ДЕПУТАТТАР «ДҮҢҮНӨН» СӨЗ ЭРКИНДИГИНЕ КАРШЫ

Журналисттердин кесиптик майрамын утурлай өткөн жылдын ноябрында КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Галина Скрипкина «жалган маалымат тараткан журналисттер эки жылга эркинен ажыратылып, соттолсун» деген мыйзам долбоорун сунуштап чыккан эле. Бул демилге кыргыз медиа чөйрөсүнүн катуу сынына кабылып, Галина Скрипкина мыйзам долбоорун чакыртып алууга аргасыз болгон. Чындыкты жазып, алардын быкыйларын элге айта коюп жүргөндүгү үчүн журналисттер жакпай баратышканбы, бул ирет ошол эле сунушту ынтымактуу түрдө 13 депутаттан турган топ колдой баштады, болгону жазаны катаалдантып, 1 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратууну сунушташууда.

ЖУРНАЛИСТТЕРДЕН ЧОЧУЛАГАНДАР КИМДЕР?
4-март күнү парламенттин мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинде «Ар-намыс» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Эристина Кочкарова жалпыга маалымдоо каражатына жарыяланган жалган маалымат үчүн эркинен ажыратууну сунуштаган мыйзам долбоор менен тааныштырды. Жогоруда ысымы аталган депутат менен бирге А.Алтыбаева, Т.Бакир уулу, Э.Иманкожоева, А.Измалкова, Г.Жамгырчиева, Б.Кадыров, И.Карамушкина, Н.Мадалиев, М.Мадеминов, Т.Мадылбеков, Э.Сакебаев, Ч.Султанбекова, М.Тиленчиева бул документтин демилгечилери.
«Айрым макалалардын авторлору саясатчыларды негизи жок эле айыптап чыгышууда. Алар бул үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек. Галина Скрипкинанын демилгесине окшош дегендерге айтар элем, жалган маалымат үчүн аны жарыялаган ЖМКны эмес, ошол маалыматты тараткан адам жоопкерчиликке тартылат»,- деди Э.Кочкарова. Анын айтымында, басылма, радио жана телевидениедеги жалган маалыматтын жоопкерчилигин күчөтүү үчүн Кылмыш кодексинин 329-беренесине толуктоо киргизилиши керек. Демилге боюнча 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пулга жыгуу же 1 жылдан 5 жылга дейре эркинен ажыратуу жазасы сунушталууда.
6-март күнү Жогорку Кеңештин депутаттары биринчи окууда бул мыйзам долбоорду көпчүлүктүн макулдугу менен жактырышты. Эл өкүлдөрү мамлекет үчүн маанилүү маселелерде талкууларга, добуш берүүгө катышпай коё алышарын, бирок өз жон терилерин сактоодо жанда жок активдүүлүк көрсөтүшөрүн түшүнүп деле бүткөндөй болдук. Баягы эле көрүнүш. Шайлоого чейин, креслолорго жеткенге чейин ЖМКлардын кызматынан пайдаланууга, аларды өз кызыкчылыгында колдонууга аракет кылышат. Бийликке жеткен соң быкыйларын чууруп чыгарбасын деп журналисттердин оозун жабууга аракет кылышат. Браво! Канча жылдан бери эч өзгөрүүсүз кайталанып келе жаткан сценарий!

ШИРИН – АЗАМАТ!
Комитеттин талкуусунда «Ата Мекен» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова: «Бул мыйзам долбоору соттук реформалар ишке ашкан, адилеттүүлүк бар, идеалдуу Кыргызстан үчүн жазылып калган. Ал бизге 10 жылдан кийин гана туура келиши ыктымал. Жалган маалымат үчүн 1 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралып жатыптыр. Бирок биздин соттор мындай иштерди бейтараптуу карашына ишенбейм. Бул кейиштүү кесепеттерге алып барат»,- деп каршылыгын айтты.
Социалдык тармактарда журналисттер да күрүгүүгө түшүп, өз пикирлерин жазышууда. «Ал жакка дагы бир пункт кошуу керек – коом алдында айткан сөздөрүнүн маңызы үчүн депутаттар менен аткаминерлердин жоопкерчилиги деген. Алар ушак тараткандыгы үчүн жооп беришсин» деп бири айтса, экинчи жагы «Мыйзам долбоор депутаттардын ашынган амбициясын гана көрсөтөт. Антпесе эл өкүлдөрү адамдардын укугун коргошу керек эмеспи. Сөз эркиндиги бул – адам укуктарынын эң башкыларынын бири» деп жатат.
Бул мыйзам долбоору кабыл алынса эле жалган маалымат жапырт жазылбай, бир гана чындык жазылып калат дегенге кепилдик бербейт. Бул демилге ишке ашса, бийлиги барлардын колуна камчы болуп берет да, жалган маалымат тараткандар эмес, тескерисинче, чындыкты жазгандар соттолуп, жазага тартыла баштайт. Анткени Кыргызстан кош стандарттуу мамиле, кош стандартта иш жүргүзүү деген илдеттен кутула элек. Жыйынтыгында «чындык бул» деп чыркыраган журналисттер соккуда калышат.

Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
nurali20
2014-03-11 10:39:47
ММдааа...Ушул орус айымдар он нерсени ортого салбайт.Ширин озу улуу калемгердин кызы да, азамат!Кыргызда эзелтеден соз бар "Баш кесмек бар,тил кесмек жок"!!!!!!!!!!!!!!
+1
kombat
2014-03-11 17:53:44
Озу ушул орус бар жерде тополон экенда.Карап коргулочу,украинаны кандай болуп жарганы жатат.Андай эле орустарга куйгон болсо паспортун берип киргизип алсын россияга.Эгемендуу элге кол салгандыкка барып жатышпайбы.
0
ainura220888
2014-03-11 21:27:53
Соз эркиндиги калды эле асылбаган аны да тыйып салса эл буларды ак уй менен кошо ортоп жиберет ыйлаар бала атасынын сакалы менен ойнойт дейт бирди коргусу келгенде биздикилер ушинтип тенирин тааныбай кетишет. Чын эле эптеп креслого келгиче жаны алы калбай убада беришет эмнени кылды колунан эмне келет булардын эптеп эле оздорунун токочуна гул тартса бири инисине бизнес ачып берсе бири апасына баатырлык алып берсе элди ойлогон эч ким жок. Бир депутат бир копуро куруп койдубу ушунча убакыта.
0
mmiram
2014-03-13 00:22:30
Депутаттарды чоогусу менен орттоп эле ийсе. Пайдасы жок артистерди
+1
№ 592, 07-март-13-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан