3-март күнү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында ок атышуу катталып, анда шаардык кеңештин депутаты Алтынбек Коёналиев баш болуп 7 адам жабыр тартты. Ысык-Көл облустук ИИБи билдиргендей, 2-март күнү ок атышуунун катышуучуларынын бири Азамат аттуу жаран агасын таксист катары жумушка орноштурууну көздөп автобекетте иштеген Адилет деген жаранга кайрылган. Ал Азаматтын агасын бригадага киргизүү үчүн 20 миң сом сураган. 3-мартта, эки тараптын жолугушуусу учурунда алардын ортосунда паранын суммасына байланыштуу пикир келишпестиктер жаралып, ал атышууга чейин жеткен.
Окуядан улам кылмышка шектүү 4 адам кармалып, алардын жанынан тапанча менен мылтык алынган. Атышуунун жыйынтыгында окуяга катыштыгы бар 6 адам октон, бычактан жаракат алып, алардын бири оор абалда шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Атышуунун бир тарабы Водолаз деген лакап аттуу Максат Абакировдун тобуна таандык, атүгүл жаракат алгандардын бири М.Абакировдун бир тууганы деп жатышат.
Учурда бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «мыйзамсыз курал-жарак алып жүрүү» жана «бейбаштык» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.
Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg