Урматтуу айымдар!
Сиздерди 8-Март – Жаз майрамы менен куттуктайм!
Дүйнөдө аялзаты бар болгон үчүн ар бирибиздин жашообуз мээримге, жакшылыкка бөлөнүп, өзгөчө мааниге ээ. Сиздердин бизге болгон ишенимиңиздер күчүбүзгө күч кошуп, бардык кыйынчылыктарды жана тоскоолдуктарды жеңип чыгууга шыктандырып турат.
Аялзаттын түйшүгү көп болору белгилүү. Бүгүнкү күндө да үй тиричилиги, балдарды тарбиялоо, ал тургай үй-бүлө багуу милдети сиздердин моюнуңуздарда. Бирок аялзаттын кеменгерлиги, чыдамкайлыгы, эмгекчилдиги турмуштун бардык кыйынчылыктарын жеңүүгө өбөлгө болуп, Кыргызстаныбызды көптөгөн сыноолордон сактап калды.
Ылайым турмушуңуздарда бактылуу күндөр арбын болсун! Түгөйүңүздөр, балдарыңыздар, жакындарыңыздар ар дайым кубаныч
жана жакшылык тартууласын!