Кубат Оторбаев, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору:«САЯСАТТА ТЕҢ САЛМАКТУУЛУКТУ САКТООГО АРАКЕТ КЫЛЫП ЖАТАБЫЗ»

КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев элдин ишениминен кеткени үчүн токтотулуп, учурда коомчулукта кызуу талкууга алынган «Аалам сырлары» берүүсү жана бир нече жылдан бери өзү жетектеп келе жаткан мекемедеги иштер тууралуу гезитибизге кенен маек куруп берди.

– Кубат мырза, дагы бир жылдын жыйынтыгын чыгардык. Өткөн жылдын маанилүү учурлары эмне болду?
– Былтыркы жыл 2012-жыл сыяктуу эле жемиштүү болду. Орчундууларына токтолуп өтсөм, кызматкерлерибизди Түркиянын ТРТ каналына, Улуу Британиянын Би-Би-Си
корпорациясына жана Чехияда жайгашкан «Азаттык» радиостанциясына окууга жөнөтүп баштадык. 20дан ашуун кызматкерибиз чет өлкөдөн тажрыйба алып келишти. Мисалы, алып баруучулар Лунара Мамытова, Канат Авазбеков, Чынар Капарова, Мээрим Сырдыбаеваны белгилей кетсек болот.
Мезгил талабына жараша, уюлдук телефондор менен планшеттерден кире алчудай кылып сайтыбызды жаңыладык. Былтыркы жылы 100дөн ашуун өлкөдөн желедеги баракчабызга
5 миллионго жакын адам кирди.
Балдарга билим, тарбия бере турган «Баластан» телеканалы менен Кыргызстанда жашаган элдердин ынтымактыгын чыңдоо максатын көздөгөн «Достук» радиосу ачылды. «Миң кыял» радиосунун чыгуу алкагы кеңейип, угармандар аны республиканын түрдүү булуң-бурчунан тыңшай турган мүмкүнчүлүккө ээ болушту.
Алтын казынабызда сакталган баалуу мурастарды элге тааныталы деп, Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган аудио жана видео топтомдор жарык көрдү. «Улуу Айтматов» деп аталган аудиоантологиянын ичинде «Кызыл алма» жана «Биринчи мугалим» чыгармаларын залкар жазуучунун өзү окуган версиясы камтылган. Фильмдер жыйнагы 4 кыргыз жана 4 орус тилиндеги тасмалардан турат.

– Быйылкы жылга карата пландарыңыз кандай? «Манас» эпосунун дисктери да чыгарыларын уктум эле...
– Ооба, ал 8 дисктен туруп, улуу манасчы Саякбай Каралаевден тартып Уркаш Мамбеталиевге чейинкилердин «Манас» айтып берүүсү түшүрүлгөн. Казынадагы эбегейсиз чоң архивди элге алып чыгууну эп көргөнүбүз бир болсо, мунун эсебинен кошумча акча табуу маселесин чечүү эки болуп жатат.
Ушул жылдык планга белгиленген чоң иштердин катарында 2-апрелде тушоосу кесилүүчү «Маданият» каналы турат. Ал буга чейин ачылган «Музыка» каналынан салмактуулугу менен айырмаланмакчы. Опера-балет жана драма театрынын постановкалары, цирк көрсөтүүлөрү, классикалык жана салттуу жанрдагы музыка, сүрөт галереялары жана башка ушул чөйрөлөр тууралуу маалыматтарды камтыйт.

– «Музыка», «Баластан», «Маданият» каналдары санариптик берүүгө өтүүнүн алкагындагы иштерби?
– Ошондой. Анын үстүнө быйылкы жыл санарипке өтүүнүн акыркы жылы. 2015-жылдан тартып бекер көрсөтүлө турган 10 каналдын ичине биздин корпорациядан төртөө кирет. Алар: Биринчи коомдук канал, «Баластан», «Музыка» жана «Маданият». Санариптик берүүгө өтүү жараянынан улам да, техникалык жабдууларды жакшыртуунун үстүнөн чоң иштерди жүргүзүү турат.

– Депутаттар КТРКнын жаңылыктар берүүсүнө карата «өткөн күндөн сабак албай жатабыз, канал эски кейпин кийип, бийликтин кара жашигине айлана баштады» дешүүдө. Сиздин комментарийиңиз?
– Ар бир депутаттын артында кайсы бир саясий күчтөр же партиялар турат. Биз колдон келишинче парламент ичиндеги, анын тышындагы ошол эле партиялар жана саясий күчтөрдүн тең салмактуулугун сактоого аракет кылып жатабыз. Иштин төркүнү аталышы Коомдук канал болгону менен, биз иштеп жаткан мыйзамдар, каржылоо маселеси башка министрликтердин катарында эле мамлекеттик мекеме экенибизди аныктаганында. Мыйзамдын жолу катуу жана аны биз аткарышыбыз керек. КТРКнын чыныгы коомдук каналга айланышы үчүн фундаменталдуу 2-3 маселени чечүү зарыл.

– «Аалам сырлары» берүүсүндөгү чуулгандуу иштен улам КТРКдагы коррупция фактыларын аныктоо үчүн ишеним телефонун ачтыңыздар. Кайрылгандар болдубу?
– Телефондун номуру эфирден кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, аты-жөнүн айтпай аноним түрүндө телефон чалгандар бар. Биз ар бир факт боюнча ички иликтөө жүргүзөбүз.
КТРК бул окуяга катуу көңүл буруп жатат. Аудио жарыяланар замат эле коллегиянын жыйыны болуп өтүп, анда 4 чечим кабыл алганбыз. Окуянын чын-бышыктыгы аныкталганга чейин берүүнүн көрсөтүлүүсүн токтото туруу, анын кызматкерлерин иштен четтетүү, топтолгон материалдарды, анын ичинде аудиожаздырууну укук коргоо органдарына өткөрүп берүү, корпорациянын өзүндө коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү максатында ишеним телефон линиясы менен электрондук почта ачуу. Тиешелүү буйрукка ылайык, юридикалык бөлүм тарабынан атайын эскертме иштелип чыкты. Кызматкерлер мыйзамдан тыш кадамдарга барган учурда кандай жоопкерчиликке, кайсы мыйзамдын негизинде жоопкерчиликке тартылары көрсөтүлүп берилди.

– Демек, мындай көрүнүш сиздер үчүн да жаңылык болдубу?
– Буга чейин былтыр иштеп чыккан корпоративдик кодекс деген бар болчу. Бул сапар дагы бир жолу өзүбүздүн коррупцияга каршы күрөштө алдыңкы сапта туруу керектигибизди көрсөтүү муктаждыгы болду.

– «Аалам сырлары» «калктын ишениминен кеткени үчүн токтотулду» деп жарыяланганына карабай, долбоордун алып баруучусу менен режиссёру «жакын арада эфирден кетет» деп билдириптир...
– Териштирүү иштери аягына чыгып, укук коргоо органдары «ак-көк» демейинче көрсөтүү эфирге чыкпайт. Баса белгилей кетейин, 23-февралда долбоорго чакырылып жүргөн 10дой эксперттерди чогулттук. Алар катышуучулардын деңгээлин сынап турушчу экен. Алар менен өзүм сүйлөшүп, эксперттерге «долбоордо коррупциялык элементтерди байкадыңызбы?» деген суроо узаттым. Баары эле «байкаган жокпуз» дешти.

– Буга чейин бизге берген маегиңизде каналдын берүүлөрүнө карата коомдун пикирин билүү үчүн сурамжылоо жүргүзүлөрүн айттыңыз эле. «Аалам сырларынын» биринчи сезонунан тартып эле коомчулукта кайчы пикирдегилер көп болгон да?..
– Аталган берүүнүн өзүнө атайын сурамжылоо жүргүзүлгөн эмес. Бирок буга чейин жүргүзүлүп келген сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча, «Аалам сырларынын» рейтинги «Ала-Тоо», «Сармерден», «Балдардын сынагына сынбайсыңбы?» деген сыяктуу берүүлөрдүн катарында жогору чыгып келген. Долбоордун биринчи сезонунда эле талаш-тартыш орун алганын эң жакшы билебиз. Бул маселе Байкоочу кеңеште да талкууга алынган. Ал эми КТРКнын Көркөм кеңеши «аталган берүүнү эфирге берсе болот» деген жыйынтык чыгарып берген.
«Аалам сырларын» шоу катары кароо керек. Бюджеттен бөлүнгөн каражат жалпы муктаждыктын 60-65 пайызын гана жабат. Калган бөлүгү жарнамадан түшкөн акчага көз каранды. Жарнама берүүчүлөрдүн санын арттыруу үчүн каналдын көрүмдүүлүгүн, рейтингин жогорулатуу зарыл эмеспи.

– Мамлекеттик телеканалды пайдаланып, жеке өзүнүн кызыкчылыгын алдыга жүргүзүп келе жаткандар бар. Алар айрыкча ырчылар чөйрөсүндө «бийлик жүргүзүшөт». Ошондой иштерди болтурбоонун аракетин да көрөсүздөрбү?
– Кийинки аптадан баштап ырчыларды чогултканы жатабыз. Алар менен көзмө-көз жолугушуп, коррупциялык элементтер, бир жактуу чечимдер, акча талап кылуу бар-жогун аныктагыбыз келет. Андай маселе бар экенин билем. Ырчыларды тандоо, эфирге чыгуу-чыкпоосун акыйкат аныктаган систем орнотсок жакшы болот эле.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
infiniti
2014-03-10 17:20:49
Ооба,силер эле болсонор "сактап" калдынар го.
+1
Timka
2014-03-10 18:26:48
Уялбай калпты ышкыртыптыр го,коррупциянын башы өзү болсо керек.Актанып элге жакшы көрүнүп,суперге чуркап келиптир да.
+1
NADUW
2014-03-10 22:12:45
биз айтабыз, кейибиз, бирок бунун баары бир пул. биздин айткан создор алар тырмагына дагы тенебейт болсо керек. бул байке жоош менимче. Кубат байке бирди сулогончо, алар жузду тактап оозуп жаап. алдап макулдугун алып алышса керек!
+1
kitikat
2014-03-11 10:28:39
капа болбогула оз ишин мыкты билген адамар келет ктркга жакында
+1
jojoshka03
2014-03-11 10:41:33
жалганды шыпырылтып суйлоптурго
+1
kombat
2014-03-11 18:00:11
Туугандар,капалана бербегилечи.Озу аты ххх болсо ошондой суйлойтда.Кечээги эле нерсе,"ынгайсыз суроолор" беруусун эмнеге чыгарбай койду экен? Ктрк кошоматчы!!!!!!!!!!!
0
ainura220888
2014-03-11 21:16:32
Ктрди эч ким корбой калганго менин ата энем эртеден кечке 7каналды корот экен эмнеге десем ктр буткон сатылып жакшыраак эч нерсе бербейт болуп аткан окуялардын баарын 7каналдан оштвдан коробуз дейт.
0
admin_media
2014-03-12 13:16:02
talant_kg24,
Кимдир-бирөөнүн дарегине карата далили жок билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат! Сизге эскертүү!
0
13-nazi
2014-03-12 18:59:51
КТРге кайрылып коргон эмесмин, ырчы да эмесмин, бирок Темир Назаровду чыгарбай эле коюштуго, иштеген таныш журналисттер, ырчылардан уккам баары акча, анан тааныш, жердешчилик деп. КТР эч качан кайсы бийлик учурунда болбосун чындыкты чагылдырбайт, бийликтин гана созун суйлойт. Ош окуясында Россия баш болуп кыргыздарды адам олтургуч кылып корсотту, булар унчукпай концерт берип отуруп алды..Убакыт тараза, Оторбаев ушул кылганы учун да эооп берет.
0
kara_kulzha
2014-03-12 22:46:39
ушул коментарийлерди окуп Оторбаев уялат болду бекен
0
madina.00
2014-03-13 00:53:20
Айткан создорун озу окуп алып, эл эле эмес ,озу да ишенбей кетсн керек кубат акебиз, ушунун баарын кантип айтып алдым деп))). жалганды жапыртуу булардын иши да, КТРкага эч ким ишенбеееееейт, бул чындык.
0
PROS
2014-03-13 06:53:57
Качып кетчи братан!!! Тен салмактуулуктун "т"сы да жок КТРКда!
0
best-life
2014-03-14 10:35:59
ххх болгон кебетен менен десе, кайдагы жомокту айтыып... КТРди эл давно корбой калган, аны КТРде иштегендер менен эле жогорку бийликтеги ххх ххх эле корот )))
0
admin_media
2014-03-14 12:38:31
best-life,
Сизге эскертүү!
Кимдир-бирөөгө ат коюп мазактоого тыюу салынат!
0
mikinookat
2014-03-15 11:47:01
а биздин уй-булобуз эч качан КТР корбойт , Себеби эч качан чыныгы нерсени айтышпайт , корсотпойт баары шоу,,,,
0
abdumalik
2014-03-16 21:28:37
Мен мурда сыйлачумун К.Оторбаевти. Superinfo эмнеге ынгайсыз суроолорду эфирге чыгарбай койгонун, эмне учун Батукаев жонундогу берууну эфирге
бербей койгонун сурабадыныздар?
0
№ 592, 07-март-13-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан