Дана Абдыбекова:«АСЫЛ АППАСОВА 30 МИҢ ДОЛЛАР АЛЫП КЕЛСИН ДЕДИ. БУЛ – ФАКТ» (видеоматериал кошулду)

КТРКдагы көзү ачыктардын таймашына байланыштуу аудиожазуу пайда болуп, андагы телефондук сүйлөшүүдө таймаштын финалдык этабы тартылып бүткөнү, эми акыркы тапшырмалар калганы, ошол тапшырмаларда алдыга чыгуу үчүн 20 миң доллар же миллион сом суралып жаткандыгы түшүнүктүү болот. Сүйлөшүү катышуучулардын бири жана Дана аттуу аялдын ортосунда жүргөн. Аудиожазуудан коомчулук кабар тапкандын эртеси эле сүйлөшүүнүн каармандарынын бири таймашка катышып жаткан Индира Исманкулова, экинчиси көрсөтүүнүн менеджери Дана Абдыбекова экени белгилүү болду.

Индира Исманкулова редакциябызга келип, аудиожазуу монтаж эместигин, алар пара талап кылган соң укук коргоо органдарында иштегендер, юристтер менен кеңешип сүйлөшүүнү жаздырып алганын баяндап берген эле.
Баян гезит бетине жарык көргөн соң редакциябызга Дана Абдыбекова байланышка чыгып, чуулгандуу окуя боюнча өзүнүн чындыгын айтууга бел байлаганын билдирди.
Сүйлөшүү үчүн ооруканага бардык. Анткени каарманыбыз Дана Абдыбекова учурда ооруканада дарыланып жаткан чагы. Айтымында, ысымы коомчулуктун талкуусуна түшкөнү абдан катуу таасир этип, алгач Улуттук кардиологиялык борборго, андан соң ушул ооруканага кайрылууга аргасыз болгон.
«Ушул абалга алып келгенине дагы Кудайга миң мертебе ыраазымын. Анткени мен өзүмдүн жазамды көрүп жатам...» Анын жолугушканыбыздагы алгачкы эле сөзү ушул болуп, көз жашы жүзүн жууп жатты.
«Мен бул окуядан ушуну түшүндүм, адамга бир туугандары жана эне-атасы гана чын дилден күйөт экен. Дос, жакын санаалаш деген жок экен, жаныңда жүргөндөр душман экен. КТРКда башка студияларда иштегендер, алып баруучулар, режиссёрлор, продюсерлер келип ал-абалымды сурап жатышат, ал эми биздикилерден (ред. «Аалам сырлары» берүүсүнүн уюштуруучулары) бирөө да сурап коюшкан жок. «Мен өлүп калсам чоң той берет окшойсуңар» деп кат жаздым» деп 10 күндөн бери ооруканалап жүргөнүн, УКМК менен прокуратурадан чалып жатышканын, ал эми чогуу иштешип-чайлашып келген адамдар «кандайсың?» деп абалын суроого жарабагандарын айтып кейиди.
Учурда сөз болуп жаткан сүйлөшүү чын эле болду беле же уюштуруучулар жоромолдоп жаткандай ал монтаждалганбы? Пара талап кылуу кантип орун алган? Дана айымга бере турган суроолорубуз көп болчу. «Асыл Аппасова айтты мага, 30 миң доллар алып келсин деп, бул – факт. «Асыл эже, бул суммаңыз өтө эле чоң эмеспи» дедим. Мени ортодо көзү ачык менен Асыл Аппасова колдонуп коюшту. Индира менин артымдан тигилерден өч алды. Булар акчаны колдоруна алышат беле, жокпу, билбейм, мен деле көк мээ эмесмин да?! Акчаны колума алмак эмесмин да! «Бар, өзүнө алып барып бер» демекмин. Ушул жерден мени колдонуп кетишти»,- дейт ал.
Маектешибиздин айтымында, пара талап кылуу эмес, тескерисинче, пара сунуштоо болгон: «Индира чалды, экөөбүз «Тюбетейкага» бардык. Ошо жерден эле «өмүр бою кулуң болуп берейин, Даночка, тагдырым сенин колуңда, мен картаны ачтым, сенден башка киши мага жардам бере албайт» деп калчылдай баштады. Ошентип боорукерлигимден кармады да, мени пайдаланып, бүткүл Кыргызстанга шерменде кылып, акча талап кылгыч катары чыгарып койду...»
Көз жаш менен коштолгон сүйлөшүүдө дагы бир жагдай тууралуу сөз болду. Каарманыбыздын айтымында, аудиожазуу чыгардан мурун «Аалам сырларында» көрсөтүүнүн редактору Айбек Акматов менен катышуучулардын айрымдары аралашкан былык иштер билинип калган. Алардын катарында Индира Исманкулова да болгон. Бирок режиссёр Асыл Аппасова жетекчилигине да, коомчулукка да ал окуянын айтылышын каалабай, жашырып койгон. «Биринчи күнү жолугуп Индираны издегенде эле айткам, «Асыл эже, чындыгын айталы, Акматовду эмнеге жашырып жатасыңар, айткыла» дегем...»- дейт Дана Абдыбекова.
КТРКнын Байкоочу кеңеши бул маселени өз жыйынында караганда Асыл Аппасовага да, Назира Айтбековага да «Эгер эч кимден акча талап кылбаган болсоңор, «акча сурап жатат» деп атыңарга көө жапса, анда Дана Абдыбекованы эмнеге эмдигиче сотко берген жоксуңар?» деген суроо берилген эле. Мындай суроону Дана Абдыбековага да узаттык. «Беш мүнөт эмес, бир секундада мени сотко беришсе болмок да? «Аалам сырларына» эч кандай тиешем жок болсо... Болгону эки тарап тең мени пайдаланып, куурчак кылып коюшту» дейт ал.

БАЙКООЧУ КЕҢЕШТЕ СУРОО КӨП БОЛДУ
27-февраль күнү КТРКнын Байкоочу кеңеши жыйын өткөрүп, анда «Аалам сырларындагы» маселе каралды. Кеңештин мүчөлөрүнүн катарында кыргыз телевидениесинин алптары Тамара Джаманбаева, Абды Сатаров өңдүү залкар адамдар, КТРКга көп жылдык маңдай терин, өмүрүн арнаган Жеңишкүл Өзүбекова, Мыктыбек Арстанбек өңдүү мыкты телеишмерлер бар. КТРКны четтен эмес, ичтен жакшы билген бул инсандар берүүнүн уюштуруучуларына карата көптөгөн суроолорду берип жатышты, кескин сындар айтылды. Алар кызыгып, тактагысы келген суроолор коомчулукту да кызыктырары анык. Андыктан, ошол жыйындын урунттуу учурларына токтоло кетүүнү туура көрдүк.
Мисалы, Абды Сатаровдо Асыл Аппасовага карата мындай суроо болду:
«Дана Абдыбекованы директордун уруксаты жок туруп, эмне үчүн командаңа кошуп алгансың? Бул жер жеке менчик ишкана эмес да, мамлекеттик мекеме да?» Мындай суроо кеңештин мүчөлөрүнүн баарын кызыктырды, бирок түшүнүктүү жооп алынган жок.
Жыйында былтыр дагы Байкоочу кеңеште талкуу болуп, «Жаңы жылда көрсөтүлүүчү «Көгүлтүр от» берүүсүндө ырчылардан акча алышат» деген маселе каралганын, анда да Асыл Аппасова менен Дана Абдыбекованын ысымы айтылганын эске салышты.
Телеишмер, акын, драматург Жеңишкүл Өзүбекова олуттуу бир ишке элдин көңүлүн бурду: «Асыл, Дана деген аял боюнча телевидениеде өтө көп сөз болуп жатат. Ушунчалык өзүн эркин сезип, бул жерде кожоюндай иш кылат экен. Аны мен биринчи жолу угуп жаткан жокмун. Анан менин жөн гана пендечилик суроом да. Силер айтып жаткандай, эч кандай акча албаса, эч кандай кызыкчылыгы болбосо, чоп-чоң эле аял, үй-бүлөсү бар чыгар, бала-бакырасы бар чыгар, ушу менеджер деп жазылыш үчүн эле жүрдүбү силерде?». Буга Асыл Аппасова «ал суроону өзүнө бериңиз» деп кутулду.
Тамара Джаманбаева бул сыяктуу шоулор Орусияда, башка өлкөлөрдө деле болуп келе жатканын, бирок аларда мамлекеттик телеканалдан, негизги телеканалдан берилбей турганын айтты. Атүгүл Байкоочу кеңеш былтыр эле ушунчалык эл каршы болуп жаткан соң берүүнү көрсөтпөйлү деген чечимге келгенин, Оторбаевге ушундай тапшырма айтылганда ал «биринчи блогу бүтсүн, андан кийин бул берүү болбойт» дегенин эскерди.

«ФИНАЛГА ЧЫГЫП, АНАН АКЧА БЕРҮҮНҮН МАГА ЭМНЕ КЕРЕГИ БАР?»
Дана Абдыбекованын мындай билдирүүлөрүнөн улам кайрадан Индира Исманкуловага кайрылдык. Анткени жогоруда айтылгандай, «пара талап кылуу эмес, чынында пара сунуштоо болгон, өзү жалынып-жалбарып суранган» деген кеп-сөз айтылды. ИНДИРА ИСМАНКУЛОВА төмөнкүчө жооп узатты:
– Биринчи эле маалымат кеткенде алардын айткандары бүтүн калп болду. Мисалы, аудиожазууну «монтаждалган» дешкен, «атайын уюштурулган» деп да айтышкан. Дана Абдыбекова болсо «Индира менен жолуккан эмесмин, съёмка учурунда гана көргөм» деди интернет барактарындагы интервьюларында. Мунусу калп, анткени менин записимде бар. Буларга ишенсе болот эле, эгер башында калп айтышпаса.
Мен акчаны берсем жакшынакай эже-сиңди, курбу болмокпуз. Акчаны бербегендиктен жаман нерсенин баарын мага үйүп жатышат.
Дана мени менен жолуккусу келген, телефонумду сураган, анан акча сураган. Акча сурагандан кийин мен өзүм чала баштадым. Анткени мен ушундай паракор адамдардан коргонушум керек эле. Ошондуктан чөнтөк телефонума жаздырышым керек эле.
Жаздырып алынган телефондук сүйлөшүүдөн уксаңыздар керек, мен Данадан «гарантия бересиңерби?» деп сурагам. Алар мага даяр сценарий беришмек, ошол боюнча акыркы, чечүүчү тапшырма тартылмак.
Жолукканда «30 000 доллар» деген, телефондон «ладно, 20 000 доллар» деди. Мага деле чиновниктер, органдын кишилери келет, алардан эмне кылам деп кеңеш сурап жаттым.
Миллион деле бермекмин, эгер келишимде ушундай талап жазылган болсо. Мага эмне кереги бар, финалга чыгып, анан акча берүүнүн.

«ДАНА МЕНИ ТАҢ КАЛТЫРДЫ...»
Интер.кж маалымат булагына Дана Абдыбекованын билдирүүсүнөн кийин АСЫЛ АППАСОВАНЫН кыскача маеги жарыяланды. Ал кечээки «коллегасынын» айткандарына таң калганын билдирген:

– Дана Абдыбекова сизди «30 миң доллар суратканы чындык. Мени ортодо «кукла» кылып, колдонушту» деп айтып чыкты. Буга кандай жооп кайтарасыз?
– Бүгүн Дана Абдыбекованын мени шыбап чыккан видеомаегин интернет булактарынан көрүп, таң калдым. Мени «30 миң доллар сураткан» деп айтып жатат. Башында, ызы-чуу болгондун эртеси «бул монтаж, мен эч кандай акча талап кылган эмесмин» деп айтып чыккан. Жадакалса сайттардан бери «Асыл Аппасованын тиешеси жок» деп жаткан да. Эми бүгүн мени «крайняя» кылып, айыптап жатат. Мен Дананын бул жоругуна түшүнө албай турам. Үйүндө жатып айласы кетип, эми абийирим ачылды деп акырындан бир-бирден сууруп чыгып жатат го. Анан да «ал акчаны Асыл алат беле, жокпу, билбейм» дегени мени таң калтырмак түгүл, күлкүмдү келтирди.

– Айбек Акматовду коррупциялык схемага тийиштүү дегендей пикир айтты. Деги Акматовдун кандай тиешеси болушу мүмкүн эле?
– Айбектин «Жаш канат» жана «Балдардын сынагынан сынбайсыңбы?» телеберүүлөрү бар. Ал көпчүлүк учурда ошол өзүнүн долбоорлору менен алек. Акматов Жаңы жыл алдында эмгек өргүүсүнө чыккан. Ошондон бери мыйзамдуу түрдө эс алууда жүрөт.

Дана Абдыбекова:«БУЛ МОНТАЖ, ЖАЛАА ДЕП АЙТ ДЕШКЕН»
Асыл Аппасованын «башында монтаж деген эле, эми абийирим ачылып калды деп мага жалаа жаба баштаптырбы... күлкүмдү келтирди» деген маанидеги билдирүүсүнөн соң биз кайрадан ДАНА АБДЫБЕКОВАГА кайрылууну чечтик.
– Чогуу жүргөндөн кийин адам катары аягына чейин чогуу болобуз деп ойлогом. Бул чуу башталгандан бери 10-15 күн өттү да, ошондон бери күттүм буларды. Эгер Индира да бул маекти угуп, окуп жаткан болсо суранат элем, ачыгын эле айтыңыз деп. Бул жерде адамдын өмүрүнө шек келтирип жатышат. Мен, мисалы, күнөөмдү мойнума алып жатам да? Ооба, барып жолукканым чын, Индира менен сүйлөшкөнүм чын, почтальон болгонум да чын, ошол эле Индиранын өтүнүчү менен.
Аудиожазуу чыккан соң Индираны издеп баштаганыбызда эле «бул монтаж деп айт» дешкен. Мен оор акыбалда жатканымда Назира Айтбекова үйүмө келип, жанымда күбөлөр да бар болчу, эжем менен курбу кызым мени карап жатышкан эле, ошолордун көзүнчө телефондорун өчүрүп, ары жакка коюп, ноутбугун алып, «Айбекти билбейсиз, мунун баары монтаж, мунун баары жалаа деп айтасыз» деп мага жазган. Мен Айтбекованы кууп чыккам үйдөн, «көзүмө көрүнбөй жоголчу» деп.
Эми деле Айбек Акматовго байланыштуу ишти жаап-жашырып жаткандарына караганда, демек, мен билбеген бирдеме бар.
Мына, азыр силерге сүйлөп берип жатам, менин үнүмдү салыштырып көргүлө. Аферисттенип «бул менин үнүм эмес» дегенге бетим чыдабайт. Бул жомок эмес да, бул жерде чоң иш болуп жатат.
Ар бир үйдө үй-бүлөлүк сот бар. Биздин үйдө атам сот. Ал киши келип айтты. «Кызым, чындыгын айтасың. Кыңыр иш кырк жылда билинет, сен менин атымды уятка калтырдың» деди.
Пендечиликте чогуу басып, чогуу жүргөн соң саткын болгум келген эмес. Ошон үчүн бул кырдаалдан бирдеме болуп чыгып кетербиз деп ойлогом. Бирок Асыл Аппасова акыр түбү келип мага гана шылтоолоп коюптур, анткени сүйлөшүүдө менин үнүм жазылган. «Я в шоке, я первый раз слышу...» Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт да? Макул, өзүм эле барып, Индирадан пара талап кылып, «сени финалга чыгарам» деген күндө да, мен Асыл Аппасовасыз эч нерсени чече албайт болчумун. Бул келесоого деле түшүнүктүү. «Мен акмын» деп эле көкүрөктү чаба берсек, ар бирибизге жарашат. «Монтаж, монтаж» деп ушу күнгө чейин айта берсем мага деле жарашмак. Бирок бул ооруканага деле Кудай мени жазалап жаткырып койду да?
Индира мындай жол менен өзүн тазалап жатат. Ал буга чейин Айбек Акматовдун «подсказкасы» менен чыгып келгенин мойнуна албайт. Эртең Айбек пайда болсо ал деле мойнуна албайт. Бул жерде «крайняя» эле мен болуп калып жатам.
«Бул монтаж» деп айтабыз, ошентип бул кырдаалдан чыгып кетебиз» деген ойлору болгон булардын. Силер эмне деген жооп күтүп жатасыңар Асыл Аппасовадан, «ооба, мен алган болчумун, байкуш Дана айыгып кетсин же эртең майып болуп калсын» деппи? Это нормальная реакция. Ошондой эле жооп келет, и до конца ошондой позицияда турат ал адам. Кечээ Байкоочу кеңештен Мыктыбек Арстанбек келип кетти. Ал да таң калды «ушунча чогуу жүрүптүрсүңөр, Дана, мен Асылдан сурадым, «эмнеге анан Абдыбекованы сотко берген жоксуңар?» деп. Жооп бере албай койду» деди. Окуянын эртеси эле күнү сотко беришсе болмок да мени, эгер жалаа жаап жаткан болсом? Өзүңөр деле логикага салып ойлонуп көрсөңөр, мен Индирадан 30 миң долларды сураган күндө дагы ал акчаны көтөрүп алып кимге барат элем?
Мен аягына чейин болгонун болгондой айта берем. Азыр эми булар Акматовду катат, аягына чейин. Себеби факт бар, аны Асыл Аппасова билет. Эгер бул окуя ачыкка чыкса, бардыгы тең былгып чыгат да. Ошон үчүн булар аягына чейин жаап-жашырышат.

Берүүнүн жетекчилиги жиптин учугу Айбек Акматовго барып такалышын каалабай жатат. Бул жигит кандай сырды билет?

«Назира «Айбекти билбейсиз, мунун баары монтаж, жалаа деп айтасыз» деп жазды».

Окуяга байланыштуу бир нече тараптын пикирлерин угуп көрдүк. Берүүнүн режиссёру менен алып баруучусу чуулгандуу бул окуяга Айбек Акматовдун ысымынын аралашып калуусун каалабай жатышат. Анын дайыны жок кеткени да шектенүүнү күчөтөт. Ушуларга карап бизде эки версия пайда болду.

1-версия: Айбек Акматов берүүнүн жетекчилигинин жашыруун тапшырмасы менен катышуучулардын айрымдарына кандай тапшырмалар болорун айтып келген. Ал үчүн катышуучулардын арасынан чоң акча берүүгө мүмкүнчүлүгү бар адам тандалып алынган. Бир күнү Айбек Акматов атайы кармалып калат. Башкача айтканда, Айбек Акматов айыбы ачылган адамдын ролун ойноп берет. Андан соң «Айбектин жардамын пайдаланып жүрүптүрсүң, эми сени шерменде кылабыз» деген психологиялык басым менен катышуучуну «финалыңдын да кереги жок, мени элге уят кылба» деп акча сунуштоого түртүшөт. Мындай «гениалдуу» сценарий боюнча башкалар айыбы ачылып калбас үчүн үн катпай отуруп калышат, ал эми «керектүү» адам жеңүүчү болуп чыга келет. Бул версия боюнча Айбек Акматов өзүнүн ролун ийгиликтүү аткарган соң жоголуп кеткен.

2-версия: Айбек Акматов берүүнүн катышуучуларына кандай тапшырмалар болорун акырын айтып коюп жүрүп, аягында кармалып калган. Бирок ал берүүдөгү элге айтылбаган бир топ сырларды билет. Эгер анын бетин ачып коюшса, Айбек унчукпай калбайт. Ошондуктан анын дайынсыз кетиши уюштуруучуларга ыңгайлуу.

Маек берип жатып Дана айым «бекеринен ушул ооруканага жатып калган жокмун. Ушундай абалга алып келип, жазалап жатканы үчүн Жаратканга ыраазымын» деди. Болуп жаткан иш баланын оюну эмес. Анын үстүнө кеп болуп жаткан адамдардын дээрлик баары жаш балалуу энелер, аялзаты. Коомчулуктун талкуусуна түшүп калуу эч бир пендеге оңойго турбайт. Эгер билип-билбей күнөө кылышкан болсо, алар жазасын алышты. Дана айымдын ыйын көрүп туруп ушундай ой жаралбай койбойт.Буга чейин чуулгандуу окуяда эки тарап: Индира Исманкулова жана көрсөтүүнүн уюштуруучу тобу болуп келсе, эми берүүнүн редактору Айбек Акматовдун ысымы аралашкан шектүү жагдай билинди. Албетте, бул иште мындан башка версиялар да болушу мүмкүн. Тилекке каршы, бул жигит менен учурда байланыша албай жатабыз. Ал эмнени айтат? Анын оюн-пикирин да окурмандын назарына алып чыгууга аракет кылабыз. «Супер-Инфо» иликтөөсүн улантат.

Айбек Нурадилов
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Дана Абдыбекова: «Кудай мени жазалап ооруканага жаткырып койду»
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (104)
NuRt1
2014-03-14 09:26:42
Админ аудиожазууну кайдан уксак болот?
0
admin_media
2014-03-14 09:50:49
NuRt1,
Саламатсызбы! http://www.super.kg/kabar/news/51699/ ушул шилтеме менен кириңиз.
0
best-life
2014-03-14 10:45:37
Индира мн Супер Инфо булардын "культурный каракчылыгын" ачыкка чыгарбаганда дагы канчасынын канын сорушмак... Кеп тиги ТВнин башчысындаа-а-а,ошол жактан программанын эфирге чыгышы же чыкпашы чечилет.Эхх,бул шермендечилик ачыкка чыкпаганда азыр Асыл эжекебиз шайкалары мн олжого карк болуп олтурат эле да ээ)))Бала-чакаларын арам акча мн баккандан уялышпайбы,кандай немелер эле.калп,арам иш,кылмыш деги айтор кыныр иш кырк жылда деген ак соз да.
+2
aiba_00
2014-03-14 14:10:16
30 000 $ кантип коркпойт ушунча чон акчаны сураштан
+2
vera23
2014-03-14 23:52:58
Мына сага корупция,мына ушул аялдарга ишене берчу емес елем.асыл апасова мирбек иманбековдуда аябай еле колдонду уялсанар болмок чон еле аялдар."я вообще в шоке".
+1
rentgenolog
2014-03-15 09:22:14
Кандай гана акмакчылык!
+1
muslim_07
2014-03-15 10:35:48
Балык башынан сасыйт! Деген соз бекеринен айтылган эмесда! Аалам сырларын уюштургандардын башынан сасыганда озу! Кандай гана окуя болсо Кыргызстанда келип келип акыркы адамдар зыян тартат! Башындагы адамдар суудан курук чыгып кетишет ар дайым ошондой эле болуп келип жататко!
0
sumaya90
2014-03-15 11:25:26
Кайсы бирине ишеништи деле билбейсин.корупциясыз жашоо жок болуп калды каерге барба акча акча акча.
0
leben
2014-03-15 13:34:53
1-сезондогу Кубаныч байке жонундо жазгылачы супер инфо. Эмнеге ал жонундо соз болбой жатат
+1
ayaza
2014-03-15 19:35:45
Назира Айтбекова камалып,жазасын алсын.
+1
Sultanim
2014-03-16 23:07:59
Аппасова озу башында эле Иманбеков мн чыр чыкканда эле жакпай калган.М.Иманбековду да аябай гезиттерде адепсиз жамандап чыкпады беле,..
0
Sultanim
2014-03-16 23:14:10
Эгер Дананын айткандары жалган блгондо тигилер унчукпай калсын...ажылдап жетип келишмек да, молчание знак согласия.
0
Pearl.06
2014-03-17 10:40:41
Назира Москвага качан аттанасың, жолуң байсалдуу болсун.
0
admin_media
2014-03-17 10:43:09
tazabek56,
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазып, кимдир-бирөөнү мазактоого тыюу салынат! 10 күн банга!
0
bulochka
2014-03-18 10:15:41
Булар чынында чегинен чыгып кетишкен. Уят сыйды жыйыштыргандардын аягы ушундай болот. уят эле
0
Aike0909
2014-04-02 01:38:55
булардын аягына чыктыбы тынчып эле калды эмне болду супер инфо жооп берип койгулачы
+1
№ 592, 07-март-13-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан