Өткөн жылдын күз айларында «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кош жарандыгы бар мигранттардын Кыргызстанга кайтып келгенден кийинки жашоосу үчүн шарт түзүп берүүгө багытталган мыйзам долбоорун демилгелеп чыкканын жазганбыз. Орусиядагы мекендештерибиз бул документтин кабыл алынуусун күтүп, байма-бай редакциябызга чалып жатышат. Мындан улам «ата мекенчи» депутат Бактыбек Калмаматовго кайрылдык. Ал аталган мыйзам биринчи окуудан өткөнүн айтып, «март айынын аягында мыйзам долбоорун Орусиянын Москва жана башка шаарларында талкуулоону пландап жатабыз» деди.
Мыйзамга ылайык, чет элдик жарандар айыл чарба жана өндүрүшкө багытталган жер тилкелерин менчикке ала алышпайт. Үй да сатып ала алышпайт, ал үчүн өзүнчө уруксат алышы зарыл. Башка өлкөнүн жарандыгын алган мигрант мекендештерибиз Кыргызстанга кайтып келишсе, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга орношууга укугу жок.
Аталган мыйзам долбоору кабыл алынып калса, бул чектөөлөр алынат. Демилгечилердин айтымында, бир гана коопсуздуктан улам «укук коргоо органдары менен сот системинде, саясий кызматтарда иштей албайт» деген пункт калтырылмакчы.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg