Убагында бир жарк этип, кийин сахнадан көрүнбөй кетишкен ырчылар азыр эмне менен алек болуп жүргөндүгүн билгибиз келди. Байкашыбызча, баары эле «жакында сахнага кайтабыз» деп убада кылышууда. Бирок качан?
Асел Касымова:«ТОЙЛОРДОН КОЛ БОШОБОЙТ»
«2012-жылдын супер дебюту» наамынын ээси Асел Касымова аттуу назик үндүү ырчы кызыбыз көптөн бери көрүнбөй кеткенинен «Кайда жүрөт?» деп издеп калгандар көбөйдү. Кайда, эмне кылып жүргөнүн ырчы төмөнкүдөй айтып берди:
– Азыр өзүмдүн кичи мекеним Ош шаарында жүрөм. Жаңы жылдан тарта тойлорго заказдар көбөйүп, бир аз сахнадан алыстай түштүм. Бирок чыгармачылыгымды токтоткон жокмун. Башка чөйрөдөгү жумуштарга иштөө тууралуу сунуштар көп эле болду, кабыл албадым. Буюрса, жакын арада Бишкек шаарына барып, жаңы ырларды жаздырууга камынып жаткан чагым. Сахналашым Нурлан Насип бир ыр белекке берген, андан тышкары эски ырларды да жаңыча жаздырып, угармандарга тартуулайм.
Максат Бегалиев:«БАШКА СТИЛЬ МЕНЕН ЧЫГАМ»
«Арноо» аттуу ыры менен эл оозуна алынган Максат Бегалиев да жоголуп кетип таптырбай жүргөндөрдүн арасында:
– Шоу-бизнести бир аз токтото туруп, өзүмдүн кесибим менен алектенейин деп чечкем. Мамлекеттик башкаруу боюнча билим алгам. Дипломду сандыкка катып койбостон, сахнадан алыстаган жылдары белгилүү бир компанияда менеджер болуп эмгектендим. Жакында эле жетекчилигим да «чыгармачылыгыңды улантышың керек» деп уруксат бергенинен жыл жаңырар замат жаңы ырларды жаздырып, жаңы клиптерди тарттырып жатам. Жумушумду да таштабай уланта бермекчимин. Ушул жылы жеке концертимди берүү тууралуу ой бар. Азырынча сыр боло турсун, сахнага мурункудан такыр башка стиль менен кайтып келем.
Бека:«ПРЕЗИДЕНТКЕ ЖАРДАМЧЫ БОЛУП ЖҮРДҮМ»
«Сагындым сени» деп бир убакта хит ыр жараткан ырчы Бека күйөрмандарын сагынтып көптөн бери көрүнбөйт. Көрсө, чыгармачылыктан башка чөйрөдө да өзүн сынап жүргөн экен. Ал сахнадан алыстап кеткенин төмөнкүчө түшүндүрдү:
– Сахнадан алыстап кеткенимдин себеби, 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин ал кездеги президентибиз Роза Отунбаеванын жардамчысы болуп иштедим. Андан соң КТРКнын Жаштар студиясында эмгектенип, ал жак али тазалана электигине көзүм жетти. Пикир келишпестиктерден улам өз каалоом менен жумуштан кеткем. Андан бери өлкөбүздүн ар облусундагы тоолорго чыгып, кооз кокту-колотторду, үңкүрлөрдү кыдырып, альпинист болуп жүргөн чагым. Өз жериңди жакшы тааныбаган соң кайдагы туризмди сөз кылабыз? Жакында сахнага кайтайын деп «Алмаз Шаршенович мыкты президент» деген клип тарттыргам. Ачылышын жасайын деген ой бар эле, тилекке каршы, интернет булактарына чыгып кетиптир.
Жанэл:«САХНАГА СААТЫ ЧЫККАНДА КАЙТАМ»
Бир кездерде «Кайрылбайсың» деген ыры менен катуу чыгып, бирок өзү сахнага кайрылбай жүргөн Жанэл аттуу ырчы кызыбыз бар. Төө-Ашуудагы тоо-лыжа базасында иштеп баштагандан бери чыгармачылыкты жыйыштырып, чемоданга салып койгонбу же чолоосу тийбей жүрөбү, аны өз оозунан угалы:
– 3 жылдан бери жай мезгилинде Түркиянын Кемер деген шаарында чоң мейманканалардын бириндеги дүкөндө кассир болуп иштеп келем. Кышкысын кайра бул жакка келип, кафелерде администратор болуп иштейм. Ошентип чыгармачылыгыма жетишпей калуудамын. Азырынча сахнадан кеттим деп да, сахнадамын деп да айта албайм, ортодо жүрөм. Бирок сааты чыкканда жаңы ырларды жаздырып, сахнага кайтам деген оюм бар.
Угушубузга караганда, ырчылардан Сапар Сопубеков, Алекс кафеде музыкант болуп иштеп жүрүшсө, Кайыргүл соода менен алек. Ал эми ырчы айымдар Мая, Ташкент кызы Гүл дин жолуна түшүшкөндүктөн көрүнбөй калышты. Мындан сырткары Сема, Нурлан Алдаяров, Ирлан Таалайбеков, Мелис Абдрашитов сыяктуу ырчыларыбыз анда-санда гастролдорго чыгышып, чыгармачылык менен иштеп жаткандай сезилгени менен, жарк эте көзгө урунгандай эмгек кылышпай жатат өңдүү.
Асхат Субанбеков
star@super.kg