АТАМБАЕВ УКРАИНАГА АПРЕЛЬ ОКУЯСЫ САБАК БОЛО АЛАРЫН АЙТТЫ

Президент Алмазбек Атамбаев Украинадагы кырдаал боюнча суроолорго жооп кайтарды. Адатта, мамлекет башчы «Орусиянын сөзүн сүйлөйт, ошол жактын көзүн карайт» деген сындарга кабылып келет. Ага карабай Украинада болуп өткөн, болуп жаткан кырдаалга карай демократиялык принциптерди тутунган адам катары калыс пикирин айтты:
– Өз мезгилинде Бакиевдердин үй-бүлөлүк кандуу режиминин башкаруусунун соңунда Кыргызстан ушул өңдүү сыноолорду баштан кечирген. Реалдуу демократия жана элдик бийликти орнотуу жолунда украин элинин алдында көптөгөн кыйынчылыктар тургандыгын түшүнүп турабыз. Украиналык саясатчылар эл кызыкчылыгын эске алып, ички саясий тирешүүдөн, этностор аралык каршылашуудан алыс болууга тийиш.
Өлкөнүн эл аралык өнөктөштөрү өз ниеттеринде жана аракеттеринде ырааттуу болуп, кырдаалдан чыгууга жардам көрсөтөт деп ишенебиз. Колдоо болбосо кыйынчылыктарды жеңүү канчалык кыйын экендигин 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийинки Кыргызстандын тажрыйбасы көрсөттү. Бакиевдердин кланы тарабынан уурдалып кеткен каражаттар азыркыга чейин батыш банктарында сакталууда. Ал эми трагедиянын башкы күнөөкөрлөрү Лондондо жана Минскиде жашынып жатышат, - деди президент.

Ширин Турдакунова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
infiniti
2014-03-10 17:06:27
"Кыргызстан,Украинаны кайталашка,жол бербоо керек. Элге куйгон адамдарды бийлике алып келип,жеп-жутаарлар,мен баш болуп,кетишибиз керек!"-деп айтпапсыз да,улуу-урматтуу ажо.
+2
nurru
2014-03-17 08:53:15
infiniti, ха ха ха
0
misster88
2014-03-10 20:42:15
Бизге качан Кыргыз учун, жери учун, куйгон нормальный президент келет экен....
+2
arisim
2014-03-10 22:01:06
7 апрельдин башында бакиев эмес балким ушулар тургандыр аны ким билет бир гана кудай билет
+3
killer-star
2014-03-10 22:41:32
arisim, оа 0
0
takesha77
2014-03-11 09:28:46
Aтамбаев кетсин,кетсин эле дейсинер,бул президентти кетиребиз деп да эми бишкектин чмосун чыгаралы,анан сен тундуксун мен туштукмун деп согушалы эки экиден кырылып ошентип атып кыргыз эли калбай калат,калганыз чет олколоп ар кимдин козун карап журо беребиз да а?и так кыргыздар журушот го азыр деле орустардын ар кандай жаман создорун угуп керек болсо ошол орустардын колунан олуп да атышат.
-4
kombat
2014-03-11 17:39:09
Бул биздин аша бироого акыл айтканды коюп озунун алды артын карабайбы деймда.Украинадагы майдан ашага сабак болуш керек менимче.Олкону тобокелге салып башкарып жатат.Баарын сатып жатат,себеби олконун келечеги менен ххх ххх эле башы оорубаса)ал жагынан башы да оорубайт.
+2
info
2014-03-12 13:02:17
kombat, кимдир-бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө, анын абийирине, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Бан!
0
ainura220888
2014-03-11 21:53:55
Бака майрыгын билбей жыланды ийри дейт.
+2
kara_kulzha
2014-03-12 22:37:21
эл кандай кандай болсо, башчысы ошондой болт дейтко кыргызда озубуз онолбойлубу туугандар
+1
mmiram
2014-03-13 00:14:04
Мурдагы презденттерге караганда кудайга шугур эле иштеп атат. Озу биз вечный недовольный калкбыз да
-3
kombat
2014-03-15 15:17:27
mmiram, Эмне иш кылганын айтып берчи мисал кылып,бироону эле? Сен ошол жактан сугунуп конуп калгансын,ошондуктан жакшы иштеп жатасынар."УЯТ"!
0
madina.00
2014-03-13 02:03:09
хе-хе украинаны айтпай эле баягы эле тол созу Бакиевдерди айтыптыр го ашаке. Анын пикирин ким сурады?! Путин Украинанын тынчтыгы тууралуу Беларусьтардын жана казактардын башчылары менен кенешти го! Украинага баш аламандык уюштуруу мн АКШ жа Европа Россияга муштум корсотуп жатат даа... акыры эмне болоор экен...
+1
nazhiev80
2014-03-14 10:42:46
уят эле биз элдер ишенеберет дейт окшойт бул АША!
+1
kalbek87
2014-03-14 14:07:44
Атамбай аксакалдын баласы озуно салыштырып эле суйлосом ишене берет деп ойлойт окшойт тообо, 7-апрель эмне болгонун элдин баары эле билип бутту го эмне озгоруу болду? эми ошого окшош кун озуно дагы жакындап калды окшойт.
0
samat-91
2014-03-14 19:57:51
атамбаев кетсин
0
kombat
2014-03-15 15:19:31
samat-91,100% маакулмун!
0
meerim8793
2014-03-15 15:55:42
Ушу Атамбаев Бакиевди жамандаганын эч токтотподуда аны жамандагандан коро эл учун куйсо болмок. Керек болсо Бакиев коп жакшы иштерди кылган ага дагы убакыт бериш керек эле ушу АШАга окшогондор озулорунун кызыкчылыгы учун эл учун иштеген адамдын аркасын чукуп журот. Коробуз качанга чейин президент болот. Озу деле жерлерди сатып акчаны бир мамлекеттин банкына топтоп атса керек президент болбой калганымда иштетем деп!
0
arisbekov
2014-03-17 00:43:48
Биз кыргызсдар чукума жангакбыс отконду эмне кыласын кайра козгоп бир элге коруно турган иш жасачы болду эми бербейт батыш олкодогу банкта жаткан акчаларды токтот чукулаганды
0
admin_media
2014-03-17 10:56:49
kombat,
Биринчиден, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Экинчиден, кайра эле ошол эрежени бузгандыгыңыз үчүн БАНга!
0
№ 592, 07-март-13-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан