Куралбек Чокоев:«СУЛУУ КЫЗ КӨРГӨНДӨ 3-4 СЕКУНДГА МЭЭМ ТОКТОП КАЛАТ»

Шыңга бойлуу, кара каш жигит Куралбек Чокоев учурда жеке студиясын ачып, чакан чыгармачылык бизнес менен алектенип жүргөн чагы экен. Көптөгөн сынактардын жеңүүчүсү Куралбек Чокоев менен болгон маек сиздердин сыныңыздарда.

– Куралбек, жаз келди, айымдардын майрамына карата кимге белек камдап жатасың?
– Мен өзүм үйдө көп турбайм. Ошон үчүн майрамдарда күтүүсүз үйгө барып калсам деле ата-энеме чоң майрам болот. Ал эми 8-Мартка карата карындаштарыма, анан албетте, апама белек берем. Анткени бул жашоодо апамдан жакын болгон адам таба элекмин.

– Ал эми сен үчүн эң ийгиликсиз майрамдар кайсы?
– Эң ийгиликсиз майрам бул – менин туулган күнүм. Билбейм, негедир туулган күнүм дайыма ойдогудай өтчү эмес. Ошол учурда каржы жагы тартыш болуп калат же башка себептер табылат, айтор, өздүк майрамымды эсте каларлык өткөргөнүм эсимде жок. Өзүм да «эртең менин туулган күнүм» деп жар салганды жаман көрөм. Бирок башкалардын туулган күнүндө куудулданган жагат. Быйылкы туулган күнүм гана башка туулган күндөрдөн айырмаланды окшойт.

– Кеп нугун чыгармачылыкка бурсак. Сахналаштарынан айырмаланыш үчүн ырчыга харизма, сулуу келбет жана хит ырдан башка дагы эмне керек?
– Бүт баары керек. Тажрыйба, ишеним, оригиналдуулук, артисттик чеберчилик, үн жана башкалар. Ырчы элге өзү да инсан катары кызык болушу керек. Эгер хит ыр ырдап, бирок харизмаң жок болсо, ал ырың 3-4 жылдан кийин унутулат. Жогорудагы сапаттарды өзүнө камтыган ырчы гана сахнада көпкө кармалат деп ойлойм.

– Сен сахнада көпкө кармалыш үчүн кандай аракеттерди жасадың?
– Мен Искусство институтунда окуп жүргөндө айланамдагылар «эптеп эле сахнага чыгып алсам» деп жан талашышчу. А менин максатым – сахнага сапаттуу чыгыш керек болчу, ошондуктан ырчылыкты сынактарга катышып баштагам. 8 жыл кабактарда ырдап бир топ тажрыйба топтодум. Билсеңиздер, азыр кабактарда ырдаган ырчылардын көбү профессионал музыканттар. Учурда аздыр-көптүр мени уккан күйөрмандарым, угуучуларым бар, ошонусуна шүгүр.

– «Ырчынын кандай ырдаганын элдин кол чапканынан бил» дешет, алгач сахнага чыгып жүргөндө сени эл кандай кабыл алган?
– Негизи, кээ бир ырчылардын атын укканда эле кол чаба башташат. А мен алгач сахнага чыкканда анча кол чабышкан эмес. Бирок аны түшүнүп, элдин эсинде калыш үчүн бүт аракетимди жумшагам. Сахнада бийлеп, тамашалап, тийишип, колдон келсе «сальто» секирип жиберип, айтор, сахнада иштегенди, көрүүчүлөр менен байланыш түзгөндү үйрөндүм. Мен ырдап бүткөндөн кийин көп кол чаба турган болуп калышкан.

– «Билип жүр» деген ырыңды ашып өткөн хит чыгарма жарата алдыңбы?
– Негизи, ырчынын кайсы ыры хит болсо өз аты унутулуп, ошол чыгарманын аты менен аталып калат. Мисалы, «Гүлзар», «Сени сүйгөн бир адам бар», «Кызыл өрүк» дегендей. Менин атым азырынча «Дүрү-дүм» бойдон эле. Чынында, элдин табитин табыш кыйын, ушул хит болот деген ырың деле андай болбой калышы мүмкүн. Биз элдин табитине ылайыктап эмес, жан дүйнөбүздөн чыккан чыгармалар менен репертуарыбызды толтурушубуз абзел. Артист көпчүлүктөн айырмаланып агымга каршы, башкача ой жүгүртсө, чыгармачылыкка башкача «подход» кылса гана артист боло алат деп ойлойм.

– «Жаңы толкун» сынагынын тандоо туруна 3 жолу катышып өтпөй калган элең, аракетти уланта бересиңби быйыл да?
– Быйыл убактымдын тардыгына байланыштуу тандоо туруна катышканга мүмкүнчүлүк болбой калат экен. Эмки жылдан баштайм го. Азыр 27демин, 30 жашка чыккыча дагы 3 жыл бар, демек, келерки эки жылда, балким, аталган сынакта Кыргызстандын атынан ырдап калам.

– 9 жаштагы уулуң бар экенин билебиз, балаңа тарбия берүүгө катышасыӊбы?
– Жок, уулум апасынын тарбиясын көбүрөөк көрүүдө. Биз ажырашып кеткенден кийин уулум апасы менен кеткен. Бирок жолугуп турабыз, келбети, кыял-жоругу апасына окшош. Ал дагы ырдап чыксамбы деп максат кылып жүргөн кези. Учурда таята-таенесинин колунда, Нарында жашайт.

– Эрте үйлөнүшүңдүн себеби эмнеде?
– Ал кезде мен 16 гана жашта элем. Жубайым менден 3 жаш улуу болчу, жаштык-мастык кылыптырмын, жашоону оңой көрүптүрмүн, а чынында жашоо биз ойлогондой боло бербейт экен да.

– Учурда жеке жашоодо абал кандай?
–Жеке жашоом чыгармачылык болуп калды. Кыялымдагы кызды тапсам сиздерге биринчи кабарлайм.

– Көчөдөн сулуу кыз көргөндө биринчи оюңа эмне келет?
– Сулуу кыз көргөндө мээм 3-4 секундга токтоп калат, бардык эле мырзалар ушундай болуш керек, катып туруп каласың го. Андан кийин ар кандай ойлор келе баштайт.

– Учурда продюсери жок иштеп жатасың, кыйналган жоксуңбу?
–Кыйналган жокмун. Ушу кезге чейин 3 продюсер менен иштештим. Продюсер аял менен иштешүү кыйын экен. Эркек менен эркекче сүйлөшөсүң, аял киши менен анте албайсың. Аялдар чый-пыйы чыгып, ашыкча эне боло беришет экен. Менин энем бар ансыз деле.

«КҮЙӨРМАН ЭЖЕЛЕР УЯЛЫП КАЛЫШТЫ ОКШОЙТ»

– Эмнеге ырчы болууну чечтиң?
– Ырчылыкка болгон кызыгуу 9-классымда ойгонгон, музыкалык берүүлөрдү көп көрчүмүн. «Фабрика звёзд», «Народный артист» сыяктуу телеберүүлөрдөн таасирленгем.

– Чыгармачылык үчүн кандай курмандыктарга баргансың?
– Чоң курмандыкка бардым деп айта албайм, бирок кафелерде ырдап жүргөндө окуудан айдалып кетүү коркунучу болгон.

– Сага тийишкен күйөрман эжелериңдин саны азайдыбы же көбөйдүбү?
– Силердин гезитиңерге «Күйөрман эжелерден кутулуш кыйын» деп чыккандан кийин азайып калды. Уялып калышты окшойт.

– Бир жыныстагы никеге көз карашың?
– Биздин шоу-бизнесте мындай адамдар көп эле. Азыр мен каршымын деп айтсам жаман көрүнүп алам. Андыктан ал ар бир адамдын тандоосу, мага баары бир, башкысы мага тийишпесе болду.

– Ырчылык жолду тандаганыңа өкүнбөйсүңбү?
– Жок, өкүнбөйм. Мектепте сабактан начар окучумун, ырчы болбосом аскер адамы, ашпозчу же дизайнер болмокмун. Мага Кудай ырчылык өнөрдү бергенине ыраазымын.

– Жаңы чыгып келе жаткан ырчылар жардам сурап кайрылышабы?
– Ооба, болот, кээде «байке, мен сонун ырдайм, угуп көрсөңүз» деп келип алышат. Угуп көрсөң өзгөчө эч нерсеси деле жок. Байкаганым, азыркы жаштар өзүнө өтө бийик баа беришет, амбициясы күч. Кээде артист өзүн сын көз караш менен карап койсо деле ашыктык кылбайт.

«Уулум Санжар Чокоев 9 жашта. Балам экөөбүз майрамдарда чогуу сейилдеп калабыз».

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Апамдан артык айым таба элекмин" дейт Курал Чокоев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
ulik.2014
2014-03-10 11:11:21
Эненден ыйык адам таба элекмин дейтда табылбайт дагы. Энелерибиз аман болсун.
+4
Munara-9-0
2014-03-10 11:50:27
Азаматсыз, чыгармачылык ийгилик.............
+1
aryshka
2014-03-10 12:10:37
Бир жыныстагы никедегилер коооооп дейт го.Ий бетим.
+1
zhalyn13
2014-03-10 13:49:44
ааиий ото эле эрте уйлонгон экен да...
"кээ бир ырчылар сосискадай туруп ырдашат" дейт го хе-хе...
жакшы маек болуптур,ийгилик.
0
Sonun90
2014-03-10 16:50:03
Ападан артыгын таппайсын бирок окшошураагын табышын мумкун. Так что артыгын табам деп ойлобо
0
Jamalym
2014-03-10 18:23:53
Sonun90, +++созуно кошулам.

Курал азамат жигит,таланттуу,уну бар.
+1
Gulichka.milichka
2014-03-11 02:37:35
ой тообо
0
jama9210
2014-03-11 03:04:58
Ооба Курал байке ачыгын айтыптыр чын эле балдардын кобунчосу ошондойго сулуу кыз корсо катып туруп калышат башынан бутуна чейин карашып))
+1
jojoshka03
2014-03-11 09:24:48
жакшы чыгармачылык ийгилик
+1
Ema_nookat
2014-03-11 11:41:27
Чыгармачылык, ийгилик каалайбыз!
+1
Survey
2014-03-11 13:44:29
курал бир жыныстууларды билем мага баарибир дегендей жооп берип коюпсунго.озунду кобуроок суйот экенсин.келечекте сенин балан же кызын ушундай болсо да баарибирби ошондо? биздин коом кабыл албай жатат муну а сен мени жаман коруп калат дейсин..
0
Beise
2014-03-11 14:05:56
уну болгону менен чойросу начар адамдай сезилет мага
0
Akylai_aktan
2014-03-13 10:06:06
Мммм,озу жакшы ырдаганы м.н,жашоого болгон коз карашы женилдей го
+1
№ 592, 07-март-13-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан