4-мартта «Ар-намыс» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Талантбек Узакбаев агасы, мурдагы айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаевге карата козголгон кылмыш иши боюнча коюлган айыпка макул эместигин билдирди. Башкы прокуратура 3-март күнү экс-министрге «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Иликтөөнүн версиясы боюнча, ал министр болуп турганда өзүнүн кол алдындагыларга бир тууганы С.Узакбаев жетектеген «Бапа» дыйкан чарбасын 419 миң доллардан жогору суммадагы насыя алуучуларга мыйзамсыз түрдө кошууга буйрук берген.
Эскерте кетсек, «Ар-намыстын» лидери Феликс Кулов үстүбүздөгү жылдын 17-январында фракциянын квотасынан министр болуп барган Ч.Узакбаевди «шайлоочулардын алдында берген убаданы аткарбагандыгы үчүн» отставкага кеткенин билдирген болчу.
«Кылмыш ишин козгоонун да чеги болот. Акыркы 3 күндө эле 3 тууганыма карата кылмыш иштери козголду»,- деп кошумчалады Т.Узакбаев. Депутат «кылмыш ишин козгоонун да чеги болот» дегени менен, кызмат абалынан пайдалануунун, карапайым элдин жонунан пайда көрүүнүн да чоңдор үчүн чеги болушу керектигин айтпады.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg