4-мартта Кыргызстан мусулмандарынын кезексиз V курултайы болуп, Максатбек ажы Токтомушев муфтий болуп шайланды. Курултайга өлкөнүн аймактарынан 195 делегат катышты. Муфтийди шайлоо боюнча добуш берүүдө алардын бири гана каршы чыгып, калганы «макул» добушун беришти. Белгилей кетсек, Максатбек ажы Токтомушев муфтийликке жалгыз талапкер болгон.
Мындан сырткары курултайда Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын жобосуна өзгөртүүлөр киргизилип, жаңы жобого ылайык, муфтий 3 жылга шайланмакчы болуп, «уламалар» деген сөз «аалымдар» деген сөзгө өзгөртүлдү. Ал эми Аалымдар кеңешинин төрагасы кызматына Абдышүкүр ажы Нарматов шайланды.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg