Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында борбор калаабыздагы Перинаталдык борбордо (№4-төрөт үйү) дагы бир чуулгандуу окуя катталды. Аталган мекеменин дарыгерлери жаңы төрөлгөн эркек ымыркайды чарчап калган кыз балага алмаштырып жиберишкен. Бир нерседен шекшиген ымыркайдын ата-энеси Саламаттыкты сактоо департаментине кайрылышкан. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө департаменттен келген комиссия ымыркайлардын алмашып калгандыгын аныктаган. Эркек бала бул учурда төрөтканада болгон. Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин директорунун орун басары Рахат Бейшеналиевдин айтымында, муну атайы жасалган иш деп баалап, аталган төрөткананын 3 дарыгери жана 3 акушер кызматынан алынган.
Бардык материалдар Октябрь райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилип, кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Бул окуя тууралуу кийинки саныбызда кенен маалымат беребиз.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg