БИР БҮРКҮМ КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫ АЧЫЛАБЫ?

  • Индиядагы мектептердин бирине залкар жазуучу ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ысымы берилди.
  • Республикадагы тез жардам көрсөтүүчү медициналык уюмдарга мамлекет тарабынан 85 «ТЕЗ ЖАРДАМ» УНААЛАРЫ тапшырылды.
  • «Ата Мекен» фракциясы 28-февралдагы жыйынында Баткен облусу боюнча өкмөттүн өкүлүнө МИНИСТР СТАТУСУН берүүнү сунуштады.
  • Жалал-Абад облусундагы өкмөттүн өкүлү Жусубали Төрөмаматов башка ишке которулганына байланыштуу аталган кызмат ордуна ЖУСУПЖАН ЖЭЭНБЕКОВ дайындалды.
  • «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «коррупция» беренелери боюнча айыпталып жаткан ЖКнын депутаты АХМАТБЕК КЕЛДИБЕКОВ ооруканадан УКМКнын аскердик-медициналык жайына которулду.
  • БШК Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалганына байланыштуу анын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. «Республика» партиясынын тизмеси боюнча К.Исаевдин ордуна АЛИШЕР АБДРАХМАНОВ депутат болуп келди.
  • 4-мартта «Түрксой» уюмунун башчысы Дюсен Касеинов Түркияда ТОКТОГУЛ САТЫЛГАНОВ атындагы медаль негизделгенин билдирди.
  • Эмгек миграциясы боюнча өткөрүлгөн тегерек столдо 2013-жылы Орусияда мыйзамсыз иштеп жүргөн 3 МИҢДЕЙ МИГРАНТ Кыргызстанга депортацияланганы айтылды.
  • Ички иштер министри Абдылда Суранчиев коомдук тартипти сактоо максатында Бишкек, Ош шаарларында «АТАЙЫН ДАЙЫНДООДОГУ ПОЛК» патрулдук-күзөт кызматы иш жүргүзүп баштаганын билдирди.
  • Вице-премьер Токон Мамытов өкмөт жакын арада КЫРГЫЗ-ТАЖИК чек арасындагы көзөмөлдөп өткөрүүчү пунктту ачуу маселесин караарын маалымдады.
  • Алдамчылык аракеттерден коргонуу максатында 8-марттан баштап SIM-КАРТАЛАР паспорт менен гана сатылып баштайт.
  • «Коррупция», «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «мамлекетке чыккынчылык кылуу» беренелери боюнча КЫЛМЫШ ЖООБУНА тартуу мөөнөтүн алып салчу мыйзам долбоорун ЖКнын депутаттары 3-окууда кабыл алышты.

Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
upol92
2014-03-10 09:29:18
Индияда Чынгыз Айтматов мектеби кандай жакшы.
+1
alatookg312
2014-03-10 11:48:42
Жол бутмойунчо чек араны ачпаш керек туугандар
0
samat-91
2014-03-10 17:52:57
тажик кыргыз чек арасын ачпагыла
0
ainura220888
2014-03-11 22:05:28
Сим картаны паспорт менен сатып жакшы кылыптыр. Чынгыз Айтматов атындагы мектеп индияда бул чон сыймык.
+1
№ 592, 07-март-13-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан