ЖАШООГО БИР КЕЛГЕН ТАЛАНТ – МАНАС БЕРДИБЕКОВ

Манас Бердибеков мындан 12 жыл мурун жарык дүйнө менен кош айтышса да, анын жаркын элеси элдин жүрөгүндө жашап келет. «Жалпак жөжө», «Көзү ачык», «Мажит, светти өчүр» жана башка кайталангыс интермедияларды жаратып, элдин боорун эзгиче күлдүргөн куйкум сөздүү Манас деген ысым кыргыз сатирасынын легендасына айланган. Ал жашоосунда 5 жолу үйлөнүп, артында 4 уул, 1 кызды калтырып кетти.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жери
– Базар-Коргон району, Партсъезд айыл өкмөтү (азыркы Бай-Мундуз айылы)
Туулган жылы, күнү – 1956-жыл, 15-май
Каза болгон жылы – 2001-жыл, 9-сентябрь

Каныбек Курмантаев, композитор:«БОЛДУ, МАНАС, КҮЛДҮРБӨЧҮ ДЕП КАЛЧУБУЗ»
-1977-жылы Шамшыбек Өтөбаев Манасты Фрунзеден Ошко алып келди. Мен анда «Назик» деген ансамблде музыкалык жетекчи элем. Биргеликте уюштурган алгачкы концертибиз Оштогу Сакалды деген айылда 1978-жылы болду. Шамшыбек агай Манастын куудулдукка чымыны бар экенин байкап, сахнага чыгарган. Ошондон баштап анын өнөрү ачылып, кийинки концерттерде өркүндөп отуруп, мыкты куудул болуп аты таанылды.
Манас адамдын оюна келбеген сөздөрдү таап күлдүрчү. Аны менен отурган жерде күлө берип чарчагандан «болду, Манас, болду, күлдүрбөчү» деп калар элек. Бир жолу эжесиникине барып, короосуна кирсе эле чоң ити бар экен, ал Манаска асылып кириптир. Эжеси чыга калып: «Кокуй, Манасты карма, ал итти каап алат» деп кыйкырган экен. Мына ушундай эле турмуштан алып жаратчу сатираларды. Манас келет экен дегенде Маданият үйлөрүнө эл жык толуп, батпай калган күндөр болгон. Анан да акчанын артынан түшпөгөн жигит болчу. Концерттери аншлаг менен өтсө да, бир жолу кассага басып келип сурап койчу эмес. Касса жагына аялы Малика жоопкер болчу.
Манас чынында кыз жандуу жигит эле. Менимче, көбүнчө аялдар өздөрү берилишчү ага. Анын сүйлөгөн сөзүнө, мамилесине, өңүнө деле азгырылышчу.

Жамбыл Камчиев, куудул:«ЧЫН СӨЗҮНӨ АЯЛЫ ДА ИШЕНЧҮ ЭМЕС»
- Манас негизи жакшы ырдачу, «Назик» деген топтун солисти эле. Мен Ош шаардык Маданият үйүндө иштеп жүргөндө аны менен тааныштым. Ыраматылык досубуз маанайы чөгүп турса катуу-катуу кыйкырып, болор-болбос жерден чыр чыгарып жиберчү. Ал эми күлдүрүп сүйлөгөндө кыйрап калат элек. Көп кызыктар баштан өттү чогуу жүрүп.
Бир күнү Манас үйүнө эртең менен келиптир. Аялы Азиза «түнү менен кайда жүрдүң?» десе, «концерт бүткөндөн кийин эки кыз келип Рахман экөөбүздү алып кетти. Алардын үйүнө барып чайын ичтик, «жатып калгыла» деди эле, калып калдык. Алардын аттары ким экенин деле билбейм» десе аялы «ий, акмак, дайыма жалган сүйлөйсүң, чыныңды айтчы» деп ишенбей коюптур.
Бир жолу мончого чогуу барсак, менин түктүү денемди көрүп, «Жаке, сен маймыл болоюн деп болбой калган экенсиң да» деп жатпайбы күлдүрүп.

Абдылда Иманкулов, куудул:«МАНАСТЫ АРАКТАН ӨЛДҮ ДЕГЕН КАЛП СӨЗ»
-Мен Манас менен 84-85-жылдары болсо керек эле, Токтогул элдик театрында иштеп жүргөндө таанышкам. Анда Манас «Миң кыял» деген элдик ансамблде иштечү экен. 1987-жылы Ошко Рыспай атындагы филармонияга которулуп барганда Рахман, Манас, Жамбыл, Дөөлөт «Аралаш» тобун ачып, концерт коюп жүрүшчү. Арадан 3-4 жыл өтүп, топ тарап кетиптир. Бир күнү Рахман менен Манас «топту кайра түзөлү» деп келишиптир. Ошентип, 1988-жылы Рахман, Манас, Жамбыл, мен төртөөбүз «Аралаш» тобун кайра жаңыртып иштеп калдык. Манастын топтогу өзгөчөлүгү – бир эле сөздү беш-алты мааниде айтчу. Азыр кээ бир ал ойногон сатираларды биз жаңылайбыз деп аракет кылганыбыз менен, окшоштура албайбыз.
Манас өмүрүнүн аягында да биз менен болду. Ысык-Көлдүн Тоң районунда концерт берип жүргөнбүз. Ал уктаганды жакшы көргөндүктөн ойготпой койгон элек. Эшикте Дөөлөт Мадымаев, Рахман Разыков, Абдыманап Төрөбеков менен сүйлөшүп, «кой, Манасты тур дейли» деп күндүзгү саат 11лерде кирсек, жаткан жеринде көз жумуптур. Дароо эле милиция кызматкерлерин чакырдык. Бул окуя боюнча ар кандай сөздөр айтылды, «Рахман менен Абдылда өлтүрдү» деген сөздөр да тарап кетти. «Арактан» деген да кептер болгон. Бирок Манас көп күн арак ичип жатып алчу эмес. «Арактан өлдү» деген калп сөз.
Ошол жакта жүргөндө эки-үч күн мурда «табитим ачылбай жатат» деп тамак көп жеген жок. «Ичим ачышып жатат» дегенинен Тоңдогу ооруканага келип көрүнгөн. Медициналык экспертизадан «уйку бези жарылып кеткен» деп жыйынтык чыгарып беришти. Манас арабыздагы лидерлердин бири эле. Менден 7 жаш улуу болсо да, жаш көрүнчү. Конокко барганда мени улуу деп Манастан мурун устукан тартып жиберген учурлар болгон.

Манас Бердибеков өмүрүнүн акырын жубайы Малика менен өткөрдү.

«Аралаш» тобу жылдап үй бетин көрбөй гастролдо жүрчүбүз».

Рахман Разыков, куудул:«МАНАС БИР ЭЛЕ ЖОЛУ ҮЙЛӨНГӨН...»
–1979-80-жылдары «бир куудул бала бар, ал сүйлөсө элдин баары кыйрап калат экен» деп угуп жүрдүм. Бир туугандарым менен Кара-Суу районундагы Октябрь айылына концерт коюп барып калдык. Ал жакка Манас да келген экен. Концерт бүткөндөн кийин Каныбек Курмантаев деген композитор тааныштырып калды. Манас экөөбүз таанышкан күн менин жашоомдогу бурулуш күн болду. Экөөбүз ал күнү таң аткыча уктабай сатира тууралуу сүйлөшүп, каткырып күлүп жаттык. Менимче, Манас менен чогуу өмүр бою болот деген тагдыр жазылса керек маңдайга. Себеби досум өлгөн күнү да мен жанында болчумун.
Таанышканыбыздын эртеси күнү Манас иштеген жерге бардым. Мени топко администратор кылып дайындап коюшту. Манастын ойногонун карап суктанып отурчумун. Мен да сатира ойноп калам деген оюмда жок болчу. Бир күнү концертке Манас келбей калып, ордуна ойной коём деп талантым ачылган. Ошондон кийин ал «интермедия жазбайсыңбы, экөөбүз ойнойлу» деп сунуштап, чогуу иштешип калдык. Ал кезде шарт деле жок болчу. Бардык аппараттарды, керектүү аспаптарды, костюмдарды колубузга көтөрүп алып гастролго чыкчу элек. Анда бизди эч ким тааныбайт да, үйүнө жатып кеткиле деп эч ким чакырчу эмес. Концерт бүткөндө Маданият үйүндөгү колонкаларга жатып уктап, эртеси автобус келгенде түшүп алып кайра кетчүбүз. 86-87-жылдары «Аралаш» түптөлүп, 5 жыл репетиция кылып, Ошко үч күндүк алгачкы концертибизди койгонбуз. Эл көп келип, залга батпай, театрдын чоң терезелерин сындырып жиберишкен. Акыры ошол кездеги театрдын директору Надыр аке бизди кууп чыгып, араң токтогон. Ал жерден чыгып, Токтогул сейил багына барып 8 күн концерт бердик. Кийинчерээк Бишкекке «Мыскыл жана тамашага» катышабыз деп келдик. Ал кезде Бейшен Мамбетакунов «Мыскыл жана тамашанын» редактору эле. Ал киши «кайдан келдиңер, кошпойм» деп бизди катыштырбай жатат. «Биз элди жакшы күлдүрөбүз» деп артынан ээрчип алганбыз. «Башты оорутпа» деп ал болбойт. «Бир эле номер аткаралы» деп суранып, араң көндүрдүк. Төртөөбүз тең чыгып сахнаны «жардык», эл кетирбей кол чаап жылуу кабыл алышты. Ошонун эртеси күнү Бейшен агай «силер каалаган «Мыскыл-тамашага» келип, интермедияңарды ойной бересиңер» деп жолдомо берди. Ошентип телевизор аркылуу бүтүн Кыргызстанга таанылдык.
«Аралаш» куудулдар тобун биз машинага салыштырсак, Манас ошол машинанын мотору эле. Ал интермедияга даярданчу деле эмес. Канча айтсаң деле «ии» деп коюп, сахнага чыкканда өзүнүкүндөй кылып жиберчү. Андай кайталангыс өнөрлүү адам азыр жок. Манас өзү бир эле жолу үйлөнгөн, калган аялдары аны өздөрү алып кетип калышкан. Ошентип, ал көп аял алды болуп калган (күлүп).

Малика Бердибекова, жубайы:«МЕН СЕНДЕН ТИРҮҮ АЖЫРАБАЙМ ДЕЧҮ»
-Мен Манас менен таанышкан кезде Кара-Суу Маданият үйүндө иштечүмүн. Бир чөйрөдө иштегендиктен, чогуу концерттерге барып, жакындан таанышып, мамилебиз сүйүүгө айланып кетти. Ал кезде мен да, ал да турмуштан жаңылган элек. Бир жолу бир аз кызуу келиптир. «Мен кызуу болуп келбесем айта албайт экенмин» деп мага сезимдерин билдирди. Ошентип, экөөбүз баш кошуп калдык. Ортодо көп сөздөр, ушактар болду. Бирок мен Манаска гана ишенип жашадым. Бир жолу уруша кетип «кетчи» десем, жаактан ары бир чаап, «мени эч ким кет деген эмес. Мен сенден өлүп ажырабасам, тирүү ажырабайм» деп айтты. Анан да «сен мурунураак жолукканыңда минтип көп жолу үйлөнбөйт элем» деп калчу.
Акыркы концертине барарда «барбай эле койчу» десем болбой кетип калды. Барба дегенимдин себеби, кетерде жаман түш көргөн элем. Ал жакта жүргөндө чалып турду, анан эле бир күнү суук кабар келди... Көлгө барып карасам колдору, буттары тырышып калыптыр. Ошентип 12 жыл болду, жолдошумдун жашоодон кеткенине. Азыркыга чейин мен үчүн «кантип өлдү?» деген нерсе суроо бойдон кала берди. Ортобузда бала болуп, бирок ал чарчап калды.

Санжар Бердибеков, уулу:«МАНАСТЫН УУЛУМУН ДЕП МАКТАНЧУМУН»
-Атам менен апам Калия жаш кезинде баш кошушуптур. Атам Фрунзедеги филармонияга эки жылдык студияда окуганы келип, ошол бойдон айылга барбай койгонунан апам таарынып мени көтөрүп алып таене-таятамдыкына кетип калыптыр. Атам менен мен 1996-жылы таанышып, Бишкекке келип, 10-15 күндөй чогуу жашап, кайра бөлүнүп кеткем.
Атамды аябай жакшы көрчүмүн. Өзүм тентек болсом да атамдан сүрдөп, ашыкча сүйлөчү эмесмин. Жаш кезде масчылыкта «мен Манастын баласы болом» деп мактанып жиберген күндөр өткөн. Азыр ошол сөздөрүмө уялам. Бир жолу атам «карындашың менен тааныштырам, концертке келсең» деп чакырып калды. Залда баратсам эки татынакай кыз каршымдан чыгып калышты. Шоктугум кармап, жолун тосуп айлаларын кетирдим. Концерттен кийин атама барсам «таанышып ал, бул карындашың» деп мен жолун тоскон кызды көрсөтүп жатпайбы. Көрсө, өзүмдүн карындашыма тийишкен экем да (күлүп).

Элнура Бердибекова, кызы:«АТАМ МЕНЕН СЫРДАШЧУБУЗ»
-Атам борукер киши эле, балдарын аябай жакшы көрчү. Биз көп жолугуп, сырдашып калчубуз. Мен 19 жашка чыкканда анын көзү өтүп кетти. Азыр баламды атама окшоштурам. Куудулдугу да бар анча-мынча. «Таятаңдай артист болбойсуңбу?» десем, «менин таятам, таякем да артист, жетиштүү» деп калат. Апам Гүлнара атам менен чогуу жашаган күндөрүн көп эстейт. «Шарт деле болгон эмес, батирде жашачубуз, бирок дайыма бири-бирибизди түшүнүп өмүр сүрдүк. Барчылык-жокчулукта да күлдүрө берчү. Жашоо атаң менен оңойдой сезилчү» деп эскерип калат.

 

 



Манас Бердибековдун сатиралары:«АДАМДЫН ЖАРАЛЫШЫ»
Аялзатынын жаралышы өзүнчө кызык экен. Алла Таала биринчи Жерди жаратып, ага жер-жемиш, айбанаттарды жаратып туруп, ошого баш-көз кылып бир эркекти жасаган экен. Эркек бары-жокту караса айбандар деле экиден-үчтөн жетелешип жүрүптүр. Аларды көрүп «эмне үчүн мен жалгыз болуп калганмын?» деп таң калып, Алла Таалага кайрылган экен.
- Алла Таала, бул жагы кызык болуп жатат го?..
- Эмне болуп жатат?
- Айтышка дагы неудобно...
- Жок, айта бер...
- ... Карасам айбандар деле экиден кетип жатышат, чымчыктар экиден-үчтөн учуп жатышат. Мен деле экиден болсомбу дедим эле...
-Аа, сага аялзаты керек болуп калган турбайбы, - деп ошондо Алла Таала аялзатын жараткан экен.
Ошол маалда күн тийип турган мезгил экен. Күндүн нурунан алып, Айдын ойлуулугу менен токтоолугун аралаштырыптыр. Аралаштырып-аралаштырып, дагы эмне кошсом экен деп караса гүл туруптур, гүлдүн назиктиги менен жытынан кошуптур. Арткы жагын караса суу агып жаткан экен, суунун тунуктугунан аралаштырыптыр. Анан асманды караса эле сагызган учуп бараткан экен, сагызгандын шакылдаганын кошуптур. Шамал жүрүп жаткан экен, анын туруксуздугунан, булуттун көз жашынан аралаштырган экен. Ошого аялзаты сүйүнсө да, күйүнсө дагы баары бир ыйлай берет тура. Анан чагылган менен күндүн күркүрөгөнүнөн аябай жакшылап аралаштырып, татынакай, чырайлуу аялзатын жасап туруп эркекке берген экен.
- ... Ме, алгын дагы өмүр бою кыйналып жашагын!

«ЖАЛПАК ЖӨЖӨ»
- Бир жолу КамАЗ айдаган айдоочу келатып, байкабастан жолго чыга калган жөжөнү тебелеп кетиптир. Айдоочу жакшы киши экен, жөжөнү баккан чалга алып барып, «бул сиздин жөжөңүзбү?» десе, абышка «менин мындай жалпак жөжөм жок» дептир.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
arisim
2014-03-10 21:49:18
манас дагы уулу санжар дагы аябай жагат талантынарга таазим.
+2
Aku1977
2014-03-10 21:59:47
жаткан жери жайлуу бейиштен орун тапсын!!!
0
damka
2014-03-11 03:49:13
Жаткан жери жайлуу брлсун мен ал кишини айбай сыйлачуумун
+1
jojoshka03
2014-03-11 09:58:12
кайталангыс талан санжарда атасынын таланты бар
+1
Suluwka_1992
2014-03-11 11:30:12
Жалпак жожосу эле укмуш да. )))))
+2
meka.q
2014-03-11 14:44:58
Атанын уулу демекчи. Санжар да мыкты жигит .ага колдоо жок болуп жатат окшойт
+1
АЙЫМАЙ
2014-03-11 23:33:20
"Жалпак жожо" интермедиясы кобуроок эсте калды)) видеосун жуктоп койгулачы.

+2
Adina86
2014-03-12 19:48:37
Бул кишинин эмнесине таазим этесинер?Беш жолу уйлонсо,аракты коп ичсе,эмне эркектин баары ушундай болушун каалайсынарбы?Кайдагы жок нерселерди айтып кулдурсо.Дагы мындай киши 100жылда бир келет деп коет.Жуз жылда эмес мин жылда да келбей койсун мындай эркектер.Бул менин жеке оюм,дагы озунор билесинер...
-1
dicha80
2014-03-13 01:49:52
Adina86, ушинтип жазбай эле койбойспу эми, ичин ачышса туз жала да! Керек болсо, ичкен, уйлоно берген адам да,1000 ичи тар адамдардан караганда кен пейил, жакшы адам болуп калышы мумкун.Абайлап суйлонуз...!!!
0
madina.00
2014-03-13 01:33:39
adina86 ото эле аша чапкан го, онбогон очун бар беле Манас мырзада. Козу откон адамдын артынан эч качан жамандабайт эси бар адам.Манас кайталангыс талант, бул факт.
+1
tea23
2014-03-13 08:10:13
Менин мынжай жалпак жожом жок :)
0
Akylai_aktan
2014-03-14 08:21:37
Jatkan jeri jailuu bolsun!Tan kalganym Sanjar baike aiabai atasyna okshosh eken,kalgan omurun ui bulosuno,baldaryna bersin.
0
Anqelina2
2014-03-15 00:57:01
Менин эн суйуктуу куудулум. Эмгиче окуном Агабыздын арабыздан эрте кеткенине.
0
maliw
2014-03-15 22:38:21
Kichinekei kezimde manas berdibekovdu ayabai kutup kachan chigat tv dan dechi elem
0
bratanyn
2014-03-15 23:49:48
Men manastyn satiralaryn kop korom en mykty kyrgyzda ushundai jashtar koboiso deim.birok balasy sanjarda atasyna okshop ketet "taaine "degen intermediasy da manastykyna okshoshup ketet .jatkan jeeri jailuu bolsun .
0
Ledi-beby.kg
2014-03-16 23:18:02
Бечера "Жалпак Жожо"
0
№ 592, 07-март-13-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан