– Бир жолу агент аркылуу бир сулуу кыз менен тааныштым. Татынакай, бишкектик, тим эле орусча жазат. Тез эле ынак болуп кеттик, тынбай жазышабыз. Эртең менен кутман таң тилеп, кечинде «бейпил түн» деп укмуш сөздөрдү жазат. Бир ай дегенде мен аны чындап сүйүп калдым. «Жолугушалы» десем ар шылтоону айтып жолукпайт. Анан «Ак кемедеги» Жаныш, Куба болуп Көлгө барып калдык. Тиги сүйгөнүмө жазсам, ал да «Көлдөмүн» деп, жолугушмай болдук. Жаңылыкты досторума айтсам алар да ээрчип алышты. Жүрөгүмдүн дүкүлдөгөнүн айтпа. Жасанып алып белгиленген жерге жетип бардык. Жарым сааттай күттүк, балдар «кетели» дейт, мен болбойм. Бир оокумда досторумдун көз карашынан шекшип калдым. Көрсө, мени сүйүү отуна жандырып жүргөн досум Жаныш экен. Жазган каттарыбызды кайра окуп алып аябай каткырдык.