп калдым. Оорум кармаганда эч нерсени карабай, тамак ичсем ичип, ичпесем бир чекитти тиктеп отура берчүмүн. Ары жакта балдар эмне болду, алардын ичкен-жегени эмне болуп жатат, аны менен ишим да жок эле.
Ошентип, бирде соо, бирде оору болуп жүрүп, жалгыз балабызды эрезеге жеткирдик. Абышкам 55 жашында каза тапты. Балам иштеп келем деп Бишкекке кетип калды. Бара-бара кайын журтум да менин ооруман тажап бүтүштү. Бир аз эсиме келгенде мен да уулумдун артынан Бишкекке бармак болдум. Үйдү кайниме карап тургула деп таштап, шаарга келип баламды издеп араң дегенде таптым. Уулум алгач базарда араба түртүп, кийин балдарга кошулуп курулушта иштеп калды. Батирге чыгып жашап жүргөндө балам үйлөнүп, мени келиндүү кылды. Жашообуз жакшырып калды деп сүйүндүм.

«КАЙНИМ ҮЙҮБҮЗДҮ ТАЖИКТЕРГЕ САТЫП ЖИБЕРИПТИР»
– Бир күнү Баткенге үйдөн кабар алып келейин деп барсам, үйдө бир тажик үй-бүлө жашап жатыптыр. «Чыккыла, үй меники» десем, «билгениңди кыл, биз сатып алганбыз» деп кууп чыгышты. Көрсө, кайним тамыбызды сатып ийип, Бишкек шаарынын четинен там алып көчүп кетиптир. Темселеп кайра Бишкекке келдим. Кайнимди таап, там тууралуу сүйлөшөйүн десем улам бир күнгө болжоп, «ошондо кел, жарым акчасын берем» дей берди. Уулум экөөбүз дубанадай болуп күнүгө барабыз. Бир күнү балам барып, дасторкондо отуруп жөтөлсө, ага «сен эми көп келбе. Оорукчан экенсиң, балдарга жугат» деп кетирип ийиптир. Ошондон кийин ал да катуу таарынып, экинчи баргыс болду. Ошол боюнча же тамдан жок, же анын акчасынан дайын жок, кайним Орол бир да тыйын кайрып бербеди.

«ЖАЛГЫЗ ТАЯНАР ТООМДОН АЖЫРАДЫМ...»
– Үйгө келген соң капалангангабы, баягы оорум кайра кармап калды. Балам болсо акыркы күндөрү ичип кетти. Мага акча таап берип, эптеп бир туугандарыма, Баткенге кетирди. Ал жакта алаксып, бул ирет мурункудай көпкө ооруган жокмун. Оорумдан жакшы болуп, кайра Бишкекке келсем, батирибизде эч ким жок. Баламды издеп туугандарыма барсам, анын каза болуп калганын угузушту. Келиниме жолуксам, ал уулумдун ашказаны ооруп, операция жасалып, бирок жакшы боло албай каза болгонун айтты. Доктурлар баламдын туугандары деп кайниме байланышса, сөөктү алып кетебиз деп, бирок барбай коюшуптур. Ошондо моргдогулар баламдын сөөгүн Чоң-Арыктагы көрүстөнгө алып барып көмүшүптүр. Кийин мага уулумдун көмүлгөн жерин көрсөтүштү.
Акыркы сапарга өзүм узата албаганыма күйүтүм күч болуп, Кудайга үнүм жеткиче көрүстөндү тытып ыйладым. Балдарым улам токтобой кайтыш боло бергендиктен, таштай бекем болсун деп атын Таштанбек койгонбуз. Тилегиме жеткен жокмун. Артында туяк калса деп жүргөм, кийин келиним андан кыз төрөдү. Балам кызынын жүзүн көрбөй, 2011-жылы 25 жашында кете берди.

«ТИЛЕМЧИЛИК КЫЛЫП ЖАН БАГЫП КАЛДЫМ»
– Келиним уулума турмушка чыкканга чейин да турмуш куруп, бирок ажырашып кетишкен экен. Мурунку күйөөсүнөн 2 баласы бар болчу. Таштанбегимден калган неберемди мага бер деп сурансам, макул болду. Неберем Сабира учурда 3 жашта. Экөөбүз ээрчишип көрбөгөн азап калган жок. Балам каза болгондон кийин мен да алдан тайып, соо жерим жок. Азыр эми алтымышка таяп калдым. Көп жылдан бери «Ош базарынын» аймагында тилемчилик кылып жан багып келдим. Кийин арча сатканга өттүм. Таң эрте машина менен бирөөлөр арча алып келишет. 2-3 кап кылып сатып алам да, үйгө алып келип тегиздеп, боо-боо кылып байлайм. Анан неберем Сабираны жетелеп, арчаны көтөрүп алып базардын алдына туруп сатам. Кечинде чогулган тыйыныма бир аз азык-түлүк алып, калганын батир акысына деп чогултам. Акча жок, батирден батир алмаштырып, эшикте калган да күндөрүм болду.

«БООРУКЕР АДАМДАР КӨП ЭКЕН»
– 2013-жыл аяктап, жаңы жылга жакындап калганда мага «журналистпиз» деп кыздар келишти. Мен жөнүндө, кызым Сабира тууралуу да жогору жакка маалымат жеткен окшойт, документтерибизди тууралап беребиз дешкен. Кийин кайрымдуулук фондунан бир топ кызматкерлер келип, паспортко документтеримди топтоп, тиешелүү жактарга тапшырып беришти. Паспортумду бир айдын тегерегинде келип калат дешти.
Анан «интернеттен көрүп, сизден кабар алайын дедим» деп Азим аттуу бала келди. Менин суукта базар кыдырып арча сатып жүргөнүмдү силер (ред. Super.kg порталы) келип тартып кетпедиңер беле. Ошону көрүп, мага жардам көрсөтөм деп келиптир. Ал Түркияда жашайт экен. Мага кийим тиккен чоң машина, анан кебез, кездеме сатып берди. Азыр базарга чыгып тилемчилик кылбай калдым, себеби үйдө кылганга жумушум бар. Кездемелерди бычып-тигип, жууркан жасап сатам. Жаңы жылдан бери 12ни жасагам, азыр 4-5өө калды.
Буга чейин үй ээсинин дубалы көчүп, урап калган үйүндө жашачумун. Эми алар башка үй алып көчүп кетишип, алар жашап жүргөн үйүнө мен кирдим. Ижара акысын мурункуга караганда 500 сомго кымбат төлөп калдым, бирок шарты кыйла эле жакшы. Тирүү кишинин ырыскысы түгөнбөйт деген чын экен, көп адам жардам берди. Бир сом болсо да кошумчасын кылып жардам бергендин баарына бассам-турсам ден соолук тилеп, ар бир окуган намазымда айтып жүрөм.

Насыйкат апанын кейиштүү тагдыры буга чейин SUPER.KG порталында баяндалган эле. «Ошондон кийин жаш балдар чогулуп жардам көрсөтүшүп, Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, үйүмдү оңдоп, электр жабдууларды ырастап беришти. Азим дагы менин жашоом тууралуу баянды Түркиядан көрүп-билиптир. «Бир бөлмөлүү үй алып бергенге жардам беребиз» дегендер да бар» деп кошумчалады. Минтип кээ бир адамдардын арманын коомго жеткирип, андан улам жашоосуна аз да болсо жардам кылганыбызды сезгенде кесибибизден чыныгы ырахат алабыз. Балким, апанын мындан аркы жашоосуна да көмөгүбүз тийип калар.

Насыйкат апа кыштын суугунда тилемчилик кылбай, жылуу үйдө кол өнөрчүлүк менен алектенип калганын айтып кубанды.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Кайыр сурабай калдым" дейт Насыйкат апа
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
meliss
2014-03-10 23:40:40
саламатсынарбы супер инфо кантип акча которсом болот Насыйкат апага?
0
admin_media
2014-03-11 10:26:31
meliss,
Саламатсызбы! http://www.super.kg/media/stv/104265/ ушул видеодо даректери көрсөтүлгөн.
0
arisbekov
2014-03-11 02:34:58
Коп жашаныз Насыйкат апа сизге аллах ден соолук омур берсин
0
lazygirl
2014-03-11 05:28:19
МаашАллах! Жардам корсоткон Азим байкеге Аллахым ыраазы болсун!
0
jojoshka03
2014-03-11 10:29:43
насыйкат апа эч качан оорубаныз
0
tokio1991
2014-03-11 11:02:48
насикат апа узак жашап неберениздин урмат сыйын горун!.сизге алла жардам бериптир.
0
Saiha.84
2014-03-11 11:14:02
Кыйынчылыктарды женип,небересин багып аткан чон энебизге таазим гана этебиз.Супер инфо азаматсынар!!!
0
maks14
2014-03-11 13:28:04
500 ден соолугунуз чын болсун неберениздин убайын корунуз
0
Aizat_1991
2014-03-11 16:23:09
Аллах узун омур, ден-соолук берсин сиздерге жана жардам бергендерге рахмат биз да колдон келген жардамыбызды беребиз буйруса.
0
myshka406
2014-03-11 17:08:18
аягына чейин окуп буткончо, биздин(ата-энемдин уйуно, алар коп уйсуз-жайсыз калган туугандарды багышкан)уйго алып келип багып баштадым эле(оюмда)аягына жетип, кудайга шугур, СИ чоон ыраазычылык, чын эле пайдалуу иштер болгону кубандырат,элибизге тынччылык,токчулук, кен пейил каалайм
0
byityk
2014-03-13 06:15:02
Мурунку уйуно караганда бул уйу аябай жакшы экен , коруп алып суйунуп калдым. Акыркы жолу уйунор барганда коркунучтуу жер болчу, журогум ооруп келди эле. Суперге рахмат, жана форумчуларга .
0
Sairagul77
2014-03-13 19:03:16
Небереңиздин бактысына бар болуңуз.Көргөн кыйынчылыктарыңыз артта калган болсун.
0
bakythka
2014-03-14 02:20:26
Эже бактылуу омур сурун, небериздин бактысын сый урматын корунуз!!!
0
malika_88
2014-03-25 10:51:27
Насыйкат апанын омуру узун болсун, кудай береририн унутпасын мындан кийинки жашоосу жакшы болушуна тилектешмин
0
kara-kul89
2014-03-27 17:14:06
Allahym akyl bersin baarybyzga 4on 4on toilordu otkozobuz ysrap kylabyz kop nersege uwundai adamdarga jardam bersek sop bolotko dostor jardam bereli e dostor
0
Aruwka.89
2015-09-18 15:14:35
Окуп алып ыйладым, Алла колдосун
0
№ 592, 07-март-13-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан