АЛТЫНАЙ АК ХАЛАТЧАНДАРДЫН КАЙДИГЕРЛИГИНИН КУРМАНДЫГЫ БОЛДУБУ?

ЧЫНДЫК КИМ ТАРАПТА?
13-февралда Улуттук госпиталда көз жумган Алтынай Арстанбек кызынын өлүмүнө байланыштуу окуянын кандай болгондугун анын туугандары маалымат жыйынында айтып беришти. Маркумдун жолдошу Нурмухаммед Мамбеталиев аялы комага түшкөн күнү айласы кетип, тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашевге барат. Ал экөө неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Тургунбаевге келгенде депутат ага комадагы оорулуу такыр каралбай жатканын айтат. Ал чү дегенде эле орой сүйлөп, «Эмне депутат болуп келип алып кыйын болуп жатасыңдеп катуу тийип, «билгениңерди кылып алгыла» дегендей мамиле кылат. Чыдабай кеткен Н.Мамбеталиев дарыгерди жакадан алып, «комага кандай түшүрсөң, ошондой чыгарасың» деп жандандыруу бөлүмүндө жаткан аялын көздөй сүйрөйт. Ортого Н.Мурашев түшүп, экөөнү арачалап калат.
Мамбеталиевдин айтымында, депутат врачты жакалагандан башка ага кол көтөргөн эмес. Дарыгер Ж.Тургунбаев «депутат мени урганда чалкамдан жыгылып калдым. Ооруп калган келиндин күйөөсү чуркап келип бутума тепти» деп айтууда. Бул жерде үчөөнөн башка эч ким болгон эмес, врачтын айткандарын тастыктаган бир да күбө жок. Депутат Н.Мурашев ал жерден кеткенден кийин ошол эле күнү саат 14:00дө ЖКнын жыйынында саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаевага кайрылып, Улуттук госпиталдагы окуяны иликтеп, комиссия түзүп, күнөөлүү врачтарга чара көрүүсүн суранат. Ушул эле күнү кечки саат 17де дарыгер Ж.Тургунбаев «депутат сабап салды» деп ооруканага барып жатат. Ага «мээси чайкалып, тиштери күбүлүп, жаак муундарына, ээгине доо кеткен, астыңкы илебинин гематомасы» деген диагноз коюлат. Бирок ооруканада жаткан Ж.Тургунбаевдин кебетесинен мурутунун астындагы калдан башка андай жабыркоо байкалбайт (сүрөттө). Муну акыйкатчы деле ырастагандай болуп «Ал сабалгандай эмес, денесинде көгөргөн жери жок» деп айтты. Бизди таң калтырганы, Ж.Тургунбаев чын эле катуу сабалган болсо, эмне үчүн ооруканага дароо барбай, 10 сааттан кийин гана жаткан? Интернетке жүктөлгөн ошол күнү берген интервьюсунда өңү-башы сопсоо, тиши бүтүн экени сопсонун эле көрүнүп турат. Бул окуяга жөнөкөй жаран эмес, ЖКнын депутаты катышып жаткандыктан, ак халатчандардын шалаакылыгы ашкереленип, анын арты менен ансыз да иши жакшы эмес министрге сөз тийиши мүмкүндүгүн түшүнүшүп, өздөрүн коргоо, актоо үчүн ошенткендей сыяктанат. Мында саламаттыкты сактоо министринин кулагы көрүнүп жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов врачтардын айткандарына таянып билдирди. Ал ооруканага барганда врачтар «министр Сагынбаева «депутатка каршы митингге чыккыла» деп уктатпай жатат, депутатты жаман көрсөтүп жатканы бул министрдин иши» дешкен.
Чындыгында эле депутаттын сабаганы жөнүндөгү бир жактуу маалыматтар министрликтин басма сөз кызматы аркылуу ММКларга чагылгандай тез таркап, 14-февралдан баштап дарыгер Ж.Тургунбаевдин Н.Мурашевди бир беткей каралап, айыптаган маектери ММКларга бериле баштаса, ошол эле мезгилде комада жаткан Алтынайдын абалы тууралуу эч нерсе айтылган эмес. «Депутат врачты сабап салыптыр» деген сенсациялуу маалыматты таркатуу менен коомчулуктун көңүлү атайылап башкага бурдурулган.

ӨМҮРГӨ ЭМЕС, ӨЛҮМГӨ ЖЕТЕЛЕП…
Дарыгерлер Жамал Тургунбаев менен Сауле Темирбаеванын оорулуу Алтынайга жасаган мамилелери боюнча алар «Алтынайды өмүргө эмес, өлүмгө жетелеген» дегенден башканы айтууга мүмкүн эмес. Маркум Алтынайдын жолдошу Нурмухаммед Мамбеталиев маалымат жыйынында «Жубайымдын башы катуу ооруп, аны 25-январда Улуттук госпиталга алып келип жаткырдык. Врачтар эч кандай диагноз коё алышпай, оорусун басаңдатуучу ар кандай кымбат уколдорду бере беришти. 12-февралда аялыма келсем, анын абалы оор экен. Бирок врачтар «жакшы болуп калды, эми үйүңөргө барып дарылансаңар жакшы болуп калат» деп выписканы колго карматып коюшту. Үйгө баргандан кийин абалы оорлошуп, кайра 3 күндөн кийин алып келдик. Келсек кабыл алышпай, жалдырап-жалбарып жатып жаткырдык. Бейтаптын абалы өтө оор экенине карабай коридорго жаткырып коюшту» деп билдирди.
Мындан көрүнүп тургандай, диагнозун коё албагандары аз келгенсип, оор абалда үйүнө чыгарып, анан абалы оорлошуп түшкөн адамды коридорго жаткырып айбанга кылгандай мамиле жасашкан. Н.Мамбеталиевдин айтымында, Ж.Тургунбаев өзү жазып берген дарыларынын канчалык жардам берерин айта албай «мен кайдан билейин, анда каалаган жериңе алып барып ал» деп кутулган. Дарысы жөнүндө эч нерсе билбесе, анда эмнеге аны оорулууга сунуш кылган? Балким, дал ушул билбестик менен берилген дарылар Алтынайдын абалын жакшыртпай эле, тескерисинче, начарлаткандыр?
Алтынайдын кайын энеси Курманжан Жоробаеванын келинин башка бөлүмгө которуу зарылдыгы жөнүндө айткандарына дарыгер Сауле Темирбаева таптакыр көңүл бурбаптыр. Дарыгерлердин практикасында оорулуу жакшы болбой баратса, чукул кеңешме өткөрүп, кескин чараларды көрүшү зарыл болсо, бирок негедир Алтынайга карата андай мамиле болбогон. «Балким, убагында башка бөлүмгө которулса, кызыбыз өлбөй калат беле» дейт Курманжан Жоробаева. Качан комага түшкөндө гана жандандыруу бөлүмүнө которулуп, ал жактагылар диагноздун туура эмес коюлганын айтышкан.
Саламаттыкты сактоо министрлиги өлүмдүн себеби боюнча иликтөө жүргүзүүнүн ордуна кайра жакынын жоготкондорго жалаа жаап, «өздөрү күнөөлүү, тамчылатма (капельница) укол алып жатканда картошка берип, анысы тыгылып калып өлүмгө себепчи болду» дешүүдө. Муну менен өздөрүн актоо үчүн ак халатчандар баарына даяр экендигин көргөзүүдө. Алтынайдын апасы Оролкан Ахматова «тамчылатма укол алып жатканда тамак берүүгө болбостугун айтпаса деле билебиз. Андайда кайсы ата-эне картошка жедирет? Өзүңөр ойлоп көргүлөчү. Эптеп кырдаалдан чыгуу үчүн ушуну ойлоп табышты» дейт.
Бул инцидент боюнча «врачты сабап салды» деген айып менен кылмыш иши козголду. Ал эми Алтынай Арстанбек кызынын өлүмүнүн себеби иликтенип, тактоо аракети боло элек. Эгерде Алтынайдын өлүмүнүн себеби жабык бойдон калса, анда саламаттыкты сактоо тармагындагы реформа, тазалануу тууралуу сөз кылбай эле койгонубуз оң.

Динара Жоошбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
misster88
2014-03-10 18:21:19
Биздин врачтарда билим деген жок баары коридордо бутот,менин да жакын таанышым коз жумду, операциядан чыккандан кийин ич орууу басылбай койгондуктан текшертсек ийне жиби мн чыгып келди врачтар операция кылганда унутуп калыптыр.
+1
Mederina11
2014-03-10 19:28:27
Бул врачтарга кун салды кылбасын,какшатып эле карабайт!Барынын эле козун май басып калганбы эмне!Суйлогондору тим эле асмандан тушкондой,врачтан откон орой адам жок!
+1
Gulichka.milichka
2014-03-11 03:17:15
аларга акча болсо болду.Чын конулдон карашпайт.
0
Manap_kg
2014-03-11 15:10:28
пара бербей койуптурда ошону кылса жакшы карашмак
0
Elnuram090
2014-03-11 15:32:54
айбандар адамды олтуруп койушу деле эч соз болбой калганго буларга камакта чиритиш керек ушуга окшогондо ошондо башкалар козун чонураак ачат
0
tasuluu
2014-03-11 15:46:31
Ошондой врачтар, колдоруна акча берсен гана карашат.каттуу козомолго алуу керек буларды, Ноокендин врачтары эчнерсе билишпейт, лалактап ушактап гана олтурушат
0
aiwoola
2014-03-11 16:00:45
Кыргызстанга баргым деле келбей калды.Депутатты баш болуп,врачтары тош болуп калгандары куйрук болуп элди кыйнагандан башканы билишпейт.ЭХ Кыргызстаным качан онолот экен!
+1
Dinar87
2014-03-12 02:17:07
Jok degende ushul vrach bolchu studentter ech kandai vsyatkasy jok okushsa kana, oz kuchtoru menen.Vsyatka berip koiup ele kunduzu kafede, kechkisi kino, diskotekalarda jurushot.Albette baary emes, okugandary dele bar.Birok abdan az.Ushintip jazyp jatkanyma menin Medakademiada okugan bir tuugan, tuugandarymdyn aityp beruusu j.b sebep.
0
madina.00
2014-03-13 03:04:54
тургунбаев бетпак неме го сыягы...
+1
uluk2014
2014-03-13 07:46:49
Бети жок акмактар биздин врачтар буларга ишенип деле болбойт ушакчылар..суйлосон эле беттен алат же акча сурашат айбандар
0
best-life
2014-03-14 13:00:50
сакалын орттонгур десе!!! тиги жаткан уятсыз немени айтып жатам суроттогу.
+1
Bahar
2014-03-15 05:08:34
aman ele bolushsun ushu vrachtar,men jayinda Jeti oguzdon tishimdi plomba koyduram dep barsam ukol saygan ele ,tuura emes sayip salip tandayim yazva bolup ketip azabin kancha tarttim ,Bishkeke gelip 2-stom polıkl-a darilandim ,oshondon giyin jeke menchik dokturlarga barbay kaldim tooobooo...
0
DNurgiza
2014-03-15 12:46:19
"Дарыгерлерге ишенич жок, сабаш керек, орттош керек" деп айткандарды мен тушунбойм. Менин кайнатам былтыр жол кырсыгына кабылып буттары сынып, элдин баары баса албайт деп ойлошкон, анан дарыгерлер болгон кучун жумшап, соокторду чогултуп операция жасашты. азыркы учурда кудайга шугур басып калды. 1жылдын ичинде эле дарыгерлер атама, иниме ийгиликтуу операция жасалды. Анан мен кантип аларды жаман деп айтам. Ошону учун ар бир врачты атынан айтсак, арасынан жакшы, оз ишин билген врачтарга соз тийгизб
-1
rusana
2014-03-15 14:15:58
Байкуш Алтынай жайын жаннатта болсун! Эч ишене албай турам...(( Дайыма шайыр болуп, супсулуу болуп куйоосу экоо дайыма ээрчишип журчу. Калган омурун эки баласына берсин кудай..... Амин...
0
rusana
2014-03-15 14:17:01
Врач болбой ххх!!!
0
№ 592, 07-март-13-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан