«Анын арабасы бар» деген ыр саптары дагы деле көпчүлүктүн эсинде болсо керек. Бул ырды бир кезде «Жаныш-Байыш» тобу түрктөрдөн кыргызча которуп ырдашкан эле. Андан бери 20 жыл өттү. Үй-бүлөлүү болгон соң ал топтогу ага-ини Байыш жана Жаныш Момуновдор «турмуш менен алышып отуруп кантип иштешпей калганыбызды өзүбүз да билбейбиз» дешет. Бир туугандардын улуусу Байыш «Кантсе да журтка «Жаныш-Байыш» тобу деп таанылганбыз. Кайра биригели, жаңы ырларды жаздыралы, альбом чыгаралы дедим» деп билдирди. Азыркы тапта ага-ини жаңы ырларды жаздырып, эски хиттери менен аралаштырып альбом жаздыруунун астында турушат.