АЙЫМДАР КЕСИП ТАНДАБАЙТ

Жадыраган жаз мезгилин коштой 8-Март – Айымдардын эл аралык майрамы да кирип келди. Аялзатын учурда бардык кызматтардан табууга болот. Арасынан эркектерге ылайыктуу кесипке ээ болгондор да жок эмес.

«БАШКА ЖУМУШ ТАППАЙ КАЛДЫҢБЫ ДЕГЕНДЕР КӨП»
БҮБҮСАРА АБДИЛМАНАП КЫЗЫ учурда Бишкек ШИИББинин СОБР (Тез чара көрүү атайын отряды) кызматкери болуп эмгектенет. 23 жаштагы Бүбүсара кесибинин кызыктары жана оорчулуктары менен бөлүштү:
– Бишкекке келип СОБРда иштегениме 2 жыл болду. Ош мамлекеттик юридикалык институтун аяктаган соң алгачкы эмгек жолумду Ош ОИИБинин СОБР бөлүмүндө баштагам. Мага мындай кесипти тандоого спорт түрткү берди десем болот. Себеби мен кичинемден өзүмдү ушул жаатта таанылган атактуу жылдыз катары элестете берчүмүн. Спорт жаатында ийгиликтерге жетишип, дзюдо, самбо түрлөрү боюнча кыздар арасында мелдештерге катышып жүрчүмүн. Алгач чоң теннис боюнча машыгып баштап, кийин күрөштүн ар кандай түрлөрү менен тааныштым. Андан соң бул жаатта көптөгөн ийгиликтерди жарата баштадым. Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстанга чыгып, эл аралык мелдештерге да катышып, ийгиликтерге жетишип жүрдүм. Спортто эч качан тыныгып калуу деген болбойт. Ар дайым кыймылда болуп, машыгууларды үзгүлтүккө учуратпоо керек. Бул үчүн темирдей бекем эрк жардамга келет.
Кыскасы, өз аракетим менен машыгуулардын аркасында ийгиликтерге жетишип, 13 мамлекетке чыгып келдим. Албетте, бул чек эмес. Жакында, май айында Иранда алыш күрөшү боюнча мелдеш өтөт. Ошого кызуу даярданып жаткан чагым. Жумушум өзүмө жагат. Мен кыздар менен иштеше албасам керек деп ойлойм. Себеби өзүм эркек мүнөзмүн, анан көбү мага «мындан башка жумуш таппай калдыңбы?..» дей беришет.
Ашканада кандайсың? Кыздарды сабап койгон күндөрүң болду беле? Сага көчөдө эч ким тийишпесе керек... Жолдошуңду кандай элестетесиң? Мага эң көп берилген суроолор ушулар. Албетте, аялзаты болгондон кийин өзүмө тиешелүү ордум бар. Келечекте сүйүктүү жар, сүйкүмдүү балдардын апасы болууну тилек кылам. Тазалыкты өзгөчө катуу кармайм. Тамактардан лагман, камыр тамактар, оромо, манты жана палоону жакшы даярдайм.

«Бир жолу жумуштан чыгып кетип бара жатсам 3 мас жигит тийишип калышты. Кызуу немелер ар кайсыны сүйлөп, кыжырыма тийишти эле, үчөөнүн жазасын берип, анан жумушка алып келип, тиешелүү адамдардын колуна салып берип койдум».

«2000ДЕН АШЫК КЫЗЫМ БАР»
Кыз-келиндер футболу Кыргызстанда да өз чыйырын салып, бир топ ийгиликтерге жетишип келет. ГҮЛБАРА УМАТАЛИЕВА футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп эмгектенет:
– Мен футболго жаш кезимден эле кызыкчумун. Союз мезгилиндеги «Пионерлер үйү» уюмунда команда түзүп ойноп баштаганбыз. Улам ийгиликтерге жетишип, СССРдин курамындагы өлкөлөр менен болгон оюндарга чейин барып катышып, жеңиштерге жетишип жүрдүк.
«Үй-бүлөңүз барбы? Канча балалуусуз?» деп менден көп сурашат. Менин бир эле балам бар, бирок кыздарым көп. Менден тарбия алган кыздардын баарын өзүмдүкү деп эсептейм. Алардын саны 2 миңден ашат. Мен аларга тарбия бергенимден дагы алардын ден соолугуна пайда келтирилип жатканына көбүрөөк кубанам. Себеби футбол – ден соолуктун булагы. Анда тынымсыз кыймылда болосуң, чуркайсың, денеңди чыңдайсың. Эң башкысы, буттарың бекем болот. Футбол десе эле эркек мүнөз кыздарды элестетип албоо керек. Денеси чымыр, ден соолугу бекем кыздар келечекте да мырзалардын өмүрдөгү дени сак сапарлашы болот. Азыр менден сабак алганга 6 жаштан баштап келгендери да бар.

«Чыңгызхан уулдарына колукту тандоодо «буттары бекем, жоон, боюн кармап, бутуна түз турган аялдарды тандагыла, алар силерге турмушта күчтүү өмүрлөш болот» деген экен.

«АТАМ КЫЗЫМ ЭРКЕКТЕН КҮЧТҮҮ ДЕЧҮ»
Каарманыбыз ГҮЛБАРА ЭМИЛГАЗИЕВА шаарыбыздагы курулуш объектилеринин биринде эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча инженер болуп иштейт. Ал куруу иштериндеги коопсуздукту көзөмөлдөп, ал тургай ар бир кыштын туура, туура эмес кыналышынан бери байкап турат:
– Курулуш тармагында эмгектенгениме 35 жылдан ашты. Политехникалык институттун жарандык-өнөр жай курулушу факультетин аяктап, инженер куруучулук кесиби менен иштеп келем. Учурда салынып жаткан 14 кабаттуу объектте иш алып барып жатам. Эркектер менен аралашып иштегенге көнүп калгам. Мен үчүн жумушумдун оорчулугу деле жок. Эркектер менен жумуш бат бүтөт, чечиле турган маселени создуктурбай ылдам чечип аласың. Анын үстүнө аял киши деп дагы сыйлашат да. А эгер менин айтканымды укпай коюшса, өздөрүнө эле жаман (күлүп).
Жумуш сурап кыздар да кайрылышат. «Оор жумушка иштей аласыңбы?» деп алгач суроо салам. Ошентсе да оор нерсе көтөрүп, кирпич кынаганга назик затты ыраа көрбөйт экенсиң. «Аялзатына тиешелүү кесип тандасаң болмок экен» деп азыр деле айтып калышат. Мен кесиптерди аялдыкы же эркектики деп бөлбөйм. Атам кичинемден жумуштун баарын кыздыкы же эркектики дебей эле, колума тийгенин кыла бергенимди жактырчу. Анан «кызым кылган жумушунун майын чыгарып жасайт, эркектен артык күчү бар» деп койсо кубанып калчумун. Азыр да ошондоймун, эң башкысы, жумуш жок деп жумушсуздукка шылтап бош отурбаш керек.

«Жумуш менен алышып жүрүп, кээде аялзатына тиешелүү назиктик, сулуулануу, косметикалык каражаттар тууралуу унутуп калам. Бирок майрамдарда адеми көйнөгүмдү кийип, сулуулук салондоруна барып калганда өзүмдү аял катары сезип сыймыктанам. Себеби аял болуу мен үчүн сыймык».

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Эркектин жумушун аткарган айымдар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Akmatov1990
2014-03-10 14:13:48
эн сонун ардайым бактыбызга бар болгула аял заты
+1
Uulkan2288
2014-03-10 14:53:11
Ар бир кесип ардактуу!
+1
yylkan
2014-03-10 15:31:04
Азаматсыздар айымдар,ийгилик сиздерге.
+2
infiniti
2014-03-10 17:23:18
Азаматсынар!
+1
jojoshka03
2014-03-11 10:49:11
айымдар бар болунуздар ийгилик сиздерге
+1
Kara_kyrgyz
2014-03-13 16:51:15
силерге таазим
+1
rufiya
2014-03-13 22:57:59
Ийгилик !!!
0
kalbek87
2014-03-15 16:03:38
Бубусара ама палван кыз экени корунуп турат, азамат! иштей бер катырып
0
koke
2014-07-21 08:50:01
Буса менин классташымго я Т.Алимбековто окуган
0
№ 592, 07-март-13-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан