ГҮЛДӨРГӨ КАТЫЛГАН МҮНӨЗДӨР

Аялзатына эң жакшы белек бул – албетте гүл. Бирок бул белек чындап кубаныч тартуулоосу үчүн сүйүктүүңүз кайсы гүлдү жакшы көрөрүн билүүңүз кажет. Жактырган гүлүнө жараша мүнөзүн билип алсаңыз болот. Эмесе SUPER.KG порталындагы сурамжылоо боюнча эң көп добушка ээ болгон беш гүлгө катылган мүнөздөрдү кененирээк бермекчибиз.

РОЗА
Мындай гүлдү баалаган адам жакындарынан мээримин аябайт. Турмушка реалдуу карайт, бирок өзүн башкалардан өйдө алып жүрөт. Эрки бекем, максатына кандай жол менен болбосун жетүүгө аракеттенет. Тартипти жана үйдөгү жайлуулукту сүйөт. Розанын тикенеги бар дегендей, жакындарын, сүйүктүүсүн билгизбей «сайып» да алат. Сүйүүнү баалайт жана көп көңүл бурууну талап кылат.

ЖООГАЗЫН
Турмуштун кыйынчылыгына оңой менен сынбаган энергиялуу, чынчыл жана бой көтөрүп жүргөн адам. Адамдар менен бат мамиле курган жагы бар, бирок бирөөлөргө оңой менен ишене бербейт. Андыктан анын анык планын, оюн билүү кыйын. Ага жагыш үчүн көп аракет талап кылынат. Табиятты өтө сүйөт.


ОРХИДЕЯ
Бул гүлдү жактыргандардын мүнөзү татаал. Жөнөкөй жолдор менен багынткан ийгиликти жетишкендик деп эсептебей, кыйынчылык менен ар дайым күрөшүп тургусу келет. Жакындарына талабы катуу. Баалаган адамынан жаман сөз укса, депрессияга туш болчу адаты бар. Кооз буюмдарды баалап, өзгөчө кийине билет.


СИРЕНЬ
Сезимдерин оңой менен сыртка чыгарбаган, башына иш түшсө өзү менен өзү калган жандар. Ички жан дүйнөсү бай келип, жасалмалуулукту жактырбайт. Назик, ошол эле кезде көтөрүмдүү, аракетчил жана тыкан. Жаңы жашоо шартка бат көнө билет. Өмүр шеригине берилүү менен дайыма колдоо көрсөтүп турууга жөндөмдүү.

КАЛЛА
Күчтүү энергиянын ээси болгондуктан оорчулукка майышпайт. Өзүн шаңдуу алып жүрүп, капалыкты, зеригүүнү айдап турат. Анын жанында башкалар да өзүн ишенимдүү сезе башташат. Сүйүүнү жана сезимдерди коргоп, баалай билет. Үйдө баары болсо деп чуркаганы чуркаган. Бирок сынды оор кабыл алат. Көпчүлүгү музыкага жакын келишет.

КАЛГАН ГҮЛДӨРДҮ СҮЙҮҮЧҮЛӨР КАНДАЙ АДАМДАР?

Астраны сүйүүчү адам бир жерде отурбай, баарын билгиси келген акылдуу, өзүмчүл жан. Жүрөгүнүн түпкүрүндө бийликти самайт жана жагдайга жараша каардуу да боло алат.

Байчечекейди
сыртынан назик көрүнгөнү менен кыйынчылыктан коркпогон, бирок анчалык сарамжал эместер жакшы көрөт.


Лилияны
сүйүүчүлөр мени баалап, сүйүп, барктап турса деген тилектин ээлери. Өз күчтөрүнө абдан ишенип, намыскөй жана өзүмчүл келишет.


Хризантема
– акылдуу, бирок өзүнүн мыкты жактарын анчалык баалай бербеген адамдын гүлү. Бул гүлдү жактыргандарга жагыш кыйын.


Ромашка – мүнөзү оор, бирок чынчыл жана эмгекчил адам. Сезимдерин так талдай албай, сүйүүдөн көп азап тартат.


Фрезия
– кыйынчылыктан коркпогон, өжөр, көк бет, интригага жакын адамдын гүлү.


Фиалканы
сүйгөн адамдын мыкты жактары көп болсо да, көбүнчө өзүн көмүскөдө кармайт.


Гвоздиканы сурамайын жардам бербеген, эмне кааласа ошону ишке ашырууга шашылган адамдар баркташат.


Георгин – атактуулукка умтулгандардын үстөлүндө турган гүл. Үй-бүлө күткөндө идеалдуу болууга жан үрөшөт.


Гербераны
кең пейил, боорукер, сезимтал, анан тартынчаактар белекке алгылары келет.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Гүлүнө жараша мүнөзүн билиңиз
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (33)
umutai.86kg
2014-03-11 22:21:03
роза жана сирен гулу
0
saya4ka
2014-03-12 09:23:44
оргихеяны жакшы кором. Муноздомо да туура окшойт )))
0
meky85
2014-03-12 10:32:58
мага да роза гулу аябай жагат
0
Lumia-800
2014-03-12 10:42:58
Сулуулар жогорудагы жазылганды окуп чыгып анан "мага ушул жагат" деп чечим чыгарышкандайго.:))) А мага гулду жактырган кыздар жагат.
0
happyfamily90
2014-03-12 11:12:31
Мен 2чи оорунда турат экем.
0
madina.00
2014-03-13 01:37:00
а мага баардыгынан тоо гулдору жана талаа гулдору жагат.
0
tengara
2014-03-13 03:55:45
maga kartowkanyn gyly
+1
byityk
2014-03-13 06:07:51
роза
0
mikinookat
2014-03-13 15:40:06
алма гулу --------кимге жагат?
+1
Kuba_87
2014-03-15 13:21:14
Кызды гул де,гулду кыз де,анткени экоотен назик нерсе дегендей да.
0
kalbek87
2014-03-15 15:56:17
гул баары эле бир гул да
0
Sairagul77
2014-03-15 21:27:37
Гүлдөрдүн ханышасы
0
Sultanim
2014-03-16 22:53:24
Ким айтты?..бекерлердин беши.баарын кудай жараткан.биринен отуп бири кооз.бейиштин да гулдорун жыттоону насип этсин Аллах Таала!
0
meerim94
2014-03-17 00:47:17
роза
0
Iloveyou-92
2014-04-06 02:32:56
Роза гулу жагат аябай
0
№ 592, 07-март-13-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан