Урматтуу энелер, эжелер жана карындаштар, сиздерди 8-Март – Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктайбыз! Аялзаты – үй-бүлөнүн куту, түндүктүн түркүгү экени талашсыз. Сиздердин үй-бүлөнү чыңдоого, руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоого кошкон салымыңыздар чексиз. Аялзатынын жүрөгүнөн чыккан жылуулугу жана камкордугу турмуштун татаал жолунда дем берип, күчүңө күч кошуп, үмүттүн шооласын өчүрбөй, келечекке ишенимди арттырат. Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр жана түбөлүк бактылуулук каалайбыз! Ар дайым жаркырап, маңдайыбызда бар болуңуздар!
«Супер-Инфонун» эмгек жамааты.